“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Парламент бүгүн Сооронбай Жээнбековдун программасын угуп, аны өкмөт башчылыкка шайлады. Ал эми спикерликке күрөш эки гана талапкердин ортосунда болору айтылууда.
КСДП, “Кыргызстан”, "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары премьер-министрликке көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдошту.
Казакстан менен Кытайдын чек арасындагы "Хоргос" базарына Кыргызстандан да соодагерлер каттап, товар ташып жатышат.
“Ата Мекен” партиясынын лидери, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев апрель окуясынын алты жылдыгын утурлап, “Убактылуу өкмөт” деген китеп жазды.
6-апрелде “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Апрель элдик революциясынын алты жылдыгына арнап чыгарган “Убактылуу өкмөт” аттуу китебинин бет ачары өттү.
Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген пансионаттарды Кыргызстандын менчигине өткөрүп алуу тууралуу өкмөттүн токтому талкууга түштү.
Бүгүн экономика министри Арзыбек Кожошев Бишкектеги маалымат жыйынында Өзбекстандын пайдалануусундагы төрт пансионаттын мамлекет карамагына өтүшү боюнча түшүндүрмө берди.
Жыл сайын жазгы айдоо иштери кызуу жүрүп жаткан кезде дыйкандар техниканын тартыштыгына даттанышчу. Эми көчмө МТСтер уюштурулуп, жерди убагынан кечиктирбей айдап, үрөндү мезгилинде себүүгө мүмкүнчүлүк көбөйдү. "Азаттык" Чүй районундагы дыйкандардан кабар алды.
Жогорку Кеңеште кыздарды эрте күйөөгө берүүнү ооздуктоо үчүн мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө нике кыюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, талкууланып жатат.
Улуттук банк доллар сатып алууну улантууда. Анын маалыматы боюнча, март айында 52 миллион доллар сатылып алынды.
"Эл үнү" оппозициялык кыймылы Ош шаарында 24-мартка белгиленип жаткан нааразылык акциясын белгисиз мөөнөткө жылдырды.
Финансы министрлиги суу алдында сүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар бассейн кызматына жарыялаган тендерди кайра кайтарып алды.
Түзүлгөнүнө бир жылдан ашкан Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 1 млн. доллардан ашуун акчаны жалаң айлык акыга короткон. Ал эми бул аралыкта 500 млн. доллар уставдык капиталдын 40 млн. доллары гана ишкерликти өнүктүрүүгө берилген.
Парламент депутаттарынын мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө нике кыюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун муфтият да колдоого алууда.
Евробиримдик жана Чехия Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасынын бекемделишине жардам берет. Бул тууралуу Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек билдирди.
Кыргызстанда бат түшүм берүүчү жапыз бойлуу жемиш бактарына кызыгуу артууда. Ушул тапта өлкөнүн түштүгүндө да, түндүгүндө да мындай жемиш бактарын кездештирүүгө болот.
Сот тармагын реформалоо кеңеши сотторду тандоонун талаптарын өзгөртүп, Жогорку Соттун пленумун жандандырууну, сот калыстарынын санын азайтууну сунуштоодо.
Кыргызстандык ишкерлер Кытайга инвестиция салып, ал жакта ишкерлик кылууга кызыгып жатышат. Алардын арасында фабрика кургандар, кайра иштетүү жана тигүү өнөр жайында иштеген ишкерлер бар.
Депутат кезинде парламентте айткан сөзү үчүн Ирина Карамушкина сот аркылуу акчалай айыпка жыгылды. Ушундай эле негиз менен учурда бир нече экс-депутат айым соттошуп жүрөт.
Дагы жүктөңүз