“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Ал арада парламенттик башкаруу формасын сактап калууну көздөгөн «Парламентаризм» кыймылы түзүлдү.
27-декабрда журналист Бейшенбек Бекешов 61 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Замандаштары анын чыгармачылыгынын оош-кыйыш жактарын талдап, коомдук турмушка кайдыгер болбогон жигердүү жарандык турумун эскеришет.
9-декабрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Саясатчы Абдыганы Эркебаев конституциялык мыйзамдар сакталбай кабыл алынган мыйзамдын келечеги болбойт деп эсептейт.
Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө Кыргызстан - 2020» XIV эл аралык фестивалында дүйнөнүн он чакты өлкөсүнөн экологиясы бузулган, таза суусуз оор аймактарды, аялдардын, балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун чагылдырган 15 даректүү тасма көрсөтүлөт.
Медиа коомчулук менен парламентке бараткан партиялар сөз эркиндиги боюнча меморандумга кол коюшту.
Кыргызстан БУУнун Адам укуктарын коргоо кеңеши менен Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болгусу келет.
23-сентябрда сталиндик репрессиянын Кыргызстандагы жана башка советтик өлкөлөрдөгү кылмыштарын изилдеп, ачыкка чыгарган журналист жана сынчы Регина Хелимскаяны эскерген иш-чара өттү. Регина Хелимская 2020-жылдын 1-сентябрь күнү, 73 жаш курагында Бишкекте дүйнөдөн кайткан.
Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт аралык комиссиясынын 22-жыйыны өттү.
«Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрүнүн чатагын милиция иликтеп жатат.
Эксперттер бул үчүн кимдир-бирөө жазаланарынан күмөн санап жатышат.
Пандемия шартында ички-сырткы туризм басаңдап калды. Бирок жергиликтүү эл мурдагыдай эле тиричилигин улантып жатканын көрүүгө болот.
Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар ысык жакта, короосунда мөмөлүү бак-шагы, жашылча-жемиши бар үйлөрдө жашоону каалашат.
Билим берүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу айрым медициналык адистиктер боюнча бюджеттик квоталарды көбөйттү.
21-июнда коомдук ишмер Болот Шер 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумду саясатчы, коомдук ишмер Темир Сариев эскерет.
Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун коронавируска чалдыкканы 18-июнда анык болгон. Учурда стационарда дарыланып жаткан Нуракун уулу "Азаттык" радиосуна маек куруп, коомчулукту коронавируска көңүлкош мамиле кылбоого чакырды.
Дүйнөнү каптап жаткан COVID-19 вирусу өнүккөн ири державаларды ала салдырып жатат. Учурда ар бир мамлекет бул илдеттин кесепетинен экономикасын сактап калуу, элин социалдык жактан коргоп калуу үчүн түрдүү аракеттерди көрүп жатат. Коронавирус кыргыз экономикасына кандай таасир этет?
Кыргызстан Кытай, Орусия, Беларус жана башка өлкөлөрдөн коронавирусту аныктаган тест-системаларды сатып алууда.
Дагы жүктөңүз