"Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар тобу апта аягында Чехияда иш сапары менен болуп, бир катар жолугушууларды өткөрүштү.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар тобу апта аягында Чехияда иш сапары менен болуп, бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Чехиядан мурун Түркияда болгон иш сапары, Кыргызстандагы саясий жагдай туурасындагы суроолорубузга спикер Чыныбай Турсунбеков "Азаттыктын" Прагадагы
Германияда Цолманндардын үй-бүлөсү үйүр-үйүр жылкы багат. Бээ саап, кымыз ачытышат. Бээнин сүтүнөн, кымыздан бетмай, самын, шампунь өңдүү косметикалык каражаттарды өндүрүшөт.
Кыргызстандан келген ишкерлер Чехиянын Высочина крайындагы уй фермасына, сүттү кайра иштеткен заводго барышты.
Кичи жана орто өндүрүшү, индустриясы менен алдыга кеткен Чехиядан Кыргызстан эмне ала алат?
Франциянын ички саясий багытын өзгөртүүгө бел байлаган Эммануэл Макрон. Евробиримдиктин келечегенен үмүт жандырган француз президентинин алдында кандай милдеттер турат? Сирия боюнча жаңы план. "Коопсуздук зоналары” согуштун азабын чеккен өлкөгө тынчтык алып келеби?
Бир эле маалда үч эл аралык уюм дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин абалы кескин начарлаганын билдирип чыгышты.
Түйшөлткөн Түндүк Корея, Корей жарым аралындагы азыркы чыңалуунун мурдагылардан кандай айырмасы бар?
Түркия президенттик башкарууну тандады. Бирок эл добушунун дээрлик тең бөлүнүп калышы эмнени билдирет? Ооганстан АКШдан кандай жаңы стратегияны күтүүдө, кырдаалга Орусиянын да ыктымал кийлигишүүсүнө расмий Кабул кандай карайт?
Батыш - Орусия мамилесин кайрадан чыңалткан Сирия, химиялык чабуул деп айтылган соңку окуя жаңы араздашууларды жаратты. Швеция баш калаасындагы теракт үчүн Өзбекстандын жараны шектелип жатат, Санкт-Петербург метросундагы жардыруу үчүн теги кыргызстандык мигрант айыпталды. Борбор Азиядагы жаштардын р
Арменияда парламенттик шайлоо өттү. Анын мааниси кандай, эмне үчүн Армениядагы саясий процесстерди Кыргызстандыкы менен салыштырышат?
Орусиядагы антикоррупциялык демонстрациялар саясий кризистин белгисиби же Путиндин оппонентинин азгырыгыбы?
Крым аннексиясына үч жыл. Орусия Украинадан тартып алган бул жарым аралда эмне өзгөрүү бар? Андагы орус бийлигин колдобогондордун тагдырлары не болду? Вашингтон менен Бээжин ортосунда жаңы диалог башталды. АКШ-Кытай эми атаандашабы же кызматташабы?
Азыркы заманда кургак учук оорусун 100 пайыз айыктырса болот. Болгону аны жугузуп алган адам өз убагында жана туура дарыланышы зарыл. "Биз жана дүйнө" берүүсүнүн бул чыгарылышында кургак учукту дарылоо Чехияда жана Кыргызстанда кантип жүргүзүлөрүн айтып беребиз.
Румыниядагы антикоррупциялык демонстрациялар саясий кризиске алып келди. Евробиримдикке кирген өлкөдө эл эмнеге нааразы? Түркмөн президенти рекорддук көрсөткүч менен кайра шайланды.
Ооганстанда куралдуу кагылышуулардан өлгөн адамдардын саны көбөйдү. Лукашенко Орусияга таарынды. Беларус Евразия экономикалык биримдигинен кандай пайда-зыян көрүп жатат? Кыргызстан Беларустай болуп биримдиктеги өз кызыкчылыктарын коргой алабы?
АКШ президенти Дональд Трамп убадаларын ишке ашырууда. Бул Кошмо Штаттардын өзүнө эле эмес дүйнөдөгү бир топ өлкөлөргө түздөн түз таасир эте баштады.
Апта башында отуздан ашуун мекендешибиздин өмүрүн алган авиакырсыктын сабактары кайсылар? Кландар ортосундагы тирешүү Казакстанда канчалык күчтүү?
АКШ Орусиянын хакерлик маселеси боюнча тиреши күчөп барат. Аягы не болот? Трамп менен Путинди жоолаштырбайбы? 2. Туркиядагы терактта Борбор Азиянын аты көп аталууда. Бул эмнеден кабар берет?
Бул берүүдө Борбор Азияда 2016-жылы болуп өткөн орчундуу окуяларга жана келаткан жылда эмне күтүлөрүнө кенен токтолобуз. Быйылкы өзгөрүү, жаңылануу, кайсы жаатта артка же алдыга кеткенибизди талкуулайбыз.
Дагы жүктөңүз