"Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда автоунааны сел агызып, бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт болду. Алардын экөө балдар. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.
Газада согуш уланууда. Ал-Магази качкындар лагеринде ондогон жайкын тургун набыт болгону кабарланды. Кыргызстанда сасык тумоо жайылып, вирус жуккандардын саны 16 миңге жетип, тогуз бейтаптан коронавирус табылды. Баткенде жашы жете электерге нике кыйган молдолорго милиция териштирүү баштады.
Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында Жалал-Абад, Ош облусундагы жабылган мечит-медреселерге байланыштуу маселе көтөрүлдү.
Израилдин бийлиги ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда кол салган шаарларга көзөмөлүн орнотконун билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңеши 9-октябрга караган түнү чукул жыйынга чогулуп, ХАМАСтын Израилге кол салышын бир добуштан айыптады. Жалпы билдирүү кабыл алынган жок.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев "Азаттыкка" маек куруп (23-августта алынган), эгемендик жылдардагы жетишкендик жана кемчиликтер, учурдагы саясий абал, сөз эркиндиги ж.б. боюнча ой бөлүштү. Бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, Кемпир-Абад боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырды.
Ысык-Көлдө эс алып жүрүп каза тапкан жигиттин ишин президент жеке көзөмөлүнө алды. Маркумдун туугандары ал киши колдуу болгонун айтып, акыйкат тергөөнү талап кылууда. Украинага жасалган соңку чабуулдардан бир аял мерт кетип, дагы бир нече жай тургун жарат алды.
Бишкекте биринчи ачылган казино экс-депутат Арзыбек Буркановдун баласыныкы экени белгилүү болду. Украин президенти Зеленский армиясы фронтто алдыга жылганын жарыялады. Орусияда "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожинге козголгон кылмыш иши токтотулду.
Парламенттин күн тартибинен “чет өлкөлүк өкүл” тууралуу талаштуу мыйзам долбоору алды. 24 сааттын ичинде Кремлге сес көрсөтүп, коркунуч жараткан «Вагнердин» башчысы Евгений Пригожин азыр кайда экени белгисиз. Бельгиянын банкы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун активдерин камакка алды.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев «Азаттык» радиосунун жабылышына, "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамга каршы экенин "Азаттыкка" берген эксклюзивдүү интервьюсунда айтты.
Башкы прокуратура оппозициячыл депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат сурады. Мадумаровго төрт берене менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Мындай жол менен бийликтин башкы оппонентине айланган саясатчыны жоопкерчиликке тартуу маселеси кайрадан парламенттин колунда турат.
Ички иштер министрлигин реформалоо тууралуу көп айтылат жана кыргыз милициясына коомчулуктун сыны да көп. Кыргызстанга кандай милиция керек? Талкууга Жогорку Кеңештин экс-депутаты Туратбек Мадылбеков жана Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов катышты.
Манасчы Дөөлөт Сыдыковго бийликтен тараптан эч кандай басым болгон эмес. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар иштери министри Азамат Жаманкулов «Азаттыкка» маегинде билдирди. Анын айтымында, манасчы түшүнбөстүктөн улам эмоционалдуу чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кыргызстан Кумтөрдү алган соң кенде коррупциялык схемаларга жол бербөө үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» маегинде билдирди. Ал Кумтөр боюнча келишим, экономикадагы абал, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге көрүлчү чара
Казакстандагы окуялар өнүгүүдө. Президент Касым-Жомарт Токаев жаңы өкмөттү курады жана ЖККУнун аскерлери эки-үч күн аралыгында чыгарыла баштарын билдирди.
БШК парламенттик шайлоодогу добуштарды кол менен санап бүттү. Азырынча алдын-ала кийинки парламент алты партиянын 54 өкүлдөрү жана бир мандаттуу округдардан шайланган 36 депутаттан турган жатат. Бул курамдагы парламент кандай болот?
Парламенттик шайлоого бир 10 күндөй убакыт калды. Учурда үгүт өнөктүгү активдүү жүрүп жатат. Жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамдарына ылайык өтүп жаткан шайлоодон соң кандай парламент келет деген суроо кызыгуу талкууда.
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Роза Корчубекова болду.
Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат. Жогорку Кеңешке депутат болууну каалагандардан арызды кабыл алуу токтоду. Былтыр шайлоодогу чырдан соң бийлик алмашкан Кыргызстанда бул жолу саясий өнөктүккө даярдык кандай?
Кыргызстанда кайрадан өкмөт алмашты. Министрлер кабинети жана президенттик аппараттын жетекчилигине Акылбек Жапаров келип, амбициялуу планын жарыялады.
Кыргызстанда октябрь окуяларына бир жыл болду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы онунчу ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты.
Дагы жүктөңүз