"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Оштун Ноокат районундагы Ак-Булак айылынын тургундары эки чакырымдай жолду өздөрү эле асфальттап алды. Жолду оңдоого кеткен 11 миллион чыгымдын көпчүлүгүн Ак-Булактын миграцияда жүргөн балдары көтөргөн.
Ошто алты ай мурун мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталып, оор абалда ооруканага түшкөн 37 жаштагы келиндин жакындары сот чечимине нааразылык билдирүүдө. Кара-Суу райондук соту айыпталган жаранды "аффект абалында кылмышка барган" деп, эки жыл үч айга эркинен ажыраткан.
Ош облусунун Ноокат райондук Маданият үйүнүн жетекчилиги жеке жактарга сатылып кеткен 57 сотых жерин кайтаруу үчүн төрт жылдан бери соттошууда. Маданият үйүнүн айланасындагы бак-дарак кыйылып, жери четинен сатыкка кетип жатканы маалым болду.
Ноокаттын Арал айылындагы жаштар алты гектар сайды тазалап, топурак төгүп, 500 түп көчөт тигүүнүнүн аракетинде. Эки жээгин кум-таш чайпаган сай эми айыл эли үчүн сейил бакка айланат. Долбоор коомдук уюмдардын колдоосу жана жергиликтүү жаштардын күчү менен ишке ашууда.
Былтыр Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырында жараат алган мурдагы аскер кызматкери Курманбек Абдыкеримов президент Жапаровго жана УКМКнын жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Баткендеги окуяда "Достук" чек ара бекетинде Исламидин Кубанычбек уулу да сол колунан жарадар болгон.
Ош шаарында лифтке кыпчылып каза тапкан жарандын өлүмү иликтенүүдө. Бул окуя көп кабаттуу үйлөрдөгү коопсуздук, курулуштун сапаты, ага мамлекеттик көзөмөл сыяктуу көйгөйлөрдү кайра козгоду. Курулушу толук аяктабаган турак жайды пайдаланууга мындан үч жыл мурда уруксат берилгени айтылууда.
“Демилгелүү ишкер айымдар” коомдук фонду Кара-Суу районунда жана Ош шаарында үй бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен, убагында билим ала албай калган аялдардын кесип үйрөтүүчү курстарга кирип, билим алуусуна көмөктөшөт. Алардын кесипке ээ болуп, балдарын багып кетүүсүнө жол көрсөтүшөт.
Кара-Кулжа районунун 60 жаштагы тургуну Нурийла Балтаева IT курска окуп, жаңы кесипти өздөштүрдү. Ал мектепте иштеп, пенсияга чыккан соң үйдө олтуруп каражат табууну көздөп жатат. Жаштар менен жарыша программа жасоого киришкен Нурийла окуп- үйрөнүүнүн эрте-кечи жок деген көз карашта.
Жаңыдан асфальт төшөлгөн Ош-Ноокат жолу кайрадан коомдун талкуусуна түштү. Асфальттын биринчи катмары басылып бүткөндөн бир жума өтпөй жолдун айрым жерлери чөгө баштаган. Ноокат районунун тургундары жолдун сапатынан шек санап турат.
Ошто кыргыз-тажик чек арасында курман болгон аскер кызматкерлери эскерилди. Облус боюнча жалпы алты аскер кызматкери каза болгон.
Кызыл-Кыяда кутурган ит капкан сегиз адам ооруканага жаткырылды. Алардын арасында үч жашар наристе да бар. Бул окуядан соң шаарда жолбун иттер атылып, бир нече мал-жандык жок кылынды. Кутурма жуккан мал ээлери жугуштуу оорудан кооптонуп турушат.
1-сентябрда Кыргызстандын Араван району менен Өзбекстандын Мархамат районун бириктирген чек арадагы өткөрмө бекет ишке кирди. Кошуна жашаган тургундар бири-бирине ээн-эркин каттап, жашоо жанданды. Бул чек ара бекети 10 жылдай жабык турду.
Ошто 30 августа балдардын ур-токмогунан каза болгон 15 жаштагы Аскаттын өлүмүнө шек саналып беш бала кармалды. Маркумдун жакындары күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусун талап кылууда.
Ошто 23-августта 33 жаштагы келин күйөөсүнөн бычак жеп, курсактагы беш айлык баласынан айрылган. Бул окуя үй-бүлөлүк зомбулук маселесин кайрадан күн тартипке чыгарып, коомчулукта талкууларды жаратты. Жабыркаган келин жана жакындары шектүүнү катаал жазага тартууну талап кылып жатышат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 23-августта Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, убактылуу жабылганын билдирген. Жолду тазалоо иштери дагы деле бүтө элек. Көчкү түшкөн аймак кооптуу бойдон калууда.
Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу автоунаа жолдун үсүнөн өткөн суу түтүгүн сүзүп, каршы тилкеде келе жаткан жеңил машиненин үстүнө кулап, эки адам каза болду. Үч киши жабыркады, алардын экөө балдар.
Дагы жүктөңүз