"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, саламаттыгы начарлап кеткенин кабарлады. Жазаларды аткаруу кызматы муну четке кагып, анын саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирүүдө.
Жаза аткаруу кызматы 2024-жылдан бери абакта отурган акын Аскат Жетигендин саламаттыгы начарлап кеткенин четке какты. Мунун алдында акындын темир тор артынан жазган каты делген билдирүү соцтармакка жарыяланып, анда Жетиген башы көп ооруп жатканына даттанган.
Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулу өзүнө козголгон кылмыш ишин кайрадан карап чыгууну суранды. 10-июлдагы соттук жараянда активист абакта негизсиз отурганын айтып чыкты. Кудайберген уулунун ишине жакында экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин маегинен соң кайрадан көңүл буруп жатат.
Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулу өзүнө козголгон кылмыш ишин кайрадан карап чыгууну суранды. 10-июлдагы соттук жараянда активист абакта негизсиз отурганын айтты. Кудайберген уулунун ишине жакында экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин маегинен соң кайрадан көңүл бурулуп жатат.
"Манас" аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылгандан кийин атайын комиссия териштирүү иштерин жүргүзүүдө. TezJet авиакомпаниясынын негиздөөчүсү Алымбек Бактыбеков кырсыкты техникалык мүчүлүштүк катары баалады.
Бишкекте 190го жакын адам менен бараткан учактын кырсыктаганы кыргыз авиациясындагы коопсуздук маселесин көтөрдү. Окуядан улам “Манас” эл аралык аэропорту ишин убактылуу токтотконго мажбур болду. "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы кырсыктын себептерин, чоо-жайын иликтеп жатат.
Кыргызстанда такси айдоочуларына лицензия менен иштөө талабы күчүнө киргенден кийин бул кызматтын баасы жогорулады. Ушу тапта өлкө боюнча 22 миң адам такси айдоо үчүн лицензия алган. Дагы төрт миңден ашыгы күтүү режиминде турат.
Прокурорлор “75чилердин каты” боюнча айыпталып жаткан шектүүлөрдү тогуз жылдан абакка кесүүнү сурады. Айыпталып жаткан мурдагы чиновниктердин жактоочулары бул пикирге макул эмес.
Жарым миллионго жакын калк жашаган Ош шаарында таза суу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Өткөн аптада жаандан шаардын айрым жерлери эки күн суусуз калды. Шаарды жаан-чачын маалында суу менен камсыз кылууга багытталып курулган төрт суу кампасы иштебей турганы айтылды.
Кыргызстанда мындан бир ай мурун АИ-95 бензини 85 сомдон 86 сомго, АИ-92 бензини 79 сомдон 80 сомго кымбаттаса, дизелдин баасы 91-92 сом болгон. Андан бери күйүүчү майдын айрым түрлөрүнө дагы бир сомдон кошулду.
Орусияда бензин менен дизел тартыш болуп, чектөөлөр киргизилүүдө. Москванын агрессиясына кабылган Украина бир нече убакыттан бери орусиялык мунай иштеткен заводдорго соккуларын күчөткөн. Күйүүчү майдын ири бөлүгүн Орусиядан импорт кылган Кыргызстанда бул жаатта абал азыр кандай?
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов уюшкан кылмыштуу топту түзүү же анын ишине катышууга айыпталууда. Төрөкулов 2020-жылга чейин "Бир Бол" партиясынын депутаттыкка шайланган. Өткөн аптада бул партиядан ат салышып жүргөн дагы бир спортчу Замирбек Сыргабаев кармалган.
"75чилердин катына" байланыштуу соттук териштирүү кайрадан жабык өтөт. Бүгүнкү олтурумда иштеги негизги фигурунттар деп айыпталып жаткан Камчыбек Ташиев баштаган беш айыпталуучу сотто суралганы белгилүү болду. Бул иш 25-июнда кайрадан уланат.
Атайын кызматтын ишкерлерге каршы жасалып келген басымы тууралуу арыз-даттануулар Камчыбек Ташиев УКМКнын башчылыгынан кеткенде күчөдү. Жашы сексенге таяп калган Улукбек Жээналиев да 1990-жылдардын башында мүлктү жеке колдон сатып алганына карабай УКМКнын айынан мамлекетке өткөрүп бергенин айтууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бир топ адамга каршы козголгон кылмыш иши боюнча сот ачык өтө баштады. Алгачкы соттук отурум кайым айтышуу менен коштолду. Ошол эле күнү интернетте айыпталуучулардын аты аталган видео тарады.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана анын жакын тарапташы делген Нургазы Анаркуловдун сурагы делген видео соцтармактарга тарады. Белгисиз булактардан тараган бул видео “75чилердин каты” боюнча биринчи ачык сот отурумунан кийин жарыяланды.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот отуруму ачык өтө баштады. Соңку беш жылда өлкөдөгү экинчи адам катары таанылган Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы кылмыш ишиндеги фигурант катары сотко катышууда.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен бул мекеменин тергөө абагына эки айга камакка алынды. Адвокаты бөгөт чарасын өзгөртүү үчүн кийинки соттук инстанцияга арыз берилерин, айып "кастыкты козутуу" деген негизде тагылганын билдирди.
Эки айдан ашык убакыттан бери Бишкекте убактылуу кармоочу жайда жаткан Мээрим Узакбаеванын бөгөт чарасы каралып, сот анын камак мөөнөтүн 26-июлга чейин узартты. Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызын канааттандырган жок.
Дагы жүктөңүз