Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында быйылкы кургакчылыктан улам тоют жакшы болбой калып, айрым фермелер мал-жандыктарынын санын азайтып, базарга алып чыгууга аргасыз болууда. Бир таңгак чөп 450-500 сомго чейин чыкты. Ашуу ашып, бир чөлкөмдөн экинчисине чөп сатып алып кеткендер болууда.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү аймактык реформанын долбоорун даярдады.
Бишкектин четиндеги санитардык полигондо таштанды терип жан баккан ондогон үй-бүлө бар. Быйыл жазында шаар бийлиги бул аймакты ирээтке келтирүү үчүн айланасын тосуп, быкшыган өрттү өчүргөн. Мэрия аталган полигонду толугу менен жаап, жаңысын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул анын айланасындагы
Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбагына 25-ноябрда 2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн сегиз уюмдун өкүлдөрү акция өткөрүштү.
Кыргызстанда эркектер арасында аденома, тукумсуздук, рак илдетине кабылгандар көбөйүп, оору жашарып баратканын дарыгерлер эскертүүдө.
1-ноябрда Бишкектеги улуттук филармонияда таанымал акын, журналист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси өттү. Кечеде акындын жалындуу саптары, обондуу ырлары жаңырды. Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык чыгармачыл жаш муун өкүлдөрүнө тапшырылды.
Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында Жалал-Абад, Ош облусундагы жабылган мечит-медреселерге байланыштуу маселе көтөрүлдү.
Бишкекте Газа тилкесинин тургундарын колдогон экинчи акция өттү. Ага 300дөй киши катышып, тараптарды тынчтыкка чакырды. Чогулгандар Газанын тургундарына жардам берүү үчүн атайы банктык эсеп ачылганын билдиришти. Ушул эле акция 21-октябрда да өткөн.
15 жылдан бери дайынсыз болгон кыргызстандык жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан табылды. Алар коңшу өлкөдө тоодо бирөөнүн малын багып, документтери жоктугунан эч жакка чыга албай жүрө берген. Жубайларды бир туугандары издеп жүрүп тапкан.
Быйыл Кыргызстанда кургакчылыктан улам тоют тартыштыгы сезилүүдө. Муну өкмөт да белгилеп, фермерлерди малдын башын азайтууга чакырды. Таласта тоют жетиштүү болгону менен анын көбү өлкөнүн түштүгүнө сатылып, аймакта чөп кымбат болуп жатат.
4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) кармоо операциясы жүрүп жатат. “Азаттыктын” кабарчысы операция болуп жаткан “Учкун” басмаканасынын жанындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында жүрөт.
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алды. Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейро жана 2021-жылы Токио Олимпиадасына катышкан. “Азаттык” АКШда машыгып жүргөн Денис менен маектешти.
Журналист Шайырбек Абдырахманов он айдан бери интернеттеги баракчасы аркылуу "Манас" эпосун кара сөз түрүндө баяндап жатат. 104 сериялуу баянды көрөрмандар каалаган учурда көрүп, уга алышат. Абдрахманов эми "Семетей ", "Сейтек" эпосторун айтып берүүгө камынууда.
Балыкчы шаарына эки жыл мурун "Бактылуу эне" кризисттик борбору ачылган. Бул маалда 80ден ашык аялга ар кандай жардам көрсөткөн. Азыр дагы зомбулуктан улам кайрылган аялдардын саны аз эмес. Балыкчыда психолог адистер жок. Ал эми борбор мындай адистерге абдан муктаж.
Акыркы эки жылда Бишкекте сатыктагы батир баалсы 50% чейин жогорулап кетти. Аны менен катар ижара акысы да кескин өстү. Кыймылсыз мүлк базарындагы баанын кымбатташына эмнелер себеп болууда?
23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленет. “Азаттыктын” каарманы, немис кызы Виктория Кринвальд өзүнүн жеке ыкмасы менен кыргыз тилин үйрөтөт. Виктория жарым жыл мурда “Азаттыкка” интервью бергенден кийин окуучуларынын саны өсүп, элге кеңири таанылды.
Кыргызстандагы 120дай бейөкмөт уюм Жогорку Кеңешке ачык кайрылуу жолдоп, "чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды. Депутаттар мыйзам долбоорун 19-сентябрда тармактык комитеттин отурумунда карайт.
“Тунгуч” жаштар драма театры “Ромео менен Жульетта” спектаклин кайра иштеп чыгып, көрөрмандарга тартуулады. Улуу драматург Уильям Шекспирдин классикалык чыгармасы 400 жылдан бери дүйнө элдеринин сахнасынан түшпөй келет. 2010-жылы Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында көрүүчүлөргө тартууланган.
Быйыл майда күч органдары Ысык-Атанын Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзгөн. Жыйынтыгында террорчу жок кылынганы кабарланган. Бирок дал ушул операция маалында Дмитриевканын тургуну Айнагүл Мусаеванын үйү толугу менен күйүп кеткен.
Миргүл Өмүрзакова билимди Америкадагы Колорадо университетинен алып, 23 жыл миграцияда жүргөн. Эми өзү туулуп өскөн Караколдо мектеп ачты. Бул каарманыбыздын кичинесинен берки кыялы болчу. Эми Миргүлдүн кийинки максаты - мектепти өнүктүрүп, толук орто билим берген жайга айлантуу.
Дагы жүктөңүз