«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери жана консулдуктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү.Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги багыттар тууралуу кайрылуу жасады.Жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаар
Иран менен Ирак саясий кызматташтыгын бекемдөөдө. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев милиция кызматкерлеринен арыктоону талап кылды. Сириядан төрт баласы менен мекенине кайтарылган казакстандык келиндин арманы жана үмүтү. Жигитинен элдин көзүнчө кордук көргөн тажикстандык кыз кайра аны коргоп чыкты.
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети көчмө жыйында “Коопсуз шаар” долбоорун талкуулады. Жыйында депутаттар долбоордун аткарылышы боюнча бир катар сын айтышты.
44 жаштагы Махабат Надырбекова 11 жылдан бери Бишкек шаардык куткаруу кызматында фельдшер болуп эмгектенет. Жалаң эркектердин жамаатында иштеген Махабат куткаруу кызматындагы аялдын ролу тууралуу айтып берди.
"Азаттык+" бул чыгарылышын 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата Кыргызстандагы жаш ишкер кыздарга арнады.
Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өттү. Ага жүздөн ашуун адам катышты. Алардын арасында саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, активист Эдил Байсалов жана экс-депутат Асия Сасыкбаева да жүрдү.
Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин ишин карады. Бул жолку соттук отурумда чакырылган жети күбөнүн алтоо көрсөтмө берди.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты «ЖЭБди модернизация кылууда 111 миллион доллар зыян келтирилген» деген эксперттердин корутундусунан күмөн санап жатат. Ал муну далил материалдардын катарынан алыш керектигин айтып чыкты.
АКШ Кыргызстанга мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтарып берет.
23-февраль, Ата Мекенди коргоо күнүнө карата уюштурулган көкбөрү боюнча мелдеште Жогорку Кеңештин командасы жеңишке жетти. Алар финалдык беттеште өкмөттүн курама командасы менен беттешти.
«Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин жетекчиси балдарга жыныстык ыдык көрсөткөн» деген арыз боюнча иш Ички иштер министрлигинде каралууда.
Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры ракка чалдыккан балдар тууралуу “Кат-кагаз учактар” спектаклин көрсөтө баштады. Анда ооруп калган жеткинчек ички кыялдары менен бөлүшүп, балалык, өмүр, өлүм тууралуу ой толгойт. Спектаклден түшкөн каражат "Жардам берүү оңой" фондуна которулат.
Анастасия Бакырдинова бир айдан бери кыргыз тил курсуна барат. Эки жыл мурун нарындык жигитке турмушка чыккан келин кыргыз тилин билүү зарыл экенин түшүнгөн. Настя барган тил курсуна башка улуттун өкүлдөрү да келишет.
Тубаса азиз Замира Калыбек кызы Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер. Ал Кыргызстанда майыптарга түзүлгөн шарттар, муктаждыктар жана кыялдары тууралуу айтып берди.
Бишкектин четинде өрттөн бир аял жашы жете элек эки баласы менен кошо күйүп кетти. ИИМ азырынча өрттүн себебин расмий билдире элек. Маркумдун коңшулары келин өзүн-өзү өлтүргөнүн айтышууда. Өрт катталганга чейин ал бир нече литр бензин сатып алганы белгилүү болду. Келиндин кайненеси менен мамилеси на
Кыргыз улуттук академиялык драма театрында режиссер Назым Меңдибаировдун “Кылым карытар бир күн” спектакли аншлаг менен өттү. Чыңгыз Айтматовдун татаал чыгармаларынын бири катары белгилүү көлөмдүү роман буга чейин сахнада сейрек коюлуп келген. Театр күйөрмандары жаңы спектакль көрүүчүлөргө жеткиликт
Махабат күнүндө бири-бирине ыйык сезимдерин билдиргендер да, аны эстегендер да арбын. "Азаттык" Бишкек көчөсүндө айрымдардан алгачкы махабатын эске салууну өтүндү.
Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бишкек шаарында 11-февралга караган түнү активисттер насыя алып той өткөрүүгө каршы акция өткөрүшкөн. Анда Бишкек шаарындагы банктардын кире беришине «Тойго насыя алба!» деп жазып кетишкен. “Азаттык” аталган акцияга шаар тургундарынын көз карашын билүү үчүн сурамжылоо жүргүздү.
Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага болуп, акын Нурлан Калыбеков шайланды. Союзду буга чейин жетектеп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берди.
Дагы жүктөңүз