Бишкектеги Ботаникалык бактын оранжереясы курулганына 74 жыл болду. Азыр мында Кыргызстандын флорасында кездешпеген тропикалык жана субтропикалык экзотикалык өсүмдүктөрдүн 500 гө жакын түрү өсөт. Оранжереяда 50, 30 жылдан бери иштеп келаткан саналуу гана илимий кызматкерлер калган.
Кыргызстанда жылуулук менен энергиянын тартыштыгы жана тарифтердин кымбатташы альтернативдүү жолдорду карап чыгууга түрткү берүүдө. Кирешеси ортодон жогору кээ бир үй-бүлөлөр жылуулукту аз талап кылган саман үйлөргө ыктап, экономикалык жана экологиялык маселелерди чечип жаткандар бар.
4-ноябрда түштөн кийин Бишкектеги Novotel мейманканасынын сырткы дубалы өрттөнгөн. ӨКМдин кызматкерлери өрт имараттын ичине жайылбаганын билдирди. Тутанган жалын саат 16:43тө толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Дүйнөлүк банктын жаңы баяндамасында 2050-жылга карай Кыргызстанда 200 миңге чукул киши климаттын өзгөрүүсүнүн айынан жер которуп, аргасыз мигрантка айланары айтылат. Быйыл жер бетинде экологиялык качкындардын саны 30 миллиондон ашты.
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган салтанатка президент
Кыргыз киносунун 80 жылдыгынын урматына Бишкекте сүрөтчүлөрдүн жана айкелчилердин эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулууда. Бул көргөзмөгө кыргызстандык 60 сүрөтчүнүн түрдүү ыкмада тартылган 100дөн ашуун эмгектери коюлган. “Бейне” аттуу көргөзмө 27-октябрга чейин уланат.
Кажы-Сай - Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги саякатчылардын сүйүктүү аймагы. Көгүлтүр көлдүн бул тарабына күңгөйдөгү кымбат мейманкана, клуб, кажы-кужудан качып, табиятты сүйгөндөр көбүрөөк тартылат.
Былтыр 5-октябрда бир колунан ажыраган Ырыскелди Табышбек уулу үйлөнүп, азыр окуусун улантып жатат. Ал үй-бүлөсү менен Чүй облусундагы Кегети айылында турат. Архитектор болууну самаган 20 жаштагы жигит бир жыл анын көз карашын түп тамырынан өзгөрткөнүн айтып, келечекке болгон ойлору менен бөлүштү.
2020-жылдын октябрында жараат алгандар жана активисттер 5-октябрда Бишкекте чогулушту. Алар бир жыл мурдагы нааразылыктар учурунда көз жумган Үмүтбек Алтынбек уулун эскерип, куран окушту.
Элетте өзгөчө мектеп ачуу кыялын орундаткан мугалим. Жол боюндагы жайма базарда соода кылган 89дагы байбиченин сагынычы.
37 жаштагы Рыскүл Базарбаева Москвада иштеп жүрүп, кырсыктап буту баспай калган. "Азаттык" Базарбаеванын жашоосун үч жыл мурда чагылдырган. Келин анда насыясын төлөй албай, майыптыгын кабыл ала албай жашап жатканын баяндаган.
Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская Британиядагы Index on Censorship уюмунун ой-пикирди эркин билдирүү боюнча эл аралык сыйлыгына татыктуу болду.
Өзбекстандык “Электрооко” синти-поп тобу евразиялык музыкалык турунун алкагында Бишкекте концертин коюп кетти. Постмодерндик лирикалары, жандуу скрипка, гитара жана электрониканын айкалышы менен таанылган альтернативдүү топтун музыканттары “Азаттыктын” студиясына келип дымактуу ойлору менен бөлүштү.
Белгилүү скульптор-монументалист, Кыргыз илимдер академиясынын, СССР сүрөтчүлөр академиясынын академиги, ондогон мамлекеттик сыйлыктардын, наамдардын ээси Тургунбай Садыков 86 жашта. Ал бүгүн өзү түптөгөн улуттук көркөм академияны жетектеп, өнөрканасында жаңы чыгармаларды жаратуу менен алек.
16-сентябрда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов №50 тергөө абагына эки айга камалды. №50 колония – Кыргызстандагы тартиби катаал жайлардын бири. 2015-жылы жаза өтөгөндөр абактын күзөт кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен окуя ошол жерде болгон.
Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө белгилүү журналист, коомдук ишмер, маркум Мелис Эшимканов эскерилди. Иш-чарага анын жакындары, кесиптештери жана коомдук ишмерлер катышты. Мелис Эшимканов тирүү болгондо быйыл 59 жашка чыкмак.
Кыргызстанда Бириккен Араб Эмираттардын (БАЭ) бир катар ири компанияларынын жетекчилери иш сапар менен келип кетти. Алар Кыргызстанга энергетика тармагында инвестиция салары кабарланды. Бул ортодо президент Садыр Жапаров жакын арада эмираттарга барары айтылды.
Кымбатчылык шартында элетте эптеп жашаган мугалим. Үйүн гүл бакчага айланткан караколдук ардагерлер. Кыргыздын каада-салтын бекем карманган корей кызы. Уралды багындырган кыргыз дизайнери.
Франциялык математика жана физика мугалими Филипп Буазо мындан 20 жыл илгери Кыргызстанга келип, өлкөнүн жаратылышына арбалып калган.
Борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Сабиджан Бабаджановдун сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө сүрөтчүнүн ар кыл жанрдагы эмгектери коюлган.
Дагы жүктөңүз