“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнү. "Азаттык" улуттук майрамга айланган бул күнү "Кыргыз кереметинин" альбомун бир сыйра барактап чыкты.
Балбан Руслан Түмөнбаев Олимп оюндарынын коло байгесин утканына быйыл 12 жыл болду.
Футбол боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун күйөрмандары клубдун жетекчилигинин ишине нааразы экенин билдиришүүдө. Алар мындай билдирүүлөрүн социалдык тармактарга жарыялап жатышат.
Кыргызстандыктар катыша турган жана пандемияга байланыштуу күзгө жылып калган бир катар эл аралык турнирлер дагы кийинкиге калды. Анын ичинде футбол жана спорттун башка түрлөрү бар.
Кыргызстанда биринчи класстардан башка окуучулар онлайн окуп жатат. Бирок ар кандай себептерден улам балдардын баары аралыктан окууга толук тартылган жок.
Даниялык футболчу айым Пернилле Хардер «Челси» кыз-келиндер футбол клубу менен келишим түздү. Анын германиялык «Вольфсбург» клубунан англиялык «Челсиге» өтүшү 350 миң еврого бааланган жана бул футбол тарыхындагы аялдар арасындагы эң кымбат трансфер болуп калды.
Бийлик коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун алдын алууга даярдык көрүп жатканын билдирүүдө.
Кыргызстандагы аялдардын 64% айыл жерлеринде жашайт жана алардын көпчүлүгү жумушка жарамдуу катмар. Бирок элеттик кыз-келиндерди жумушка тартууда дагы эле кыйынчылыктар көп.
Кочкор районунда ММА жана эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш уюштурулду. Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган кезде мелдештин өткөнү талкуу жаратууда.
Кыргызстандын мыкты футболчусу, Казакстандын «Кайрат» клубунда ойногон 19 жаштагы Гүлжигит Алыкулов Европа лигасында гол киргизген алгачкы кыргызстандык болду.
Коронавирус менен күрөштөгү эмгеги үчүн ондогон дарыгерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.
Бүгүн Кыргызстандын эгемендик алганына 29 жыл толду.
Коронавирустан көз жумган маркумдардын жакындары бийликке иликтөө жүргүзүү талабын коюшту.
«Барселона» футбол клубунун атактуу чабуулчусу Лионел Месси клубдан кетерин билдирди. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги шейшемби күнү клубдун жетекчилигине шилтеме кылып жазып чыкты.
Кыргызстанда карантин чаралары жумшарып, бардык мамлекеттик бала бакчалардын иштешине уруксат берилди.
Бишкекте «Workout Open Fest - 2020» деген аталышта көчө гимнастикасы боюнча мелдеш өттү. Бул баш калаада карантин чаралары жумшартылгандан кийинки ачык асман алдында өткөн алгачкы мелдештердин бири.
Пандемияга байланыштуу Кыргызстандын тигүү тармагында өндүрүш начарлады.
Маданият министрлиги кыргызча китептердин электрондук жана аудио версиясын иштеп чыгууну пландап жатат. Буга окурмандар арасында онлайн китепканага суроо-талаптын күчөгөнү себеп болгон.
Президент Сооронбай Жээнбеков сын айткандан кийин суракка чакырылган жарандык активисттер тууралуу оюн айтты.
Бишкек мэриясы массалык иш-чараларды өткөргөн ишкерлерге 80 миң сом айып салды.
Дагы жүктөңүз