"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Бүгүн Бишкекте өткөн журналисттердин коопсуздугуна арналган жыйында ММК өкүлдөрүнүн укугун коргоочу комитет түзүү чечими кабыл алынды. Жыйынга катышкан жарандык коом жана бийлик өкүлдөрү журналисттердин коопсуздугун коргоо жаатында биргелешип кызматташуу зарылдыгын белгилешти.
Бүгүн Балыкчы окуясы боюнча сот өкүмү чыгып, 4 киши 4 жылга, дагы 14 киши шарттуу түрдө 2-3 жылга кесилди. Сот ишине катышкан СДП төрагасы Алмазбек Атамбаев мындай өкүмдөн соң “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Жарандык коомдун өкүлдөрү Алматыда ооруканада оор абалда жаткан журналист Геннадий Павлюк тууралуу жеринде маалымат алып кайтышты.
Коңшу Казакстанда Геннадий Павлюктун өмүрүн сактап калуу менен катар анын өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш иштин бетин ачуу аракеттери жасалууда.
Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк (Ибрагим Рустамбек) Алматыда клиникалык ооруканада оор абалда эсине келе албай жатат.
Копенгаген саммити күтүлбөгөн мүнөздө өтүп, жыйындар залындагы кызуу талкуулар, көчөдөгү жүздөгөн адамдардын митингдери менен коштолууда.
10-декабрдан бери өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин кармашы күч алууда. Cаясат таанучу Аскар Мамбеталиев бул чатактын себебин мамлекеттик башкаруу системасы иштебегинен көрөт.
Америкалык журналист Жеф Лили Интернет аркылуу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын даңазалоо менен Кыргызстанды дүйнөгө ачып берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Бүгүн Жогорку Сотто 2007-жылы 24-октябрда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун атасы Авас Саиповдун көзөмөл арызы каралды.
Бүгүн Жогорку Сотто киши колдуу болуп өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун атасы Авас Саиповдун арызы каралат. Ал Жогорку Соттон ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү жана бул кылмышка шектүү деп табылган бир катар кызмат адамдарын кайра суракка алууну суранууда. А. Саиповдун айтымында, тергөөчүлөр Алишер Саиповдун өлүмүн бир бейкүнөө адамдын мойнуна илип, ишти эптеп бүтүрүп салууга аракет кылып жатат.
АКШ президенти Барак Обама Ооганстанда бейкуттукту орнотуу үчүн кошумча аскер жиберээрин шейшембиде жарыя кылды.
Учурда Вашингтон шаарында жашаган кыргызстандык саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков "Азаттык" үналгысына курган маегинде АКШнын Ооганстан боюнча стратегиясы тууралуу пикирлери менен бөлүштү.
Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр өкмөттүн кирешелүү, стратегиялык маанидеги энергетикалык ишканаларды жеке колго сатуу чечимин айыптоодо.
Кыргыз өкмөтү электр кубаты, жылуулук боюнча тариф саясатын калкка тааныштыргандан кийин эми декабр айында электр ишканалары сатыла турганын жарыя кылды.
Чет элдик христиандар сыйынган “Слова Бога” чиркөөсү менен Дин иштери боюнча комиссиянын ортосундагы тиреш күч алууда.
Кыргыз өкмөтү электр жана жылуулук энергиясына болгон төлөмдөрдү кескин жогорулатты. Карапайым элге бул кабар чагылгандай эле катуу тийди. Эксперттер электр кубатынын кымбатташы азык-түлүктөрдүн да баасынын асмандашына алып келерин эскертишүүдө.
"Форбс" басылмасы дүйнөдөгү эң таасирдүү жана кудуреттүү 67 кишинин тизмесин жарыялады. Кыргызстанда ким - чыгаандардын чыгааны?
9-ноябрда ЕККУ Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу баяндамасын жарыялады.
"Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордогу франциялык аскерий түзүм Кыргызстандан чыгып, эки жумадан бери коңшу Тажикстанда отурукташты.
Соңку реформалар боюнча өлкөнүн акча каражатын, келген инвестицияны Өнүктүрүү кору тейлейт. Коомчулукта бул корго ишенбөөчүлүк күчөөдө.
Дагы жүктөңүз