"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
“Акыйкат үчүн кыймылынын” жетекчиси, мурдагы тышкы иштер министри жана оппозициялык саясатчы Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” курган маегинде убактылуу өкмөттүн айрым кадамдарын сынга алып, жаңы саясий партия түптөп жатканын билдирди.
19-апрлде ички иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында өлкөдөгү туруктуулук милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө экендиги жана мурдагы президент Бакиевдин бир туугандары Кыргызстанда жашырынып жаткандыгы айтылды.
Мурдагы коргоо министри генерал Бакыт Калыевди бошотууну талап кылып жаткан топтун жетекчиси, Жалал-Абаддын тургуну Абдаким Кушбаков "Азаттыктагы" маегинде убактылуу өкмөткө коюп жаткан талабы жөнүндө түшүндүрмө берди.
"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова Жалал-Абаддагы соңку кырдаал жөнүндө "Азаттыкка" ой-пикир бөлүштү.
“Азаттыктын” түз байланыштагы маегинде “Туран” партиясынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Кыргызстанга парламенттик башкаруу ылайыктуу экендигин жана алдыда болчу парламенттик шайлоого ал жетекчилик кылган партия катышаарын айтты.
Убактылуу өкмөт жетекчисинин конституциялык реформа боюнча орун басары Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстандын саясий системасын өзгөртүү кандай багытта болоору тууралуу сөз курду. 19-апрелде Конституциялык Кеңешме түзүлүп, жаңы Баш мыйзамдын долбоору талкууга коюлат.
АКШ Мамлекеттик катчысынын Чыгыш жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Бишкекте убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда. АКШ азырынча Кыргызстандын жаңы бийлигин расмий тааныбаганы менен экономикалык жардам берилээри айтылды.
Бүгүн убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде кылмыш иши козголгон К.Бакиевдин туугандарын өз эрки менен укук коргоо органдарына колго түшүп берүүгө чакырды. Ошондой эле президентти Кыргызстандан чыгарып кетүүгө кызыкдар тараптар бар экенин билдирди.
7-апрелде түштөн кийинки Кыргызстандын расмий бийлигиндеги өзгөрүүлөргө ылайык генерал Исмаил Исаков коргоо министринин милдетин аткарууга киришти. Түрмөдөн чыгаар алдында Исмаил Исаков “Азаттыкка” телефон аркылуу кыска маек куруп берди.
3-апрелде Бишкекке келген БУУнун баш катчысы Бан Ги Мун Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. БУУнун Бишкектеги үйү алдында болсо журналисттер менен укук коргоочулар тобу өлкөдө сөз эркиндиги кысымга кабылганын айтып пикетте турушту.
1-апрелде “Стан-ТВ” медиа компаниясынын Бишкектеги кеңсесиндеги компьютерлерди Кыргызстандын каржы полициясы камакка алган. 2-апрелде өткөн маалымат жыйынында аталган медиа ишкананын жетекчилери мындай чечимди бийликтин атайын буйругу деп баалашты. Ал эми Каржы полициясы бул ишканага расмий каттоосуз Казакстандан 200 миң АКШ долларын алып келген жана кеңседеги компьютерлер уурдалган программалар менен жабдылган деген күнөө коюуда.
Словакиянын президенти И. Гашпаровичтин Бишкектеги сапарында эки өлкөнүн кызматташтык маселелери талкууланды. Ошол эле учурда коомчулукта Евробиримдиктин чакан мүчөсүнүн жетекчисинин расмий сапарына коңшу Казакстан болгон визиттин “уландысы” катары баа бергендер да бар.
Журналист Г. Павлюктун өлүмүн иликтөө боюнча казак тергөөчүлөрүнө сурак берип келген "Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө. Текебаев шектүү делген 5 адамдын бирин сүрөтүнөн тааныганын билдирди. Кыргыз расмий органдары болсо казак тараптан буга чейин кайсы бир адамдын атын атаган кайрылуу болбогонун тастыктоодо.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймактарды тактоо-тастыктоо боюнча биргелешкен комиссия 15-апрелден тартып ишке киришет. Эки өлкө ортосунда такталбаган жүзгө чукул чек ара аймактары бар. Соңку учурда чек ара аймактарында чыр чатак көбөйүп, ортодогу карым-катнашты оорлотууда.
26-мартта “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Казакстандын Кордой шаарына барып, өткөн жыл этегинде Алматыда киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун өлүмүн иликтөө-тескөө иштери боюнча сурак берип келди. Ө.Текебаев казак тергөөчүлөрү көрсөткөн беш сүрөттүн ичинен Улуттук Коопсуздук кызматынын офицери Алдаяр Исманкуловдун сүрөтүн тааныгандыгын "Азаттыкка" билдирди.
26-мартта “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Алматыда киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун өлүмүн иликтөө-тескөө иштери боюнча Казакстандын аймагында сурак берип келди.
2005 - жылы 24-мартта Кыргызстанда мамлекеттик бийликти алмаштыруунун активдүү катышуучуларынын бири, “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Дүйшөнкул Чотонов “Азаттыкка” курган маегинде март окуясына өз баасын берди.
Коомдук ишмер, мурдагы президенттин Коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков Март окуясын утурлап “Азаттыкка” маек курду. “Кут” саясий партиясынын лидери Болот Жанузаков сөз учугун 2005-жылдын 24-мартын эскерүү менен баштады.
2003-жылы 20-мартта АКШнын куралдуу күчтөрү жана анын шериктештери Саддам Хусейиндин бийлигин кулатуу максатында Иракка сокку урган эле. Бул жети жыл аралыгында ирак согушуна ар кандай баа берилип келет.
АКШнын Мамдепартаменти Адам укуктарын коргоону жүзөгө ашыруу боюнча 2009-жылдык баяндамасын жарыялады. Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө адам укуктарынын бир катар көйгөйлөрү белгиленет. АКШда жашаган оппозициялык саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков жарыяланган баяндамадагы Кыргызстанга берилген баа тууралуу өз пикири менен бөлүшөт.
Дагы жүктөңүз