Кеңеш өкмөтүнүн куугунтугуна кабылып, Кытай, Пакистан, Ооган мамлекеттерине баш калкалап кеткен кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын бири Жаныбек Казы Сагынбай уулу жөнүндө тарыхый драманы жакында Жалал-Абад облустук театры көрүүчүлөргө тартуулады.
Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, «Тунгуч» жаштар театрынын жетекчиси Жамал Сейдакматова кино жана театр өнөрүнө кызмат кылып келатканына 60 жыл болду. Анын урматына «Менин сырым» аттуу бенефисин тартуулаганы турган актриса Жамал Сейдакматова менен Бурулкан Сары
Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 2017-жылкы президенттик шайлоого талапкер болбойт, спикер атаандаштык негизде шайланышын жана өлүм жазасынын киргизилишин каалайт. Мындай ойлорун саясатчы “Азаттыктын” 2х1 форматындагы радио жана видео маегинде айтты.
Жол чыры менен кызматтан кеткен мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев кызматтан кетүүсү жана акыркы кезде анын дарегине жолдонгон дооматтар боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
"Азаттыктын" "Эки - бир" долбоорунун бул жолку коногу "Эл үнү" оппозициялык кыймылынын төрагасы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров болду. Ал оппозиция-бийлик мамилеси, интернетке тараган аудио-видео тасмалар тууралуу суроолорго жооп берди.
Дүйшөн Токтосунов - Улуу Үркүндүн балдарынан. Кытайга качканда анын атасы 18 жашта болчу. Ал атасынын тагдырын жарым кылымдан кийин кайра кайталаган.
Ибраимов Шаймерден - Улуттук боштондук көтөрүлүшүндө Кытайга ооп кеткен кыргыздардын үчүнчү мууну. Ал Үркүндөн 80 жыл өткөндөн кийин Кытайдан Кыргызстанга кайтып келген. Үркүнгө кеткендердин урпагы аталарынын Шинжаңда кечирген күнү тууралуу маек курду.
Абыт Ибраимов - илимий иштерин интернет аркылуу англис тилинде таратып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө окурмандарын тапкан генетик-окумуштуулардын бири, Кыргыз генетика илимине “Кыргыздар жана анын генофонду” илимий китеби аркылуу чыйыр салган окумуштуу, Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты.
"Эки бир" долбоорунун бул жолку коногу Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов болду. Ал республикадагы саясий-экономикалык абал, Бишкектеги мэр шайлоо жана келечектеги президенттик шайлоо тууралуу "Азаттыкка" маек берди.
Жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Мар Байжиев -1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө байланышкан тарыхый маалыматтарды айтып, жазып, сактап келе жаткан чыгармачыл чөйрөдөгү сейрек инсандардын бири.
Үркүнгө байланыштуу “Кырк шейит” бейити тууралуу да ар кыл жоромолдор бар. Ал тууралуу коомдук ишмер Жумагазы Садыр уулу айтып берди.
1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүндө Кытайга качкандар эле эмес, үркпөй калгандар да далай кыйынчылыктарды башынан кечиргени тарыхый булактарда, эл оозунда айтылып келатат. Алардын ичинде Тоң районунун аймагындагы “Кырк шейит” бейити тууралуу да ар кыл жоромолдор бар. Ал тууралуу чоң ата, чоң энелеринен уккандарын “Ашар” кыймылынын, “Арыш” коомунун жетекчиси, Үркүндүн 75 жылдыгына карата уюштурулган “Өмүр көчү” кыргыз-кытай жөө жүрүшүнүн демилгечиси Жумагазы Садыр уулу сыябан-маекте айтып берди.
“Азаттыктын” “2х1” видеомаегинин коногу - Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Муфтий мамлекет менен Дин башкармалыгынын кызматташтыгы, дин саясатындагы өзгөчөлүктөр, ыктымал коркунучтар жана алардын алдын алуу жаатында суроолорго жооп берди.
“Азаттыктын” “2х1” радио жана видеомаегинин коногу - Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Муфтий мамлекет менен Дин башкармалыгынын кызматташтыгы, дин саясатындагы өзгөчөлүктөр, ыктымал коркунучтар жана алардын алдын алуу жаатында суроолорго жооп берди.
“Азаттыктын” 2x1 форматындагы радиовидеомаегинин кезектеги коногу - Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров.
Култегин: Кыргыз маданиятынын түрк дүйнөсүндөгү баасы өстү
"Азаттыктын" 2Х1 форматындагы маегинин кезектеги коногу - Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев.
Көз карандысыз коомдук-саясий комиссиянын мүчөлөрү 1916-жылкы кандуу окуяны кыргын же тукум курут деп таануу маселесин кайрадан көтөрүп чыкты.
Мамлекеттик катчы Жон Керринин Борбор Азияга алгачкы иш сапарындагы сүйлөшүүлөрдө Ооганстандагы кырдаалга, ИМ тобунун аймакка туудурган коркунучуна басым жасалчудай.
Жарышка түшкөн он төрт саясий партиянын бири “Ата Мекен” парламенттик шайлоого жаңы саясий платформа жана жаңы партиялык тизме менен аттанды.
Дагы жүктөңүз