Айгүл Текебаева - камакта отурган саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жубайы. Ал “Азаттыкка” берген маегинде камактагы саясатчынын саламаттыгына, ага түзүлгөн шарттарга, анын камалышынын үй-бүлөгө таасирине байланышкан бир катар суроолорго жооп берди.
Бишкекте Британиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла!” деп аталган китебинин кыргызча котормосунун бет ачары өттү.
Сексенинчи жылдары советтик республикаларды түрө кыдырып, кыргыз эстрадасын тааныткан белгилүү ырчы Шахрезада Аскарова бүгүн жай турмушта өмүр сүрүүдө. Ал ырчылык өнөрү, сагындырган сахнасы жоготкон жылдары, тагдыры жана бактысы тууралуу “Азаттыкка” сыябан-маек курду.
Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрага жана КСДПнын мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыктын” 2х1 форматындагы суроолоруна жооп берди.
Манасчы, акын Рысбай Исаковду поэзия ааламына сүйүүсү жетелеп киргизген, өзү дүнүйөкор эмес, бирок, жалданма батирдеги жашоосу ойлорун чачыратып коет. Кызыл дипломду он жыл окуп алган манасчы Рыспай ушундай сырларын “Азаттыктын” сыябан-маегинде ачып берди.
Саламаттык сактоо министри 120га жакын кызматкерди эмне үчүн бошотту? Депутаттар эмне үчүн министрди кызматтан кетиргиси келишет жана министр эмне үчүн кызматта калгысы келет? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна министр Талантбек Батыралиев 2х1 форматында жооп берди.
Сот саясий чечимдерди чыгарууга ылайыкташкан коркунучтуу органга айланып баратат. Мындай пикирин “Азаттыктын” 2Х1 форматындагы маегинде Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев билдирди.
Бишкек шаардык мемориалдык музейлер башкармалыгынын башчысы Арман Момаханова айлыгы да, сыйлыгы да жарытпаган музей ишмердигин эмнеге тандап алганын, кыргызча кантип “тили буудай кууруп” калганын “Азаттыктын” “сыябан-маегинде” баяндап, созолонто ырдап да берди.
Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков оппозициянын үнүн угат, ар түрдүү коомдук-саясий күчтөрдү бириктире алат деген үмүт бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү, мурдагы вице-спикер Алтынай Өмүрбекова “Азаттыкка” 2х1 форматында берген интервьюсунда бил
Белгилүү кинорежиссер, сценарист, продюсер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” көркөм тасмасы Таллиндеги дүйнөгө белгилүү “Караңгы түндөр” кинофестивалында баш байгени жеңди.
Жазуучу Султан Раевдин “Топон” романы Эл аралык Стокгольм адабий фестивалында (“Open Eurasian Book Forum & Literature Festival” - 2017) “Ири проза” номинациясы боюнча баш байгени утуп алды. Жазуучуга ошондой эле Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы “Мыкты роман үчүн” сыйлыгы ыйгарылды
Президенттик шайлоодогу элдин тандоосуна баш ийип, жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековду колдош керек.
Сооронбай Жээнбеков чоң саясатка токсонунчу жылдардын экинчи жарымында аралаша баштаган.
Оппозициялык “Ата Журт” саясий партиясынын теңтөрагасы Аxматбек Келдибеков “Азаттык” радиосунун 2х1 форматындагы радио жана видеомаегинде президенттикке талапкер боло албай калуу себеби, бир талапкерди сүрөй албай калган “төртиликтин” таржымалы, “Ата Журттун” азыркы саясаты, кайсы талапкерди колдоп
Өмүрбек Текебаевдин чоң саясаттагы өмүрү 1990-жылдардын башында учугун улап, эгемен Кыргызстан менен дээрлик тагдырлаш болду.
Жаштардын саясатта өнүгүүсүнө, жетилүүсүнө эмне тоскоол болуп жатат?
Азыркы шартта шайлоочулар аялды мамлекеттин башына коюуга даярбы?
Бул тууралуу парламенттеги “Бир бол” фракциясынын мүчөсү, коомдук жана саясий ишмер Мыктыбек Абдылдаев “Азаттыктын” 2х1 форматындагы маегинде билдирди.
Жогорку Кеңеш президенттик шайлоо күнүн жарыялоо тууралуу токтомун келаткан аптада чыгарары күтүлүп жатат. Ошол күндөн баштап БШК шайлоону уюштурууга расмий киришет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Азаттыктын” 2-1 форматындагы маегинде билдирди.
Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева түптөгөн "Шайыр студио" чыгармачылык тобу жакында "Махабат" көркөм тасмасын киносүйүүчүлөрдүн сынына койду. Белгилүү актриса жана продюсер менен анын чыгармачылык дүйнөсү жана жеке жашоосу тууралуу “Азаттык” сыябан-маек курду.
Дагы жүктөңүз