Жоон топ эски жана жаңы саясий партиялар шаардык кеңештерге кайра шайлоого парламенттик шайлоого чейин өзүн таанытуу жана шаарлардагы бизнес кызыкчылыктарга байланышкан чечимдерди кабыл алууга катышуу үчүн баратышат. Мындай пикирин саясат таануучу Эмил Жороев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.
Кыргызстан мусулмандарынын жаңы муфтийи Замир кары Ракиев “Азаттыкка” маек куруп, дин, каада-салт, саясат, каржы, диний агартуучулук, диний радикалдашуу маселелерине тиешелүү суроолорго жооп берди.
Миграцияда жүргөн төрөт курагындагы кыз-келиндердин 70 пайызы ден соолугун жоготту. Мындай пикирин “Кыргызстан-Екатеринбург” диаспорасынын жетекчиси, дарыгер Гүлшан Долонбаева “Азаттыктын” “сыябан-маегинде” билдирди. Маекте кыргызстандык эмгек мигранттарынын жашоо-тиричилиги, көйгөйлөрү, “мигранттар
Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы эмдөөнү активдештирүү үчүн Кытайдан гуманитардык жардам иретиндеги 150 миң доза вакцинадан тышкары 1 миллион 100 миң даана вакцина сатып алды жана ал Кыргызстанга келерки шейшембиге чейин жеткирилет.
Президент Садыр Жапаровдун Тажикстандагы расмий сапары аяктады. Анда эки өлкөнүн президенттери биргелешкен билдирүү кабыл алып, төрт документке кол коюлду. Алардын арасында чек арага тиешелүү келишим бар экени тууралуу маалымат жок.
Кыргызстанда өндүрүлгөн стратегиялык азыктардын ичинен сүт, картошка, жашылча-жемиш гана калкты толук жабдый алат. Ал эми буудай, кант жана жумуртка менен жабдуу планы келерки үч-төрт жылда ишке ашат.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ишкер чөйрөсү менен 23-июндагы жолугушуусунда жергиликтүү ишкерлерди коргоо жана колдоо багытында бир топ убадаларды берди. Бийликтин убадалары ишкерлерде ишеним жарата алдыбы?
“Кумтөр маселеси” кайра күн тартибине коюлгандан бери Кыргызстандагы жоон топ саясатчы суракка чакырылып, коррупцияга айыпталып камалды. Коомчулукта муну бийликтин коррупцияга каршы аеосуз күрөш катары кубаттагандар да, бийликтин өз таасирин күчөтүү аракети катары сындагандар да болууда.
Чыгаан жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматов тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Жубайы, Онкология улуттук борборунун директору Бактыгүл Султангазиева сыябан-маек курду.
Мамлекеттик ишмер, мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал өкмөттүн кенебестиги, коомчулуктун мыйзамды сыйлабастыгы калктын саламаттыгын оор кесепеттерге кириптер кылышы мүмкүн деп эсептейт.
Нарын музыкалык драма театрынын актрисасы, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Бермет Өмүрова 80 жашта. Актриса өзүнүн өнөрү, өмүрү жана тагдыры тууралуу "Азаттыкка" сыябан-маек курду.
Учурда Жазык, Жазык-процесстик, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы, Жазык-аткаруу кодекстерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоору талкууланып жатат. Анын өзгөчөлүктөрүн, адам укуктарына таандык тобокелчиликтерди “Азаттык” “Арай көз чарай” талкуулады.
Алтайлык ырчы жана композитор Ирина Кензина менен кыргызстандык ырчы Нурзат Айдаркулова “Алтай-Ала-Тоо” деп аталган дуэт түзүп, эки элдин маданиятын жакындатууга аракет кылып келишет. Өнөрпоздор “Азаттыкка” сыябан-маек курушту.
Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков кыргыз-түрк мамилелеринин акыркы жагдайы, эки өлкөнүн алакаларына "Гүлен факторунун" таасири, “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Жогорку Кеңеште кайрадан иштеле баштаган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам жаңы Конституциянын цензураны чектеген 10-беренесине жана парламенттин процедурасына каршы келет. Мындай пикирин “Медиа полиси” уюмунун адиси, медиа эксперт Нурбек Сыдыков билдирди.
“Азаттыктын” “2х1” форматындагы маегинин кезектеги коногу - Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов болду. Маектешүүдө адис кыргыз-тажик чек арасынын өткөнү, бүгүнкүсү, келечеги жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору, өксүктөр тууралуу ой-пикири менен бөлүштү.
Кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенине байланыштуу “Центерра Голд” компаниясына койгон дооматтарды эл аралык арбитраждык сотто далилдей алат. Бул тууралуу Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Азаттыктагы” маегинде билдирди.
Кыргыз-тажик элдеринин ортосунда антогонисттик маанай күчтүү. Буга 30 жылдык кайдыгерлик себепкер. Мындай пикирин өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев “Азаттыктагы” маегинде билдирип, өзүнүн кызматтан четтетилиши тууралуу да пикирин айтты.
Дагы жүктөңүз