90 жаштагы Токтокан Эдилбаева жана анын абышкасы Акмат Бейшенбаев коронавирусту жеңип чыкты. Алар өпкөсү кагынып, ооруканада эки жумадан ашык жатышкан. Бул ардагерлердин алгачкы жеңиши эмес. Бирге жашаган 71 жыл ичинде көп кыйынчылыктарга моюн сунушкан жок. Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрда Карылар
Саламаттык сактоо тармагында адистер жетишпегендиктен пенсия жашындагы кызматкерлердин саны 7862 адам. Алардын 3100ү дарыгерлер экени белгилүү. Улгайып калган адистердин көпчүлүгү коронавирустун биринчи толкунунда иштеген эмес.
Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) саясий партияларын баштап бараткандар катышкан негизги дебаттар башталды.
Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы "Тез жардам" кызматынын 37 жаштагы фельдшери Валерий Гаук 4-июлда коронавирустан каза болгон. Анын жесири Александра Гаук 20 күндөн кийин эле күйөөсүнүн ордуна иштей баштады. Валерий "Тез жардамда" 12 жылдан ашуун иштеген.
23-сентябрда Бишкекте коомдук ишмер Роза Айтматованын "Өмүр белеси" аттуу эскерүүлөр топтолгон китебинин бет ачары болду.
Владимир Бекчуриндин эки буту жок болгонуна карабай, 10 жылдан бери ширетүүчүлүк менен алектенип, үй-бүлөсүн багып, ал тургай башкаларга да жардам берип келет. Өз ишин мыкты билген темир устага буюртмалар көп түшөт. Жашоону жана эмгекти сүйгөн Владимирдин кыялын билгиңиз келсе, видеону көрүңүз.
Чолпон Даниярова күйөөсү Калыбек Кадыр менен чогуу жашаганына 30 жылдан ашты.
Роттердам Эрасмус университетинин аспиранты, Москвадагы шаардык терапевттер биримдиги түзгөн эл аралык коронавирусту изилдөө тобунун мүчөсү Амир Талипов медициналык академияларда окуган студенттерге вирусту дарылоо, аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды, дүйнөлүк тажрыйбаларды үйрөтүү үчүн акысыз курс ачты
Чолпон Даниярова менен Калыбек Кадыр 30 жылдан бери түтүн булатып келатышат. Спортту сүйгөн түгөйлөр жайында Кыргызстанда авто үйдө жашап, суук түшкөндө ысык өлкөлөргө кетишет.
Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында беларус элин колдогон акция өттү. Он чакты адам катышкан жыйынды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму уюштурду. Алар Беларуста тынч акцияларга чыккандарды куугунтуктап, камакка алууну токтотууну талап кылышты.
Ира Чоткараева - Боом капчыгайына кире бериштеги айтылуу “Апамдын сүт чайы” же “Апамдын каттамасы” деген брендди баштоочулардын бири. Ал бала-чакасы менен ушул жактан нан таап жегенине 15 жылдын жүзү болду.
25-августка караган түнү Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер чогулуп, БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылышты.
Бишкек шаардык соту өткөн айда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, Cудья райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турган болду.
4-октябрдагы парламенттик шайлоого бараткан «Мекенчил» саясий партиясы 13-августта кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды.
Эл аралык каттамдар токтоп, чек аралардын жабылышы "Дордой" базарынын соодасына терс таасирин тийгизүүдө.
Нарын облустук соту 4-августта аялын ур-тепкиге алып өлтүргөн эркекти он жылга кескен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. 2019-жылдын 31-декабрында Кочкор районунун тургуну, төрт баланын энеси күйөөсүнүн таягынан каза болгон.
“Азаттык” радиосу коронавирустан көз жумган кыргызстандыктарды эскерүүсүн улантат. Бул жолку өпкөсү кагынып каза болгон “Түндүк электро” ишканасынын кызматкери Жайлообай Орозалиев жөнүндө сөз болот. Маркум тирүү болгондо 3-августта 54 жашка чыкмак. Анын артында жубайы, үч кызы жана бир уулу калды.
Баткендеги Ак-Турпак айыл аймагы жайгашкан Бүргөндү массивинде 9 миң гектар дың жерди өздөштүрүү аракети башталды. Келечекте бул жерге түшө турган эки шаарчанын курулуш долбоору да даяр.
Мусулмандар үчүн негизги майрам болуп саналган Курман айт коронавирус пандемиясы күчөгөн маалга туш келди. Ал быйыл ажылык токтогон, айт намаз окууга тыюу салынган жана башка чектөөлөр киргизилген шартта өтүп жатат.
Дагы жүктөңүз