"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров парламент спикери Чыныбай Турсунбековду зекип, "өз ордун билип жүрүүгө" чакырды.
Бүгүн эл өкүлдөрү Белиз өлкөсүнөн келген документтер боюнча УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди жалпы жыйынга чакырып, суроолорду узатышты.
14-ноябрда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдына чыгып, парламентти президент Атамбаевге импичмент жарыялоого, жарандарды референдумда Конституцияны өзгөртүүгө "жок" деп добуш берүүгө чакырды.
Бүгүн белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелигинин ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге өкмөт башчы баштаган бийлик өкүлдөрү жана Усубалиевдин жакындары катышты.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: баатыр энеге бай Кара-Бак айылы, ээнсиреген Алай-Куу өрөөнү, винил табактар аркылуу поп-музыкалык агартуу, элет балдарынын түйшүктүү бирок көңүлдүү эс алуулары тууралуу баяндар сунуш кылабыз.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: Сузакта 10 миң сом үчүн өз жанын кыйган окуучу тууралуу теңтуштары кандай ойдо? Эмне үчүн ал жаштайынан кара жумушка тартылган? Баткен облустук ооруканасында дарыгерлер жетишсиз, медициналык кызматтар чектелүү.
Президент Алмазбек Атамбаев азыркы парламентке келген партиялар шайлоочуларды одоно түрдө алдап, добуш алганын билдирди.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында бүгүн 61 студент мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин колунан стипендия алды. Быйыл майда президенттик стипендия үчүн студенттер арасында сынак жарыяланган. Ага 27 жогорку окуу жайынан 159 сунуш түшүп, эксперттик топ анын ичинен 61 студентти жеңүүчү деп тапкан.
Быйыл августта дүйнөлүк саякатка аттанган кыргызстандык учкуч Союзбек Салиев жана анын литвалык кесиптеши Йонас Жукнус 27-октябрда Бишкекке келишти. Аларды аэропорттон мекендештери жана журналисттер тосуп алышты.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: балдарын аёосуз мушташтырган аталардын туугандары, айылдаштары бийликтен ырайым кылууну суранууда, Токмокто үйү күйүп, жалгыз баласынан айрылган ардагер апага үй салып берген канадалык үй бүлө, АКШнын Сиэтл шаарын багындырган журтташыбыз Нурбек Исмаилов, Кыргыз
22-октябрда №66 орто мектебинде "Жашыл Бишкек: мектеп айланасын жашылдандыруу - 2016" эко-акциясы өттү. Акция учурунда адистер бактарды туура отургузуу жана аларга туура кам көрүү боюнча кеңештери менен бөлүштү.
Кара-Кулжада 14 жаштагы кызды зордуктагандар кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кетишти.
“Данистенин” назарына түшкөн баяндар: Орусияга акча табам деп барып, кайгы тапкан кыз-келиндер, наристени өлүмдөн сактап калган он жаштагы эр жүрөк Баяман, Жалал- Абаддагы майып ырчынын жеке концерти, Москвадагы кыргыздар көңүл ачкан жайлардагы көйгөйлөр, Аравандагы кыргыз-өзбек чек арасына чеп бол
Жеке ишкер Чүйдө 100 миллион сом каражат коротуп салган “ЮниЛаб” логистикалык борбору ар кандай тоскоолдуктардан улам ишке кирбей турат.
“Данистенин” назарына түшкөн баяндар: расмий Өзбекстандын кыргыз делегациясына сый-урматы, авто кырсык айынан колунан айрылган аялдын тагдыры, айтылуу хирург Мамбет Мамакеев 89-күздү иш үстүндө тосту, Италияда ресторан иштеткен мекендешибиз Натальянын сагынычы, Москванын коюнундагы конуштарга отурук
Бишкекте Taжикстандын Мургаб районунан келген уздар соккон таардан жасалган буюмдардын көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөгө койдун жана топоздун жүнүнөн жасалган таар, үзүк, боз үйдүн белдиктери, куржун жана заманбап кол сумкалар коюлду.
“Данисте” телекөрсөтүүсүнүн бул чыгарылышында оюнга миллиондорду тапкан онкологиялык бейтаптарга каражаты жок кыргыз өкмөтү, базарда кагаз төшөнүп уктаган балага көрүлгөн камкордук, Москвадагы эрежесиз эр уруштарда топ жарган кыргыз мигрант мушкерлери, жаратмандыгы оргуштаган студент, Актурпак күрүч
Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жаңыдан түзүлгөн патрулдук милициянын ишмердиги сынга алынды.
Данисте: моторчу жана роботчу кыздар
Бишкек-Ош жолунда бир үй-бүлө жол кырсыгынан каза болду. Ал эми Бишкек-Балыкчы-Торугарт жолунда автобус оодарылып, көптөгөн киши жаракат алды. Бирок Ички иштер министрлиги жыл өткөн сайын жол кырсыктарынын саны азайып жатат деген ишенимде.
Дагы жүктөңүз