"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Эсиңиздеби, “Азаттык” майып энесин жана бир тууган инисин багуу үчүн эртеден кечке базарда желим баштык чогултуп иштеген Айчүрөк аттуу кыз тууралуу баян жазып, кийинчерээк бул үй-бүлөгө дүйнөнүн төрт бурчунан жардам бергендер чыккан. Учурда Айчүрөктүн үй-бүлөсүн камкордукка алган уюм каржылоосун ток
Бул берүүнү чет жактагы журтташтарга арнадык. Түркиядагы, Украинадагы, Орусиядагы жана Тажикстандын Бадахшан аймагындагы кыргыздардын жашоосун жана ийгилигин чогуу көрөлү.
Учурда камакта жаткан, президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчыларды "Кыргызтесттен" өткөрүү маселесин юристтер, эксперттер, укук коргоочулар талкуулашты. Бул жыйын БШКнын үч мүчөсүнүн демилгеси менне өттү
Маловодное айылынын тургундары, жубайлар Иса Өмүракунов менен Таалайкүл Арзыматова сегиз жылдан бери кароосуз калган балдарды өз үйүндө тарбиялап келет. Учурда 27 баланы багып жатышат. Мындан сырткары барар жери жок же күйөөсү менен ажырашып, кыйын абалга кептелген энелерге да өз үйүнөн орун берет.
Элеттеги окуучулар иштеткен радиотүйүн. Беш баласына кошуп 22 баланы асырап алган боорукер үй-бүлө. Чычкан капчыгайына чакан ГЭС куруп, эко-эс алуу жайын түптөгөн ишкердин жаратмандыгы. Ушул жана башка баяндар "Данистенин" кезектеги берүүсүнүн назарында.
Жалгас Садыр уулу 20 жашта. Жакында эле Казакстанда өткөн жаш төкмө акындар айтышында экинчи орунду ээледи. Аны көпчүлүк казак уулу деп ойлошот. Бирок, Жалгастын улуту кыргыз, азан чакырылган аты Улан.
Сузакта кооптуу жерден көчүрүлүп чыккандар дагы эле жарыксыз, суусуз отурушат, элден чыккан археолог, Кыргызстанда кино тарткан кыз-келиндер жана талаага коё берилген эчкемер. Кеңири баяндарды "Данистеден" көрүңүз.
Кара жумушта жүрүп, кийин бизнес ачкан чет жердеги ишкер журтташтардын ийгилиги, чек арадагы жаңжалдарды азайтууга себеп болгон жарык көчөлөр, "Айкөл Манас" драмасы өзбек театрына алып келген миллион сомдук жардам. "Данистенин" бул жолку чыгарылышында ушул жана башка баяндар тууралуу сөз болот.
Бишкекте “Назиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы. Аялдар Кыргызстандын киносунда” аттуу киноальбомдун бет ачары өттү. Китепте кыргыз жана совет киносунун легендасы Динара Асановадан тартып бүгүнкү күндө ата-мекендик кинематографияда иштеп жаткан кыз-келиндердин бейнеси сунушталган.
Бул жолу “Данистенин” назарына Ноокендеги жарыксыз айылдын, Өзгөндөгү ылай суу ичкен кыштактын турмушу, каражаты жоктугунан кызын борборго дарылатууга алып бара албай жүргөн тогузторолук жалгыз бой эненин арманы түштү.
15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерин сүрөгөн саясий партиялардын ичинен "Ак шумкар" партиясы курултайын биринчилерден болуп өткөрүп, өз лидери Темир Сариевди президенттик жарышка расмий аттандырды.
52 жаштагы Доробшо Хушвахтов үй-бүлөсү менен Кыргызстанда үч жылдан бери жашап жатат.
Нуршат Абабакиров ЮНИСЕФ балдар уюмунун "Супер ата" долбоорунун катышуучусу. Эки баласы бар. Нуршат балдарын кичинекейинен спортко кызыктырып, үч тилди үйрөтүп, үчөөндө тең эркин сүйлөөгө тарбиялап жатат.
"Данисте" телеберүүсүнүн жаңы чыгаралышында Тоолуу-Бадахшандагы жалгыз мейманкананы иштеткен кыргыз жигити, өлүм алдында жаткан наристелерге кам көргөн өлкөдөгү жалгыз хоспис, Ак-Талаадагы чатырда экзамен тапшырган бүтүрүүчүлөр жана башка баяндарды сунуштайбыз.
"Данисте" телеберүүсүнүн жаңы чыгарылышында сынч үйлөрдүн бекемдиги, токойчулардын түйшүгү, Украинадагы журтташтар, кыргыз тарыхы жана маданиятына кызыккан түрк үй-бүлөсү тууралуу баяндар камтылды.
24 жаштагы майып жигит Уландын жашоосунда достору өзгөчө орунду ээлейт. Жол кырсыгынан улам эки буту баспай калган баланын теңтуштары ага каралашып, жөлөп-таяп келишет. Улан жана анын эки досунун бир күндук тирилигине күбө болдук.
"Данисте" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышына беш баласы менен катаал тагдырга туш болгон келиндин жаңы жашоосу, он жылдык жолугушууларды пайдалуу саамалыктарга айландырган айылдык классташтар, өлкөдөгү эң чоң драма театрдын жертөлөсүнө саякат жана башка баяндар камтылды.
Кыргызстанда балдарын жалгыз баккан энелер кадыресе көрүнүшкө айланганы менен, жалгыз бой аталар тууралуу маалымат айтылбайт. Атүгүл алардын саны белгисиз. Жалгыз бой аталар балдарын кантип тарбиялашат? Кара-Балтанын тургуну Жылдыз Ашимов төрт баласын жалгыз тарбиялап жатат.
Данисте" телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында Жерге-Талда болгон жер титирөөдөн жабыр тартып, Чүйгө көчүп келген кыргыздар, буту баспаган жети жаштагы Өмүркандын аянычтуу тагдыры тууралуу баяндайбыз. Ошондой эле Европаны багындырган тенор үндүү журтташыбыз Жеңиш Ысмановдун жаштарга кеп-кеңешин жан
Тажикстандын Жерге-Тал, азыр Лахш деп аталган райондо жер титирөөдөн чочулаган бир нече үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келди. 3-майдан бери кыргыз-тажик чек арасы тарапта ондон ашык жер силкинүү катталып, алардын биринин күчү 7 баллга чейин жеткен. Кыргызстанга келген жергеталдыктар ушул тапта Чүйдүн т
Дагы жүктөңүз