"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Бактардын кыйылганына каршы митингдин катышуучулары Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевди жана айлана-чөйрөнү жашылдандырууга жооптуу башка жетекчилерди кызматтан алып, кылмыш жообуна тартууну талап кылган кайрылуу кабыл алышты.
“Данисте” телетоптомунун бул жолку чыгарлышында: Орусияда колунан айрылып, ооруканада жаткан мекендешибиз укуктук жардам сурап кайрылды. Сузакта кылымдан ашык өмүр сүргөн эже-сиңдилер той беришти. Оор дарттын айынан көзү да көрбөй калган кыздын кайратман жаңы жашоосу учурда жаштарга үлгү болуп, дем
Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында тоок этине уулангандардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Алиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бейтапканага кайрылгандар улам көбөйүп жатат.
Режиссер Темир Бирназаров "Кош келиңиз, Президент мырза" аттуу кинотасма тартты. Сценарий боюнча качкын президент мекенин сагынып, пластикалык операция жасатып Кыргызстанга кайтып келет. Автордун айтымында, жаңы тартылган фильмди аягына чыгуу беш жылга чукул убакытты талап кылган.
Оорукчан атасы, алты бир тууганын баккан 12 жаштагы окуучу кыздын үй-бүлөсү көчөдө калды. Аймактарды өнүктүрүүнү өз мойнуна алган сузактык мигранттар. Оштогу отуз жылдык тарыхы бар куурчак театрынын жомок дүйнөсү. Алайдын Ак-Босого кыштагында отуруп эле ааламга атагы чыккан блогер Жаркынбай Кошбаев
Убагында өзгөчө стили, үнү менен жамы журтка атагы чыккан ырчы, обончу Каныкей эмне үчүн көптөн бери сахнага чыкпай калганы, коомдогу кайсыл көрүнүштөн коркорун жана жаңы чыгармасы тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.
Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.
Жер тилкесине жетпей жүргөн баатыр эне. Апасы каза болуп, атасы таштап кеткен баланын бөйрөгү иштебей калды. Тажикстанга жумуртка экспорттой баштаган баткендик мугалим. Кар менен кошо “эриген” асфальт жолдор тууралуу видео баяндарды “Данисте” теле топтомунан көрүнүз.
Нарындын Оорук-Там айылында 30 гана түтүн эл жашайт. Айыл Нарын шаарынан 130 чакырым узакта жайгашкан. Кышкысын 6 ай бою капчыгай ичи менен кеткен жол жабылат. Элет эли Нарын шаарына 230 чакырым жол жүрүп, Кара-Кужур өрөөнү аркылуу каттоого аргасыз.
Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеген депутаттык комиссия кезектеги отурумун өткөрдү. Анда ЖЭБди модернизациялоонун алкагында 10 миң доллардан кымбат видеокамера коюлганы жана жаңылоого жумшалган каражаттын чоо жайы талкууланды.
Нарындын Кочкор районундагы Сары-Булак айылы балык сатып, үй-бүлө багат. Айылда дыйканчылык кылууга жер жок. Мындан улам жалгыз киреше булагы – балык. Бул жайда илгертен Соң-Көлдүн балыгы сатылгандыктан, жайы-кышы киши үзүлбөйт.
Кыргызстанда бийликке аялдар көбүрөөк келсе, кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Бул жаатта коомдун пикири кандай? Бул суроону Бишкектин тургундарына узаттык.
"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышына Армениянын жаңы шайланган президенти, Казакстандагы ичимдиктерге тыюу салган мыйзам, Өзбекстандагы аткаминерлердин тойлорго баруусуна тыюу салган токтом, Тажикстанда кеңири жайылып бараткан пластикалык операциялар жөнүндөгү баяндар камтылды.
Балыкчыларды кызыктырган тоо арасындагы Ара-Көл, Баткендеги курулушу бүтпөй жатып бузула баштаган “жаңы” мектеп, жаш инженердин кыргызча сүйлөп, кызмат көрсөтө турган роботу жана башка баяндарды “Данисте” телетоптомунан көрүңүздөр.
Нарындын Жумгал районунун Чаек жана Куйручук айылдарынын жайыт комитеттери АРИС өткөргөн тендерге нааразы.
Ырысбек Элтуйбасов 35 жылдан бери Нарындын Кара-Кужур кыштоосунда мал багып келет. Түйшүгү аз деп соңку жылдары топоз менен жылкыны көбөйткөн. Чабан түйшүгү түмөн малдын эти баа болбой, ортомчуларды гана туйтунтуп жатканына нааразы. Ошентсе да ал үй-бүлөсү менен 365 күн тоо койнунда.
Кочкор районундагы Ара-Көл айылы бир гана күйгөн суусу же туз шахтасы менен белгилүү эмес. Бул жердеги көлмө балыкчыларды өзүнө магниттей тартып турат. Балык уулоо үчүн 250 чакырым жол жүрүп,атайын Бишкектен келгендер да бар. Алардын бири Таалай Мамытов жана досу Эркин Матисаков.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деп, 9 миллион сом доого жыгылган журналист Нарын Айыптын 90догу энеси сотторго кайрылды. Үй сатыкка коюлса Райла Идинова небере-жээндери менен талаада калышы мүмкүн.
Кол телефонго кино тарткан нарындык окуучулар, Өзбекстандын ооруканасына каттаган кыргызстандык бейтаптар, улуу муунду ойготкусу келген дарыгер, кыргыз аба жолундагы алгачкы стюардессалардын бири Тлеухор апа башка адамдар тууралуу баяндарды “Данисте” тележурналынан көрүңүз.
Дагы жүктөңүз