"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Акын жана жазуучу Олжобай Шакир поэзия сүйүүчүлөрдү 22-майда опера жана балет театрына чогултту.
Таласта жол боюна тигилген төрт жарым миллион сомдук туя-арчалары куурап калды.
Ысык-Ата районунун тургуну Кылыч Аргынбеков 30 жылдан бери гүл өстүрөт. Анын короосунда 200дөн ашык гүлдүн түрү бар. Үй-бүлө, бала-бакырасын гүл менен багып жаткан каарманыбыз бул иштин оош-кыйышы тууралуу айтып берди.
Сегиз жылдан бери Дубайда ишкерлик кылган кыргызстандык Жанара Борончуева. АКШдан Жалал-Абадга көчүп келип, оорукчан балдарды караган боорукер кыз Калла Вен. Мамлекеттик кызматтан фермерликке кеткен Марат Жусупов малдын туягын санабай, сапатын жакшырткысы келет. FIFA футбол Академиясы Ошто кыздар үч
«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмеси жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 9 миңге жакын айдоочунун ичинен бирөө да балдардын автоотургучун колдонгон эмес. Андан тышкары балдардын төрттөн бир бөлүгү гана коопсуздук курун тагынары аныкталган.
96 жаштагы Керимбай Элебесов 17 жашында согушка кетип, Орусия, Украина, Беларуста согушка катышкан. Согуш талаасында эки жолу ок тийип, жараат алган ардагер от кечкен жылдар, Мекенде калган ата-энеси, 1946-жылы кайтып келип, там-туң баскан уулун көргөндөгү сезимдери менен бөлүштү.
7-майда Жогорку Кеңеште уран кенин казууга түбөлүк тыюу салган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өттү.
Ысык-Атада курулушу бүтө элек жаңы мектеп урай баштады. Орусияда иштеген кыргызстандык ата өз айылына бала бакча куруп берди. Нарында тери ыштап, кымыз чаначтарын жасагандар. Гонгконгдук балдарга математикадан сабак берген кыргыз бала. Аскадан секирип коркунучтан арылгандар.
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылынын 200дөй тургуну 2-майда жолду тосуп, бийликке үч талап коюшту. Түштөн кийин алар менен аталган райондун акими жолугуп, маселени тез арада чечүүгө убада берди.
Депутат Исхак Масалиев башында турган Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын мүчөлөрү Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата эски аянттан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүшкө чыгышты.
Бишкекте роуп-жампинг деп аталган спорттун экстремалдык түрү кулач жая баштады. Каалоочулар дем алыш сайын борбор калаанын түштүк батышындагы Көгүчкөн шаркыратмасы капчыгайында 60 метр бийиктиктен секиришет. Иш-чараны "Fly Jump" компаниясы бир жылдан бери уюштуруп келет.
29-апрелде Бишкектин 141 жылдыгы белгиленди. Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык салтанатка шаардын мурдагы мэрлери чакырылган. Концертте белгилүү "Ялла" тобу, ырчылар Согдиана, Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, "Инсан", "Элес" топтору жана башкалар ырларын тартуулашты.
Голландиянын тюльпандарын өстүргөн кадамжайлык эне. Мигрант жашоосун фермерликке алмаштырган алабукалык ишкер. Эки жыл мурда келген памирлик кыргыздардын Нарындагы жашоосу. Суусу бар туруп Таза суу долбооруна кошулбай калган Жети-Өгүздөгү айыл.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында уран казууга каршы нааразылык акция өттү. Анда жарандык коом бийликке «Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү материалдарды казуу жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу; Жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов уран кендерин иштетүүнүн коопсуздугу боюнча маселеге карата президент Сооронбай Жээнбеков үн катат деген ойдо. Депутат уран казуу маселесине байланыштуу президент өзүнүн позициясын айтып, бул тармактагы айрым бир алешемдиктерди тар
Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жыл үчүн отчетун эки күн талкуулагандан кийин ага канааттандырарлык деген баа берди. Негизинен Ысык-Көлдөгү уран кенине байланыштуу жагдай, тышкы карыз, инвестициянын өлкөдөн чыгарылып кетиши, кадр саясаты, өкмөттүн өз түзүмү тууралуу суроолор берилип, талкуу болду.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевге арналган «Мезгилдердин чаңы артынан...» деген фото көргөзмө ачылды.
Жоюлуп кетпей сакталып калган Кыргызстандагы жалгыз асыл тукум жылкы заводун калыбына келтирип жаткан жаратман чарбагер. Улан Эгизбаевдин ысымын көчөсүнө коюп алышкан жаңы конуштун акыйкат издеген тургундары. Сүрөтүн сатып дүйнө кыдырган арт-өнөрпоздор. Бишкекке жаз менен кошо келген Жаз майрамы.
Бишкекте XIV эл аралык Jazz фестивалы жыйынтыкталды. Саамалыкка Кыргызстан, Австрия, Швейцария, Түркия баштаган сегиз мамлекеттен келген 11 музыкалык топ катышты. Эл аралык Jazz фестивалы Кыргызстанда 2006-жылдан бери жыл сайын үзгүлтүксүз өтүп турат.
Ак-Ордо жаңы конушунда Уланбек Эгизбаев атындагы көчө пайда болду. Көчөнүн узундугу эки чакырым. Бул конуш жайгашкан жердин документти чечилбей жаткандыктан көчөнүн аты расмий бекий элек.
Дагы жүктөңүз