Сотто УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 7-апрелде митингчилерге ок атууга буйрук бербегенин билдирди.
Ички иштер министрлигинин ичиндеги кадрдык которуулар карама-каршылыктарга, жаңы жаңжалга себепчи болду.
“Супер-инфо" гезитинин кабарчысы Бахияна Сатылганова Бишкектеги №1 тергөө абагына 1 айга камалды.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү гезиттер улуттар аралык кастыкты козутуп жатканын айтып, тартип коргоо органдарын чара көрүүгө чакырды.
Акыйкатчы Турсунбек Акун камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун саламаттыгы начарлап кеткенин айтып чыкты.
12-декабрда Москвада өткөн конгресcке Орусиядагы кыргыздар түзгөн бир нече уюм каршы чыгып, катышкан жок.
Баткендеги Төрткүл суу сактагычынан жайкысын Тажикстанга мыйзамсыз суу сатылган деп жергиликтүү адистер арызданышууда.
УКМК кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү аталган Камчы Көлбаев Дубайдан Бишкекке жеткирилип, камакка алынганын кабарлады.
УКМК бүгүн Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы башчысы Учкунбек Ташбаев камалганын жарыялады.
Кыргызстандын базарларында акыркы жумада ундун баасы 1-2 сомго кымбаттады. Муну унга дүйнөлүк баанын көтөрүлүшү жана өлкөдөгү быйылкы кургакчылыкка байланыштырып жатышат.
Коалициялык көпчүлүккө кирген “Ар-намыстагы” депутаттардын бир бөлүгү коалицияны таратуу боюнча кол топтоду.
Орус ишкерлери өзгөчө Кыргызстандын энергетика, тоо-кен тармактарына инвестиция салууга кызыкдар болуп жатат.
15ке чукул кыргыз тилдүү гезиттин редакторлору жана орус тилдүү “басылманын жетекчиси президентке кайрылуу жолдоду.
Сот мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси баштаган үч адамдын өлүмү боюнча өкүм чыгарды.
Акыркы учурда жол эрежесин сактабаган айдоочулардын айынан мерт болуп калган балдардын саны өсүүдө.
БУУнун изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 300 миңге жакын адам зарыл азык-түлүк менен камсыздалган эмес.
Кыргызстанда Швейцариянын элчилиги ачылды. Кыргызстан - Швейцария алакаларында эмне өзгөрүшү мүмкүн? Бул суроого Кыргызстандын Швейцария, Италия жана Лихтенштейндеги элчиси Гүлнара Искакова жооп берди.
АКШдагы шайлоого Кыргызстандагы америкалыктар да кызыгуу менен көз салып турушту.
Кыргызстандык ишкерлер өлкө жетекчилерин казак тараптын сүт азыктарына тыюусун алдыруу үчүн аракет көрүүгө чакырышууда.
Кыргызстанда жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңеш менен кайрадан соттошууда.
Дагы жүктөңүз