Борбор калаа Бишкектин көчөлөрүнүн бирине Орусия президенти Владимир Путиндин ысымын ыйгаруу сунушу коомчулуктун сынына кабылды.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев мамлекеттик органдарга ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну тапшырып, муну аткарбагандар жазаланаарын эскертти.
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча “жол картага” качан кол коёру белгисиз бойдон калууда. Муну кыргыз тарап биримдикке кирүү шартындагы бир катар ажырымдар менен түшүндүрүүдө.
Бүгүн Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюму ага мүчө өлкөлөрдө түстүү ыңкылаптарды алдын алуу боюнча талкуу уюштуруп жатат.
2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяда үч милиция кызматкери каза таап, жүзгө жакыны ар кыл жараат алган. Алардын бири Бишкек шаардык милициянын кызматкери - Алмаз Акчекеев.
Кыргызстанда бир катар маданият ишмерлери өлкө жетекчилигин бул тармакка көңүл бурууга чакырышты.
Улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде бийликке каршы митинг өткөрөт. Бул тууралуу кыймыл жетекчилери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында жарыялашты.
"Улуттук оппозициялык кыймыл" Бишкек шаарында митинг-пикеттерди өткөрүүгө чектөө киргизилишине каршы акция өткөрөт.
Апрель окуясынын 4 жылдыгынын алдында прокуратура соттолуучулар үчүн жаза мөөнөттөрүн атады.
Кыргызстанда 155 миңге чукул майып бар. Бирок алардын коомго аралашып жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүлгөн эмес. Коомдук пикир, мамиле да майыптардын интеграциясына тоскоол болуп келет. Социалдык өнүктүрүү министрлиги бул жаатта атайын иш баштоодо.
Крымдын Москва атагандай, “тарыхый тамырына кайра кайтышы”, Батыш менен Украина мүнөздөгөндөй аннексиясы - эл аралык укук системасына олуттуу сокку урду. Өз ара кайым айтышкан, бири-бирине санкция киргизген тараптардын аргументтер күрөшүндө ким күчтүү?
Кыргызстандык Талгат Аманов 10 жылдан бери алыскы Мадагаскарда жашайт. Ата Мекенинин тоолору менен ак карын сагынган Талгат тропикалык өлкөдөгү жашоосу тууралуу кеп салып берди.
Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько чукул маалымат жыйынын өткөрүп, Крымдагы акыркы окуялар боюнча түшүндүрмө берди.
Соңку күндөрдө удаама-удаа жаш кыздардын өлтүрүлүшү, борбордун чок ортосундагы атыш бишкектиктерди кыйла чочутуп койду.
"Ата Мекен" фракциясынын Жогорку Кеңештеги "Ырыс алды - ынтымак" деп аталган башкаруучу коалициядан чыгуу чечими анын ыдырашына алып келди.
Кеминдеги Талды-Булак-Сол жээк кенин кытайлык “Алтынкен” компаниясы иштетишине жергиликтүү тургундардын бир тобу каршы.
Кыргызстанда акыркы күндөрү ун, шекер, май, күрүч сыяктуу керектүү азык-түлүктөрдүн баасы 3 пайыздан 10 пайызга чейин жогорулаган.
Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 12-мартта Башкы прокуратуранын алдына митингге чыгып, депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышты.
Келдибековдун тарапкерлери митингге чыкты
Ушул күндөрү БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандагы адам укугун абалы боюнча отчетту угуп жатат.
Дагы жүктөңүз