Пакистандын Жогорку Соту Асия Бибини өлүмдөн куткарып калышы мүмкүн. Дини тарса аял Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген деп айыпталып, 2010-жылы өлүм жазасына тартылган болчу.
Россельхознадзордун билдиришинче, нидерланд гүлдөрүндөгү кесел организмдер экономикага жана айыл чарба өндүрүшүнө олуттуу коркунуч жаратууда.
20-июлда Грециянын банктары үч жумалык тыныгуудан кийин кайра ачылды. Бирок жарандар банктан каалаган өлчөмдө акча ала алышпайт.
Ирандын жок дегенде келерки 15 жылга ядролук бомбага ээ болуу мүмкүнчүлүгү чектелди.
16-июлда Евробиримдиктин финансы министрлери Грецияга 7 миллиард евро насыя бөлүнүшүн жактырды.
Президент Петро Порошенко Украинанын чыгышындагы Донбасс регионуна автономия макамын берүүгө жол ачкан жобону Конституцияга киргизүүнү сунуш кылды.
АКШ Иран менен түзүлгөн ядролук келишимдин мазмунун кенен чагылдырган резолюциянын долбоорун даярдоодо. Дипломаттардын айтымында, долбоор 15-июлда БУУнун Коопсуздук кеңешине киргизилет.
Ирандын ядролук программасы боюнча 12 жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүү келишим менен бүттү. Келишимге дүйнө өлкөлөрү кандай баа берүүдө? Анын Иранга пайдасы кандай?
Жүз барак документ Ирандын ядролук программасын кыскартуунун жана анын ордуна эл аралык санкцияларды алып салуунун жол-жобосун камтыйт.
Ооганстандын жоолошкон тараптары 13 жылдан бери өлкөгө бүлүк салган ич ара согушту басуунун аракетин улантышууда.
7-июлда британдар Лондондо болгон террордук чабуулдардын 10 жылдыгын белгилешти. 2005-жылы “ал-Каида” менен байланыштагы төрт жанкечти метродо жана автобуста жардырган бомбалар 52 адамдын өмүрүн жалмаган.
Өткөн ишемби күнү Киевде патрулдук полициянын биринчи батальону кызматка киришти. Алар Мамлекеттик автоинспекцияны алмаштырат.
Грециялык шайлоочулар бюджеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча эл аралык кредиторлордун талабын көпчүлүк добуш менен колдогон жок.
Р5+1 Ирандын ядролук программасы боюнча кортунду келишимдин жоболору 30-июнга чейин макулдаша алган жок. Сүйлөшүү 7-июлга чейин узартылган жана келишимге кол коюлууга тийиш.
1-июлда Кошмо Штаттар 2015-жыл үчүн Улуттук аскерий стратегиясын жарыялады. Документ мамлекеттик кызыкчылыкты коргоодо армиянын мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт.
Иран жана Р5+1 тобу Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча корутунду келишимге 7-июлга чейин жетишүүнү макулдашты.
Май айында Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) түптөлгөнүнө чейрек кылым толду. 25 жыл мурда негизделген КДК Кыргызстанда коммунисттик бийликтин алмашуусуна жана жарандардын саясый аң-сезимин ойготууга үлкөн салым кошту.
Тажикстандык полковник, ОМОНдун мурдагы командири Гүлмурод Халимов Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна кошулганын интернетте жарыялады.
Казакстандагы беш институционалдык реформа боюнча президент Назарбаевдин "100 кадам" программасы 20-майда коомчулукка жарыяланды.
Польша жаңы президенттүү болду. 24-майда болгон шайлоонун экинчи турунда, экзит-полдун жыйынтыгына караганда, Анджей Дуда 53% добуш алды.
Дагы жүктөңүз