2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Жүздөн ашуун аскердин өмүрүн алган чабуулдан кийин Ооганстанда аскер жетекчилери кызматтан бошотулду.
АКШ президенти Иранды өзөктүк программа макулдашуусунун принцибин аткарбай жатат деп сындады.
Түркия президенттик башкарууну тандады. Бирок эл добушунун дээрлик тең бөлүнүп калышы эмнени билдирет? Ооганстан АКШдан кандай жаңы стратегияны күтүүдө, кырдаалга Орусиянын да ыктымал кийлигишүүсүнө расмий Кабул кандай карайт?
Гаага соту Украинанын Орусия боюнча доосун четке какты.
Азыр Казакстандын кайра латын жазуусуна өтүшүндө саясий негиз барбы? Негизи эле Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн латын арибине өтүүсү кандай тобокелдик менен коштолушу мүмкүн деген суроолорду Али Токтакунов "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Мирхат Шарипжанга узаткан.
Европа соту Орусия барымтага алынгандарды коргой алган эмес, башаламандыкка жол берген деп тапты.
Узап бараткан жумада Кыргызстанда 7-апрель окуялары эскерилди.
2014-жылы башталган кризис, мунай баасынын түшкөнү менен шартталууда.
Арменияда парламенттик шайлоо өттү. Анын мааниси кандай, эмне үчүн Армениядагы саясий процесстерди Кыргызстандыкы менен салыштырышат?
Садыр Жапаров өз өмүрүнө кол салууга аргасыз болгону айтылган түшүнүк каттын көчүрмөсү жарыяланды.
Түркия Сириядагы "Евфрат калканы" аскерий операциясын аяктаганын жарыялады.
Орусиядагы айдоочулар жол салыгын жоюудан тарта өкмөттүн кызматтан кетишине чейин талап кылышууда.
Марттын аягында өтүүчү НАТО жыйынында Орусияга басымды күчөтүү зарылдыгы талкууланары айтылууда.
БУУдагы 123 өлкө ядролук куралга глобалдык деңгээлде тыюу салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштады.
Бозгундагы өзбек оппозициясынын эң таанымалы Мухаммад Салих өзбек президентин колдоп үн катты.
26-мартта Орусиянын ондогон шаарларында антикоррупциялык акциялар өттү.
Крым аннексиясына үч жыл. Орусия Украинадан тартып алган бул жарым аралда эмне өзгөрүү бар? Андагы орус бийлигин колдобогондордун тагдырлары не болду? Вашингтон менен Бээжин ортосунда жаңы диалог башталды. АКШ-Кытай эми атаандашабы же кызматташабы?
Кыйноолорго каршы улуттук борбор беш активист катаал шартта жаза өтөп жатканын айтып чыкты.
15-мартта Кытай парламентинин жылдык жыйыны аяктады.
Учурда тасма Чехиянын борбору Прагада өтүп жаткан “Бир дүйнө” фестивалына катышып жатат.
Дагы жүктөңүз