2023-жылдын ноябрынан бери Мамлекеттик курулуш агенттигин башкарып, былтыртан тарта министрликти жетектеп келаткан Нурдан Орунтаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Ал курулуш тармагындагы көйгөлөр, реновация, реформага байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Литвада 49 жаштагы кыргызстандык Мухаммад Али Нуркулов “террордук уюмду каржылаган” деп шектелип, алты айдан бери камакта отурат.
Таласта азыр төө буурчактан түшүмү кызуу жыйналган маал. Таң аткандан күн батканча талаада техника тынымсыз иштеп, дыйкандар бир жыл бою күткөн түшүмүн жыйнап жатышат. Бул жерде төө буурчак миңдеген үй бүлөнүн негизги киреше булагына айланганына 20 жылдан ашты.
Кыргыз бийлигинен башпаанек сураган украиналык Артем Бородинди 2025-жылы жергиликтүү милиция Орусиянын өтүнүчү менен Бишкекте кармаган. Ал бир жылдан ашык тергөө абагында отурду.
Каракол - орус оторчулугу менен түптөлгөн Ысык-Көлдүн жээгиндеги алгачкы калктуу конуш. Конуш катары 19-кылымдын 70-жылдарында түптөлө баштап, эски курулуштарын азырга чейин сактап калган.
Мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура текшерүү баштаганы белгилүү болду. Буга чейин "Кыргызгидрометтин" кызматкерлери Ажикеевдин тушунда “Байтик” станциясындагы курулуш "мыйзамсыз салынган" деп доомат коюп жатат.
Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылы акыркы жылдары кулпунай, кожогаты менен таанылып калды. Жергиликтүүлөр тамаша-чын аралаш айылын "Кичи Англия" деп атап алышкан. "Данисте" Чоң-Өрүктүнүн эмгекчил элинин бизнеси тууралуу айтып берет.
Стив Свердлоу – Эл аралык HRW уюмунун Борбор Азия боюнча мурдагы улук изилдөөчүсү, аталган уюмдун Кыргызстандагы, Өзбекстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүктөрүн жетектеп келген укук коргоочу катары таанымал. Бирок анын көпчүлүк биле бербеген дагы бир кызыктуу өнөрү бар.
“Элдин балдары” видеоподкастынын бул жолку коногу - скульптор Тамила Маматова. Элеттик кыз кантип эл аралык деңгээлде таанылган айкелчиге айланды? Өнөр аркылуу жарандык позицияны туюнтуу мүмкүнбү? Скульпторлордун жаңы мууну эмнеге муктаж? Маектен көрүңүз.
Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштуруп келаткан “Умтулуу-2023” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, 15-декабрда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. 2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан сынакка быйыл жалпы 163 иш жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында алты номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү сунушуна каршы пикирин билдирип, тынчтык митингине чакырган жарандык активист Афтандил Жоробеков эки айга камалды.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды. Ал арада коомчулук, жаштар бул демилгеге каршы экенин билдирүүдө.
Генетикалык банк - Кыргызстандагы 2600дөн ашуун айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиштердин генофондун сактайт. Генбанк 2010-жылы Швеция өкмөтүнүн жана Скандинавиялык генетикалык ресурстар борборунун Nordgen долбоорунун колдоосу менен ачылган. Азыр кыргыз өкмөтү каржылайт.
“Азаттык+” бул ирет Кыргызстанда дрон курап, протез чогултуп, роботтор беттешинде эл аралык сынактарды, чемпионаттарды багындырган жаштарды көрсөтөт.
“Азаттык плюстун” бул жолку чыгарылышы тарых жана ата-бабаларды эскерүү жумалыгына арналат. Бул ирет тарыхты, ата-бабаларды креативдүү, чыгармачыл, заманбап ыкмалар менен таанытып жаткан жаштар менен таанышасыз.
Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча менен ооруган 3000ге чукул бейтап катталды, алардын басымдуусу - балдар. Оору Бишкек, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында көп катталып жатат.
Орточо айлык 32 миң сом деп белгиленген Кыргызстанда батирлердин ижара акысы 30 миң сомду түзүүдө. Мындай кырдаалдан жаштар кантип чыгып жатышат? “Азаттык+” берүүсүнөн көрүңүз.
Кыргыз эл жазуучу, агартуучу, тарыхчы Кеңеш Жусупов быйыл 86 жашка толду. Учурда калемгер карылыкка моюн сунбастан, китеп түзүү менен алектенүүдө. Жарык көрүү алдында турган “Кыргыздар” аттуу 40 томдук китепти Каныбек Иманалиев менен бирге түзгөн.
Коомдо кызуу талкуу жараткан "Күн кармаган бала" спектаклинин режиссеру Уланмырза Карыпбаев "Азаттыктын" "Элдин балдары" подкастына маек курду.
Кыргызстандын шоу-бизнесинде алгач эл аралык сынактарга, шоу долбоорлорго катышкандан кийин элге таанылган маданият өкүлдөрү арбын. Адатта ушундай долбоорлорго барып келгендердин көбү коомдо талкуу жаратып, элдин мактоосуна арзыйт.
Дагы жүктөңүз