Токтогул районундагы Чычкан капчыгайын түндук менен түштүктү бириктирип турган кан жол катары жана шам шум эте турган ашканалары менен гана элестетип келебиз. Негизи Чычкандын туристтерди кабыл алуу потенциалы чоң.
Долбоордун өкүлдөрү тургундарга таштандыларды пластик, кагаз, коркунучтуу жана тамак-аштын калдыгы деп төрт түргө өз-өзүнчө бөлүп таштоого үйрөтүп, түрдүү таштандылар салынуучу атайын челектерди да уюштурушкан.
Бишкектин жогору жагындагы Чуңкурчак эс алуу маданий - этно комлексинде “Кийиз дүйнө көчмөн руху” долбоорунун алкагында кыргыз аялдарынын улуттук кийимдерин тигүү, жасалгалоо боюнча чеберлердин семинары болду. Семинарды “Миң кыял” коомдук фонду уюштуруп, аялдардын эзелтен келаткан кийимдеринин сынын
29-майда Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдык мааракесине карата аскердик техникалар көргөзмөсү өттү.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров адамды барымтага алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, УКМКга жеткирилди.
Кыргыз кантип америкалыктардай эле англис тилинде сүйлөй алат? Максат Муктаров алгач ушул суроону карманып сабак берип баштаган. АКШ, Германияда окуп келип Москвада, азыр Кытайда жашап англис тилин үйрөтүп келет. Кандай гана нерсени үйрөнүүдө, киши ага жаш баладай мамиле жасаса ийгиликке жетет дейт
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев убактылуу кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Сарпашев бул иш-аракеттерди анын оппоненттеринин каралоо максаты катары сыпаттап, саясий күрөшкө даяр экенин айтты.
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 6-февралда журналисттерге маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы тууралуу сандарды жарыялады.
Жогорку Кеңештин төрагасын чакыртып алуу оюнан "Республика - Ата-Журт" фракциясы баш тартты. Бул тууралуу 6-февралда өткөн маалымат жыйында фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев быйыл күзүндө болчу президенттик шайлоого катышат. Мындай резолюция “Ак шумкар” партиясынын конференциясында кабыл алынды.
Бишкекке көчмө зоопарк келип, андагы жаныбарларды көрүүгө баргандар арбын. Бул жерден кызыл китепке кирген, сейрек кездешкен жаныбарларды кездештирүүгө болот.
Бөйрөгү оорулуу, гемодиализ алган жарандар аларга жеңилдик берген Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун программасын 2017-жылга узартып берүүнү жана ага оорулууларды толугу менен киргизүүнү суранып жатышат. Оорулуулардын жакындары буга байланыштуу президентке кайрылуу жолдошту.
Акыркы жумалардагы автомобиль газынын таңсыктыгы баалардын көтөрүлүүсү менен коштолду. 8-октябрда автогаз дагы бир сомго кымбаттап, 24,5 сомго чыкты. Акыркы төрт айдын ичинде автогаздын баасы Кыргызстанда 5-6 сомго чейин жогорулады.
Жогорку Кеңеште 7-октябрда Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоор боюнча парламенттик талкуу кызуу өттү. Анда референдум өткөрүүнү жактагандар бир катар олуттуу маселелер конституциялык реформасыз чечилбейт деп ынандырганга аракет кылышты.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы Бишкекте бүгүн уюштурулган курултай резолюция кабыл алуу менен аяктады.
Парламент турмуш курууга жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды.
Насыячылардын күйүтү жана үмүтү
Өткөн аптадан бери Коомдук биринчи канал июнь коогасы боюнча айыпталган Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишине “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин тиешеси бар, ал бир топ мүлкүн апрель ыңкылабынан кийин топтогон деген мазмундагы материалдарды кайра-кайра көрсөтүп жаткан эле.
Дагы жүктөңүз