"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Орозо быйыл жайдын аптабына туш келет. Олимпиадага катышып, ошол эле маалда 5 парздын бирин аткарууну каалаган мусулман-спортсмендер кантет?
Бүгүн Кытай тарыхында биринчи жолу космоско аял-тайконавт сапар алды. Майор Лю Цзянг космоско аттанган аялдардын тизмесин толуктамакчы.
БУУ Башар Асаддын режимин жашы жете элек балдарды кыйнаган, өлтүргөн же согушка күчтөп салган өкмөттөрдүн кара тизмесине киргизди.
Парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы президент Олланддын партиясынын жеңиши менен аяктады.
8-июнда Украина менен Польшада футбол боюнча Европа чемпионаты башталат.
Казакстандын Актау шаарынын соту Жаңы-Өзөн шаарындагы окуялар боюнча соттолуп жаткан 37 кишинин өкүмүн угузду.
Кыргызстан Улуттар Уюмунун алкагында калабалуу аймактарда тынчтык орнотуу ишине салым кошуп келатат.
БУУ жана Араб Лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Кофи Аннан дүйшөмбүдө Дамаскиге барды.
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эмки жылдын ортосуна чейин Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо милдетин жергиликтүү армияга өткөрүп берүү планын колдошту. Чикагодогу саммитте ошондой эле согуштук бөлүктөрдү Ооганстандан 2014-жылдын этегине дейре толугу менен чыгаруу долбоору жактырылды.
Учурда Түркияда иштеп жаткан белгилүү кыргыз балеринасы, СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева “Азаттык” менен ой бөлүштү.
Ит талаштарына Ооганстанда мыйзам боюнча тыюу салынганы менен андай оюн-зоокко кызыккандар дагы деле көп. Кандуу спортко каршы болгондор өкмөт жаныбарларды коргоо чөйрөсүндө мыйзамдарды күчөтүшү керек дешет.
Пакистан жетекчилери өлкөнүн чек арасын НАТОнун күчтөрү үчүн ачууну талкуулап жатышат. Бул чек ара аркылуу эл аралык коалиция кошуна Ооганстандагы аскерлерге жүк ташуучу. Транзит жолу өткөн ноябрда НАТОнун соккусунан пакистандык 24 аскер окко учкандан кийин жабылган.
6-майда Францияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Франсуа Олланд - 52%, Николя Саркози 48% добушка ээ болду.
Жаңы президенттин ысмы жергиликтүү убакыт боюнча кечки сегизде белгилүү болоору күтүлүүдө.
Жапония акыркы 40 жылдын ичинде алгачкы жолу атомдук энергиясыз калды.
Алдын ала санактарга караганда, Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасын социалист Франсуа Олланд жеңди.
Кыргызстандын атайын кызматы маалымат коопсуздугун бекемдөөгө киришти. “Өңүт” маалымат коопсуздугу жана сөз эркиндигин талдайт.
Украина президенти Виктор Януковичти сөзгө чечен деп атай албайсың. Бирок анын калеминен чыккан китептер былтыр авторуна 2 миллиондон ашуун доллар киреше алып келген.
Грузиянын расмий булактары ырасташкандай, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванаяга анын укуктук макамы аныкталмайынча Тбилисиде калууга уруксат берилди.
Оксана Малеваная Подольская деген ысым жазылган жалган паспорт менен жүргөн.
Дагы жүктөңүз