"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Саналуу мүнөттөрдөн кийин АКШда экинчи президенттик мөөнөткө киришип жаткан Барак Обама Капитолийде расмий ант берет.
Исламчылардын чабуулуна туш болгон Сахара чөлүндөгү газ ишканасында чет өлкөлүк 41 адис барымтага алынган.
Жекшембиде Лос-Анжелесте “Алтын глобус” киносыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду. Бен Аффлек эң мыкты режиссер, анын "Арго" деген тасмасы эң мыкты фильм деп аталды. 70 жылдан бери ыйгарылган “Алтын глобусту” Оскардын алдындагы репетиция деп атап коюшат.
Франциялык актер Жерар Депардье буга дейре кинодо аткарган ролдору аркылуу белгилүү болсо, соңку апталарда анын ысымы дүйнөлүк маалымат каражаттарынын бетинен түшпөй келатат.
Аргентиналык Лионел Месси 4-жолу катары менен дүйнөнүн мыкты футболчусу экенин тастыктады.
Рим папасы Бенедикт XVI Ватикандагы Ыйык Петр аянтында салттуу болгон кайрылуусун жасады.
22-декабрда Пакистанда орун алган жардыруудан набыт болгондордун саны 9 кишиге жетти.
Кыргыз кино өнөрүнүн залкар устаты, таланттуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин дүйнө салганына 11 жыл толду.
Президент Обама АКШда балдарды коргоо үчүн жетиштүү чара көрүлбөй жатканын моюнга алды.
Шаршембиде Каирде президентти колдогондор менен каршы чыккандар кагылышып, кеминде 5 киши набыт кетти.
Transparency International уюмунун быйылкы баалоосунда Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинде 154-орунга жайгашкан.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ушу тапта жер жүзүндө ВИЧке чалдыккан 34 миллиондой киши жашайт.
Испанияда 25-ноябрда регионалдык шайлоодо Каталониянын бөлүнүшүн жактаган партиялар жеңишти.
Бороон-чапкын менен суу ташкын АКШ менен Канадада 40тай кишинин өмүрүн алып кетти.
Дубровкадагы трагедияда набыт болгондордун жакындары бийлик куткаруу операциясындагы каталарын мойнуна алат деп үмүттөнүшөт.
ФБРдын агентинин иликтөөсү М.Бакиев менен Е.Гуревичтин ишкердик өнөктөштүгү 2010-жылдан кийин дагы уланганын ачыктайт.
12-октябрда эртең менен Улуу Британиянын укук коргоо органдары Кыргызстан жана АКШнын өтүнүчү боюнча Максим Бакиевди кармады.
Орусиялык саясий аналитик Сергей Маркедонов Кыргызстанда 3-октябрь күнү болгон окуялар өлкөдөгү бейстабилдүүлүктөн, саясий маданияттын өзгөчөлүгүнөн кабар берет, бул жерде тышкы күчтөрдү издөөнүн кажети жок деп эсептейт.
Коопсуздукту камсыздоону өз колуна алууга камынып жаткан Ооганстан саясий кризиске батышы мүмкүн. Мындай эскертүүнү Эл аралык кризис тобу жаңы баяндамасында билдирет. НАТО баштаган эл аралык контингент Ооганстандан 2014-жылдын аягына чейин чыгып кетмекчи.
Пакистанда оппозициялык саясатчы Имран Хан Исламабаддан Түштүк Вазиристан аймагына карай жүрүш уюштурду.
Дагы жүктөңүз