"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
АКШ Деңиз аскерлеринин командалык борборунда 12 кишини атып өлтүргөн адам мурдагы резервист болуп чыкты.
"Азаттыктын" ар кайсы кызматтары даярдаган жаңылыктар топтомун сунуш кылабыз.
АКШ президенти Барак Обама Орусиянын Сирия боюнча жаңы демилгесине мүмкүнчүлүк бериш керек деп билдирди.
Орус президенти БУУнун Сирияга каршы аскерий сокку тууралуу резолюциясын колдоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Азербайжандын БШКсы оппозиция көрсөткөн Рустам Ибрагимбековду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты.
АКШ жана Британия Сирия өкмөтү химиялык курал колдонду деген маалыматтарга камтама болуп жатканын билдиришти.
Сирия оппозициясы өкмөттүк күчтөр жайкын тургундарга каршы химиялык курал колдонду деп айыптоодо.
Адам укуктарын коргогон жергиликтүү жана эл аралык уюмдар Египетте "Мусулман агайындар" кыймылынын 36 жактоочусунун өлүмүн тергөөнү талап кылышууда.
Нарындагы Долон жана Эки-Оттук жайлоолорунда эл аралык уюмдардын колдоосу менен малчылардын балдары үчүн уникалдуу бала бакчалар иштеп жатат. Боз үйдөгү бул бакчалар саат 9дан түшкү 12ге дейре иштеп, 3 жаштан 14 жашка чейинки балдарды кабыл алат. "Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду менен ЮНИСЕФтин биргелешкен "Билим кербени" долбоорунун алкагында 30-31-июлда Кыргызстандын башка аймактарындагы билим берүү адистери жайлоодогу бала бакчалардын иши менен таанышты.
Кыргызстан советтик мезгилде Өзбекстан менен Тажикстан убактылуу пайдаланууга алган мунай жана газ чыккан жерлерин кайтарып алууну көздөөдө. Бирок ал натыйжа береби? Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров ушул маселе боюнча суроолорго жооп берди.
АКШнын Улуттук коопсуздук мекемесинин мурдагы аналитиги Эдвард Сноуден Орусиядан баш паанек сураган арызын кайтарып алды.
Бразилиянын футбол командасы үчүнчү жолу катары менен ФИФАнын Конфедерациялар кубогун жеңди. Финалда алар 3-0 эсеби менен дүйнө жана Европа чемпиондору Испанияны утуп алды.
АКШ жашыруун программасы жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгуусу коопсуздукка орчундуу зыян келтирээрин белгиледи.
Бразилияда Конфедерациялар Кубогу үчүн мелдештер өтүүдө. ФИФА бул турнирди 9 жылдан бери уюштуруп келатат. Ага 6 континенталдык чемпионаттардын жеңүүчүлөрү, дүйнө чемпиону жана Кубок өтүп жаткан өлкөнүн командалары катышууда.
Жозе Моуриньо “Челсини” машыктырмай болду. Тагыраак айтканда, ал лондондук клубга 6 жылдан кийин кайтып барууда. Футбол адистери ал жердеги ийгиликтерине жараша Реалдагы акыркы сезонго чындап эле ички жаңжалдашуулар таасир эттиби, же Моуриньо машыктыруучу, менеджер катары формасын жоготуудабы деген суроого жооп берсе болот дешет.
Дэвид Бэкхем 38 жашында футболдук карьерасын аяктады. "Пари Сен Жермендеги" акыркы матчка ал капитан катары чыкты. Клубдун машыктыруучусу Карло Анчелотти болсо "Реал Мадридге" кетүү ниетин шардана кылды.
Козголоңчулар өкмөттүк аскерлерге Ливанда жайгашкан "Хезболла" тобунун күчтөрү көмөктөшүп жатканын ырастоодо.
Пакистандын Карачи шаарында “Техрик-э-Инсаф” партиясынын мүчөсү, саясатчы Зохра Шахид Хусейнди атып кетишти.
Франциянын чемпион наамын 19 жылдан кийин жеңген Пари Сен Жермендин майрамдык иш-чаралары бейбаштык менен коштолуп, 30 киши жараланды. Англиянын чемпиону Манчестер Юнайтед болсо кезектеги чемпиондугун 26 жылдан бери клубду машыктырып келген сэр Фергюссон менен акыркы жолу белгиледи. Даңазалуу устат пенсияга кетээрин өткөн шаршембиде жарыялаган.
Дагы жүктөңүз