"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Freedom House бейөкмөт уюму жаңы докладында постсоветтик өлкөлөрдөгү демократиянын төмөндөшүндө Орусия чоң роль ойноп жатканын белгилейт.
Бразилиянын президенти Дилма Русеф өлкө футбол боюнча дүйнө чемпионатына даяр деп ишендирди.
Астана менен Москва Казакстанда атмодук станция куруу боюнча меморандумга кол койду.
Индиянын жаңы өкмөт башчысы Нарендра Моди Пакистан премьер-министри Наваз Шарифти анын өлкөсүндөгү согушкерлерге каршы күрөшүүгө үндөдү. Эки жетекчинин жолугушуусу 27-майда Делиде өттү.
Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык бизнес-форумду Батыштын ондогон компаниялары бойкоттошту.
Европада 22-25-майда өтө турган шайлоодо Москваны колдогон партиялар жеңиши ыктымал. 28 өлкөнүн шайлоочулары Европарламенттин 751 депутатын тандоого тийиш.
Крым татарларынын лидерлери сталиндик депортациянын 70 жылдыгын эскерген жүрүштү өткөрбөөнү чечишти.
Киев өкмөтү жана Батыш Украинанын чыгышындагы жикчилердин референдумун “мыйзамсыз” деп баалашууда.
Орусияда үстүбүздөгү аптада интернет эркиндигин чектөө аракеттери байкалды. Активисттер болсо интернет оппозиция үчүн олуттуу инструментке айланганын айтып, бийликтен бир кадам алдыда болушубуз керек дешет.
Барак Обама Орусия Женевада жетишилген макулдашууну аткарбаса, өнөктөштөр Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө даяр болушу керек деди.
Орусиялык аскерлер Крымдагы референдумдун калыс өтүшүн камсыздоо үчүн жарым аралга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу кечээ президент Владимир Путин түз эфирдеги баарлашуу учурунда билдирди.
НАТО Украинадагы кризиске жооп иретинде чыгыш чек араларын бекемдейт. Бирок кошумча аскерлердин саны жана операциянын башка деталдары жөнүндө айтылган жок.
Киев өлкөнүн чыгышындагы соңку окуялардын артында Орусия турганын далилдеген фактылар бар деп ырастоодо.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын сунушу менен Украинанын чыгышындагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү.
Украинанын ички иштер министри Словянск шаарындагы “антитеррордук операция” учурунда эки тараптан тең өлгөндөр жана жарадар болгондор бар экенин маалымдады.
Стамбулда Кыргызстандын Башкы консулдугунун жаңы кеңсеси ачылды. Жаңы конуш Түркия жергесинде кыргыз маданиятын таанытуу, туристтерди тартуу иштери үчүн да пайдаланылмакчы. Ачылыш аземине Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин, Анкарадагы элчиликтин жооптуу кызматкерлери, "Кыргызстан достук жана маданият уюмунун" мүчөлөрү, Түркияда иштеген, окуган мекендештер жана Стамбулдагы башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү катышты. Стамбулдун Таксим аянтындагы имаратты оңдо-түзөөгө "Кыргызстан достук жана маданият" коому каржылык жактан жардам берди.
Расмий маалыматтарга таянсак, эмгек мигранттары Кыргызстанга жылына 2-3 млрд. доллардан көп акча салышат. Ал каражатты туура пайдаланып, ишкерликке жумшоого жардам берчү "Кенч казына" акционердик коому түзүлдү.
После событий вокруг Крыма общественное мнение в постсоветских странах ЦА разделилось.
“Чоң жетиге” кирген өлкөлөрдүн лидерлери Гаагада Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышынан кийинки кадамдарды талкуулаганы жатат. Крымда болсо орус аскерлери Украинанын улам бир базасын күч менен басып алууда.
Орусия парламентинин жогорку палатасы – Федерация кеңеши Украианын Крым жумуриятын Орусияга кошуу боюнча келишимди ратификациялады.
Дагы жүктөңүз