"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта калды. Анын жактоочулары үй камагына чыгарууну талап кылып, эки күн сот алдына чыгышты.
5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Кыргызстанда бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялады.
Садыр Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырып оңдоп чыкты.
Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканы расмий жарыяланды. Соңку бир сутка ичинде вирус расмий аныкталгандардын эсеби 700дөн ашып, акыркы айлардан берки эң жогору көрсөткүч болду. Пандемия башталган бир жыл ичинде илдеттин курмандыктары 1 916га жетти. Адистер чынында ооругандар жан
31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалды.
Кыргызстандын райондорунун дээрлик бардыгында акимдер жаңыланып, ротацияланды. Бийлик бул аракет "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү" жарлыкка ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн арттыруу максатын көздөөрүн белгилеп жатат.
Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн иликтеп жаткан Мамлекеттик комиссия «Кумтөр Голд» ишканасы 459 миллиард 558 миллион сом төлөөгө милдеттүү экенин алдын ала билдирди. «Центерра Голд» Кумтөргө байланыштуу кыргыз бийлигинин соңку чечимдерин "таптакыр негизсиз" деп эсептей турганын билдирди.
"Азаттыктын" “Эксперттер талдайт” программасынын бул жолку чыгарылышында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, кризистен чыгуу жолдорун талкууланды.
Бир нече партиялардын өкүлдөрү 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгып, Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Алар шайлоодо административдик ресурс колдонуу жана добуш сатып алуу жапырт орун алганын белгилеп, кайрадан шайлоо өткөрү
11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. "Бул эки жараяндын жүрүшү жана кыргыз коому үчүн маанисин талкуулайбыз.
Токсонго жакын кишинин өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына быйыл 11 жыл болду. Кыргызстанды башкарган Аскар Акаев 2005-жылы март ынкылабында, Курманбек Бакиев болсо 2010-жылы элдик толкундоодо чет мамлекетке кетүүгө аргасыз болушкан.
Кыргызстандын бийлиги коңшулар менен чек ара маселелерин чечүү иштерин тездетерин билдирип, Өзбекстан менен бул жаатта протоколго кол коюлганын жарыялады. Эки өлкөнүн ортосундагы соңку макулдашуулар жана аракеттердин мааниси кандай? Алдыда Тажикстан менен чек ара маселелери качан, кандай шартта чечи
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна эксклюзивдүү интервью берди. Маекте мамлекет башчысы конституциялык реформа, тышкы-ички саясат, кошуналар менен мамиле, оппозиция, демократия, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу бир катар талылуу суроолорго жооп берди.
Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ парламентте депутаттардын кызыл чеке талашын жаратты. Айрым депутаттар долбоордун демилгечиси болуудан баш тартты.
Жогорку Кеңеште 17-февралда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сунуштаган депутаттар менен аны иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн жыйыны өттү. Анда Конституциялык кеңешменин иши жыйынтыкталганы, мындан ары долбоорду өзгөртүү маселеси парламенттин колунда экени айтылды.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын коногу - октябрдагы элдик толкундоолордон кийин Кыргызстандын баш прокурору болуп дайындалган Курманкул Зулушев.
Коомчулукта жаңы өкмөттүн курамы, азыркы кыйын кырдаалдан чыгаруу дарамети, даярдыгы жана ага 6-октябрдагы окуялардын активдүү катышуучуларынын кирбей калганы талкууланып жатат. Кыргызстан кандай премьерге жана өкмөткө муктаж? Жаңы өкмөт батыл реформаларга барып, азыркы кризисти жеңилдете алабы?
Аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө эмне себеп болууда? Зомбулукка каршы күрөшүү аракети эмнеге натыйжа бербей жатат? "Эксперттер талдайт" берүүсүндө кыргыз коомундагы үй-бүлөлүк зомбулук жана аны кантип токтотуу керек деген суроого жооп издейбиз.
Дагы жүктөңүз