Батыш менен Орусиянын тиреши күч алды. Украинанын чек арасынын жанында жүз миңден ашуун орус аскери топтолуп турат. Орусия “НАТО Украинадан, Борбор Азиядан оолак турушу керек” деп катуу талап коюуда. Москва эмнени көздөйт? Бул маселеде Кыргызстандын позициясы кандай?
Лыжа спортунун чебери кыргызстандык Максим Гордеев өлкөнүн атынан кышкы Олимп оюндарына жолдомо алган жалгыз спортчу. Ал "Азаттыкка" курган маегинде февралда Бээжинде өтчү Олимп оюндары, Кыргызстандагы тоо лыжа спорту жана Каракол лыжа базасы тууралуу ой бөлүштү.
Амега - жасалма интеллект тармагындагы новатордук жетишкендиктердин жардамы менен адам сыяктуу эле жүзүн кыймылдата алат. Британиялык Engineered Arts компаниясы Амеганы жасоого төрт жыл убакыт короткон. Эми ал Лас-Вегаста өткөн эл аралык технологиялар көргөзмөсүндө көрсөтүлүп, жаңылык жаратты.
4-февралда Бээжинде XXIV Кышкы Олимпиада башталат. АКШ жана бир катар мамлекеттер Кытайдагы адам укуктарынын абалына, Шинжаңдагы мусулмандарды басмырлоого, Тибеттеги, Гонконгдогу антидемократиялык аракеттерге нааразылык билдирип, дүйнөлүк мелдештерге расмий делегацияларын жөнөтпөөнү чечти.
12-январда Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы эки бейтаптан аныкталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки айдын ичинде Европа калкынын жарымынан көбү "омикронго" чалдыгышы мүмкүн деп 11-январда эскертти. АКШда аны бир күндө бир миллиондон көп киши жуктуруп алды.
Казакстандын тарыхындагы эң ири нааразылык жана башаламандык ондогон адамдын өлүмү менен аяктады. Өзгөрүүнү каалаган карапайым калктын мүдөөсү ишке аштыбы? Ордо оюндарында ким утту? Коңшу өлкөдөгү кырдаалдан Кыргызстан кандай сабак алышы керек? “Биз жана дүйнө” программасынан көрүңүз.
АКШда Дональд Трамптын тарапташтарынын Капитолийди басып алуу аракети, Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо жана конституциялык референдум, Алексей Навальныйдын камалышы, Израил полициясы менен палестиналыктардын чоң жаңжалга айланган кагылышы, Ооганстанда “Талибандын” бийликти басып алышы.
Суук түшөрү менен Борбор Азияда электр энергиясына болгон таңкыстык курчуду. Чөлкөмдүн бүтүндөй калкына электр жарыгы үзгүлтүк менен берилүүдө. Борбор Азиядагы энергетикалык кризистин себеби эмнеде?
Орусияда мигранттардын санын азайтуу, курулуш өңдүү кээ бир тармактарда аларды жергиликтүү жумушчуларга алмаштыруу, миграциялык мыйзамдарды катаалдаштыруу демилгеси акыркы айларда өзгөчө көп көтөрүлө баштады. Мындай чакырыктарга эмне себеп болууда жана эмнеден кабар берет? Орусия мигранттарга чындап эле муктаж эмеспи? Кыргызстандык мигранттарды саясатчылардын айткандары чочулатабы?
Коронавирустун B.1.1.529 үлгүсүндөгү жаңы штаммы же омикрон-штаммы тууралуу эмне белгилүү? Эмне себептен окумуштуулар андан чочулайт? Ал канчалык коркунучтуу жана азыркы вакциналар андан коргой алабы?
Беларус-Польша чек арасындагы миграциялык кризис 10дой адамдын өмүрүн алды. Европада жакшы жашоо издеген мигранттар чек арага өзүлөрү келиштиби же Лукашенконун «саясий оюнчугуна» айланыштыбы?
Дүйнөдө алгачкылардан болуп эффективдүү вакцина иштеп чыгып, анын өндүрүшүн жолго салган Орусияда эмне себептен коронавирус күнүгө бир миңден көп кишинин өмүрүн алууда? Айрым адистер азыркы көрүнүштү эмделбегендердин пандемиясы деп аташууда.
Глазгодо өтүп жаткан БУУнун климат саммити Жер шарын сактап калууга багытталган “акыркы аракет” катары сыпатталууда. Ага катышкан президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулуктун алдыда Кыргызстандын милдеттенмелерин жарыялады. Глазгого чогулган лидерлер тарых нугун бура алабы?
“Бүгүнкү Өзбекстан – кечээки Өзбекстан эмес”. Экинчи президенттик мөөнөткө шайланган Шавкат Мирзиёев Өзбекстан өзгөргөнүн, алдыда чоң максат турганын жар салды. Анын дээрлик атаандаштык жок шайлоодогу жеңишин Борбор Азиянын лидерлери жапырт куттукташты. Мирзиёевдин кайра шайланышы чөлкөм үчүн эмнеси менен маанилүү? Кыргыз-өзбек алакасы кандай абалда?
Немис композитору Людвиг ван Бетховен каза болгондон кийин анын бүтпөй калган 10-симфониясынын бир канча ноталары табылган. Жасалма интеллектинин жардамы менен аны аягына чыгаруу демилгеси ийгиликтүү аяктады. 9-октябрда Бетховен туулган Бонн шаарында атактуу композитордун 10-симфониясы жаңырды.
Бензин бир нече айдан бери кымбаттоонун үстүндө. Буга удаа, 15-октябрда өлкөдө электрэнергиясына жана жылуулукка жаңы тарифтер киргизилди. Буга чейин электрди үнөмдөө максатында айрым көчөлөрдө кечкисин жарык өчүрүлөрү кабарланган.
Германиянын Франкфурт шаарында кыргызстандыктар түптөгөн BIZ коомдук бирикмесинин ачылыш аземи өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашаган журтташтар, Кыргызстандын Германиядагы элчиси жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
NASA уюму Эл аралык космикалык станцияга төртүнчү экипажын SpaceX Dragon борту менен 30-октябрда жөнөтөт. Алар орбитада алты ай болуп, космикалык туристтерди кабыл алып турушат.
Кыргызстан эгемендик алган 30 жыл ичинде өз мекенин таштап, бөтөн эл, бөлөк жерге кеткен жүз миңдеген мекендешибиз биз көрүп-билбеген кандай көйгөйлөргө туш болот? Мигранттын турмушунун бизге белгисиз көмүскө жактары кандай?
Голландиялык студенттер Күндөн алган энергия менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты. Эми Эйндховен технологиялык университетинин студенттери ашканасы, керебети бар бул унаа менен саякатка жөнөшөт.
Дагы жүктөңүз