Райымбек Матраимовдордун доо арызын караган сот сүрөт жана видео тартууга уруксат берген жок.
Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова «Азаттык» жана анын кабарчыбы Али Токтакуновдун, «Kloop.kg», 24.kg сайттарынын банк эсептерин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын арызын канааттандырды.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өттү. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылышты.
Жакында жүргүзүлгөн иликтөө Кыргызстанда өлкөдөгү ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болорун көргөзгөн.
Жогорку Кеңеш өкмөттүн аткезчиликке каршы ишин жетишсиз, ал эми уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн канааттандырарлык деп тапты.
Биринчи кардын жаашы менен быйыл жазында Бишкекке алып келинген 60 автобус ишке чыкпай калды. Автобустардын бир жыл боло электе каттоого чыкпай калышына дөңгөлөктөрүнүн тайгак жолго даяр болбогону себеп болду.
Бишкекте 27-ноябрда башталган алгачкы феминнале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналды.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун айтымында, Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлчү комиссия кытайлык ишкердин өлтүрүлүшүнүн себебин гана эмес, анын Кыргызстандагы ишмердигин, кимдер менен байланышта болгонун иликтеши керек.
Чүй облусунун Токмок шаарында карыларга бош убактысын өткөрө турган борбор ачылды. Кыш мезгилинде убактылуу баш калкалаган карылар да бар. Борбордо улагайган адамдар үчүн чыгармачыл клуб жана бардык шарттар түзүлгөн пансион жайгашкан.
Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырын
Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өттү.
Тейлөө тармагында маянанын аздыгы жаштарды тез-тез жумуш ордун алмаштырууга мажбур кылууда. Күндүз лицейде окуп, кечинде кафеде иштеп жүрүп алган ашпозчулук адистиги боюнча ишке орношо албаган Айчүрөк Сулайманова орто мектепти да бүтө албай калды. Ал 14 саат иштетип, болгону 8 миң айлык берген кафед
31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 28 жыл болду. Көз карандысыздык күнү Бишкектеги Ала-Тоо аянтында белгиленип, президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.
Алай районунун тургуну Абдилазиз Шапаков 20 жылдан бери жыгачтан түрдүү буюмдарды жасайт. Уста акыркы жылдары ташка жаныбарлардын айкелин түшүрө баштады. Ал өзүнүн музейин ачып, өмүрүн искусствого арнагысы келет.
Бишкектин четиндеги 14 жыл мурда түптөлгөн Алтын-Казык конушу бир да административдик аймакка кошула элек. Мунун айынан конушта социалдык көйгөйлөр арбын. Ошого карабай алар белин бекем бууп, тиричилигин улап келишет.
Баткендин Зардалы аймагында элдин өз күчү менен курган көпүрөсү. Токтогул районунун алыскы айылдарындагы оорукана тартыштыгы. Жайлоосу элди кызыктырган, бирок дааратканасы качырган туризм. Бир айылга кыргыз телеканалдарын көрсөткөн техник. Баасы көтөрүлбөй жаткан көлдүн өрүгү.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июлда Канттагы авиабаза аркылуу Орусияга учуп кетти.
Кыргыз журналистикасында иликтөө жанрын өркүндөткөн кесиптешибиз Улан Эгизбаев былтыр 22-июлда күтүүсүздөн каза болгон эле. Эл-жерди жалындуу сөз менен эмес, жапакеч сезим, жалындаган жүрөк менен сүйөр киши Уландай болсун!
"Газпром-Кыргызстан" компаниясы Бишкек шаарына куруп берген мектебин өзүнө 20 жылга берүүнү сурады. Азырынча Бишкек шаардык мэриясы компаниянын суранычына расмий жооп бере элек. Бирок "Газпромдун" бул сунушу Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан сынга кабылды.
Дагы жүктөңүз