Соңку жылдары бүтүрүүчүлөр мектепти аяктагандан кийин бир жыл тыныгуу алып, кесип жана окуу жай тандоого көбүрөөк убакыт бөлө баштады. Дүйнөдө кеңири жайылганы менен Кыргызстанда жаңыдан кулачын жайып жаткан бул тенденция Gap year деп аталат. Азаттык+ бүгүн бул көрөнүш тууралуу айтып берет.
8-июнда Кыргызстан жаштар кыймылы түзүлдү. Мамлекет мындай кыймыл аркылуу жаштардын ар кандай саясий күчтөрдүн, партиялардын колундагы курал болуп калышынан сактап, жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзөт деп ишенет.
Team Insane Pakistan хакердик тобу 600 миңден ашуун кыргызстандыктардын жана компаниялардын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарганын жарыялады. “Азаттык” хакерлер жарыялаган маалыматтар эски экенин, бирок көп адамдардын аты-жөнү, дареги жана жеке идентификациялык номурлары дал келерин аныктады.
Соңку жылдары шаарда электр чыгырыгын колдонгондор көбөйдү. Аны менен бирге кырсыкка учуругандардын саны дагы арбыды.
IT тармагында соңку жылдары жаңы мүмкүнчүктөр пайда болуп, кыргызстандык жаштар дүйнөлүк компанияларда иштеп же текскерисинче ири компаниялар Кыргызстанда өкүлчүлүктөрүн ачкан учурлар арбын.
ТикТок социалдык түйүнүн колдонуучулар бир гана көңүл ачуу үчүн гана эмес, бизнесин элге таанытып, кардарларын көбөйтүү үчүн да колдонуп келишкен. Андыктан Кыргызстанда ТикТоктун бөгөттөлүшү ар кандай тармактагы орто жана чакан бизнеске дароо таасирин тийгизди.
"Мына, үй-бүлө эс алганы келип, тамактанган да, идиш-аягын таштап кете берген. Эми бул бирөө келип жыйнамайынча жүз жылдап жата берет. Суу боюнда чирийт. Бул экологияны жок кылат. Ажайып кооз Аламүдүн капчыгайын чоң таштандыга айлантат".
Мындан эки жыл мурун Бишкектеги эл аралык медициналык институту атайын изилдөө жүргүзүп, кыргызстандык студенттердин 70 пайыздан ашыгы тез татым жана таттуу суусундуктар менен тамактанарын айтып чыккан.
Каракол шаарынын Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан бир учурда 5 анестезиологдун кетиши медицинадагы көйгөйлөрдү ачыктады.
Эрте жашынан дары баңгилигне байланып калган өспүрүмдөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Дары баңгилиги - бул күчтүү таасир этүүчү дарыларга көз каранды болуп калуу.
Бишкек ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркады. Саламаттык сактоо министрлиги экөөнүн абалын өтө оор деп баалап жатат. Алар Бишкек шаардык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Президент Садыр Жапаров жылуулук борборунда жабыр тарткандардан кабар алды.
Кыргыз коомунун аниме менен косплейге көз карашы кандай? Аниме косплей деген эмне? Жаштарга бул маданият кандай таасир этүүдө? Бул тууралуу «Азаттык +» жаңы чыгарылышында көрөсүздөр. Видеодогу айрым иллюстрациялык кадрлар "Дискорд" платформасынын жардамы менен даярдалды.
Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Мелдештин биринчи күнүндө беш салмактан чемпиондор аныкталды. Соңку жылдары кыргыз балбандары эл аралык мелдештерде чоң ийгиликтерди жаратууда. Чемпионатты уткандар Париж Олимпиадасына катышуу үчүн лицензиялык мелдештерге барат.
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк трансплантациясы боюнча кезектеги операция жасалды. 43 жаштагы Жаныбек Калманбетовго анын бир тууган карындашы, 36 жаштагы Атыргүл Калманбетованын бир бөйрөгү салынды. Акыркы беш жылда аталган ооруканда 44 операция жасалды.
Кыргызстанда 2023-жылдын 1-декабрына карата 13030 кишиде адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталды. Алардын 12 272си кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары.
Акыркы эки жылда Бишкекте сатыктагы батир баалсы 50% чейин жогорулап кетти. Аны менен катар ижара акысы да кескин өстү. Кыймылсыз мүлк базарындагы баанын кымбатташына эмнелер себеп болууда?
“Азаттык” радиосунун кыргызча берүүсүн алгач обого алып чыккан, Кыргызстандагы демократиялык жараянга бараандуу салым кошкон коомдук ишмер Азамат Алтай 17 жыл мурун 86 жашында Нью-Йоркто дүйнө салган. Аны менен соңку жылдары бирге жашап, акыл-насаатын уккан жээни Гүлнара Турганбаеванын эскерүүсү.
Монголия бир жагынан табышмактуу, ошол эле маалда өз жолу менен өнүгуп бараткан өлкө.
Ооган кыргыздарынын тагдыры, кыялы менен кусалыгы жөнүндө тартылган тасманын бет ачары Прага шаарында өттү. “Үркөр, үркөр үч жылдыз, үркүп кайда барасың” деп аталган даректүү тасмада адегенде Нарынга, анан Алайга көчүрүлгөн үй-бүлөлөрдүн тарыхый журтунда баштан кечирип жаткан турмушу көрсөтүлгөн.
Дагы жүктөңүз