Азаттык үналгысы
Азаттык үналгысы
Кыргызстанда балдардын майыптыгын аныктоо тартиби өзгөрдү
            <description>Эмгекке жарамдуулукту аныктоочу эксперттик комиссиянын (МСЭК) ишин реформалоонун алкагында айрым категориялар үчүн майыптыкты аныктоо жана кайра күбөлөндүрүү тартиби өзгөрдү. 
Эми жарандар медициналык-социалдык экспертизадан аралыктан, онлайн форматта өтө алышат. Эмгек министрлигинин Майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумованын белгилешинче, Даун синдрому бар балдарга алгачкы медициналык-социалдык экспертизанын жүрүшүндө кайра...</description>
"Кызылдай акчага сатып алганбыз". "Мадинадагы" кезектеги нааразылык
            <description>Бишкектеги "Мадина" базарында бир топ соодагер кайрадан нааразылыкка чыкты. Алар учурдагы соода кылган орундарын кызылдай акчага сатып алганын айтууда. Соодагерлердин колуна эскертүү баракчалары кайрадан келген. Айрымдары базарды бошотууда башка кызыкчылыктар бар деген пикирин айтып жатышат.</description>
Кыргызстанда зомбулукка кабылган аялдар үчүн мамлекеттик кризистик борбор курулат
            <description>Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга мамлекеттик кризистик борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов 14-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп берип жатып айтты.
“Аялдар үчүн кризистик жана реабилитация борбордун курулушун кийинки жылы баштайлы деп турабыз. Ал мамлекеттик болуп толук шарт түзүлөт. Анткени ал жакка баласы менен, жалгыз келгендер да болот”, - деди ал.
Өлкөдө үй-бүлөлүк...</description>
Орусияда мигранттардын жогорку класста окуган балдарынан акы алуу сунушталды 
            <description>Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясынын депутаттары мектептерде 10-11-класстарда окуган чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды акы төлөп окутууну караган мыйзам долбоорун даярдашты.
Өкмөттүн корутундусуна жөнөтүлгөн документ ТАСС агенттигинин карамагына түшкөн.
Партиянын лидери Леонид Слуцкийдин айтымында, мигранттардын балдарын жогорку класстарда акы төлөтүп окутуу боюнча демилгени орусиялык окуучуларды колдоо аракети катары түшүндүрдү:
"Эгер мигранттын үй-бүлөсү...</description>
МИК аркылуу өлкөдө жалпы 9371 батир пайдаланууга берилди
            <description>14-октябрда Бишкек шаарындагы Бегматов жана Маликов көчөлөрүндө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган “Мурас” турак жай комплексинен 1104 батир пайдаланууга берилди.
Иш-чарага катышкан президент Садыр Жапаров бул даректе ушуну менен 3170 батир өз ээлерине тапшырылганын, эми 2027-жылдын июнь айында дагы 1584ү берилерин айтты. Ошону менен жарандар “Мурас” турак жай комплексиндеги 39 блоктон 4754 батирди ипотекага алган болот. Садыр Жапаров ушул күнгө чейин өлкө боюнча жалпы 9371 батир...</description>
Балаководо Сбербанктын маалымат борбору, металлургия заводуна сокку урулду. Бир киши каза тапты 
            <description>Украина14-октябрга караган түнү Орусиянын Саратов облусундагы Балаково шаарына дрондор менен сокку урду.
Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин Балаководо бир адам каза болуп, бир нече турак жайга зыян келтирилгенин билдирди. Анын дагы бир маалыматына ылайык, шаардын бардык инфраструктуралык объектилери кадимки режимде иштеп жатат.
Astra басылмасынын маалыматына караганда, зыян келтирилген үйлөрдүн бири Балаково ЖЭБинен үч чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул станция шаарды жылуулук...</description>
Аймен Касенов президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди
            <description>Ишкер Аймен Касенов президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдун расмий сайтына маалымат чыкты. Маалыматка караганда, Касенов талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде арыз тапшырды.
Касенов муну менен 27-январга белгиленген президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган алгачкы адам болуп калды.
Аймен Касенов 2021-жылкы президенттик шайлоодо да талапкер болгон. Бишкек шаардык кеңешине “Реформа”...</description>
Депутат Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен ЖКга арыз тапшырылды
            <description>Юрист Адилет Мерканов Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен 31 миң 900 адамдан чогултулган кол парламентке тапшырылып, арыз ташталганын кабарлады.
Анын сөзүнө караганда, арыз Жогорку Кеңештин сегиз тармактык комитетине жана беш депутаттык тобуна берилди. Ал Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча эми үч күндүн ичинде депутаттык топ түзүлүп, ал арызды бир айдын ичинде карап чечим кабыл алышы керектигин айтты.
Айсаракан Абдибаева коомчулуктун сынына...</description>
Масалиев: Президенттик шайлоого катышууну четке какпайм
            <description>Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев “Азаттык” менен болгон маегинде 2027-жылкы президенттик шайлоого катышууну четке какпай турганын айтты. Саясатчы президенттик шайлоо алдындагы өлкөдөгү кырдаал, бийликтин убадалары, оппозициянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикирлери менен бөлүштү.</description>
Масалиев ИИМ Мадумаровдун 150 миң долларын кайтарып бергенин айтты
            <description>“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Адахан Мадумаровдун 2025-жылы ноябрда үйү тинтилген учурда алынган 150 миң доллары кайра кайтарылды. Бул тууралуу парламенттин мурдагы депутаты Исхак Масалиев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
“Милиция кызматкерлери чакырып “биз ката кетириптирбиз” деп акчагы толук кайтарып берди. Бул ишке анын (ред: Адахан Мадумаров) эч кандай тиешеси жок”, - деди ал.
2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар...</description>
Ширин Айтматова Кенжебаевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди
            <description>Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова мурдагы күйөөсү, оппозициячыл активист Сыргак Кенжебаевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди. Ал 13-октябрда "ЭрСыргак" Youtube каналында түз эфирге чыгып, Кенжебаев кытай агенттери менен биргеликте кармалганын белгиледи. Ошондой эле ага "чындык үчүн өмүрүн тобокелге салууга туура келгенин" айтты.
"Сыргак Кенжебаевдин камалышы тууралуу кабарларды айтып жатканыңызды көрүп жатам. Менин атымды бардык жерде белгилеп, бардык жерде менин сүрөтүмдүн...</description>
Мунай ташуучулар субсидия алуу үчүн 1 млрд 407 млн сомго арыз берди
            <description>Кыргызстанга чет жактан күйүүчү-майлоочу май ташыган компаниялар мамлекеттен субсидия алуу үчүн май-июль айларында 1 млрд 407 млн сомго арыз берди. 
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы жыйынында билдирди. Бирок анын канча суммасы кайтарылганын тактаган жок.
Ал 2026-жылдын май айынан тартып бензин, солярка жана автогаздын баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 87,90...</description>
"Талибан" Ооганстанда Би-би-си радиосунун уктурууларын токтотту
            <description>Ооганстандагы башкаруучу "Талибан" кыймылы Би-би-би радиосунун бүт өлкө боюнча уктурууларын токтотту. "Талибандын" Маалымат жана маданият министрлигинин басма сөз катчысы Хубайб Гуфран мындай чечим телерадиокомпаниянын "кайталап мыйзам бузууларынан" улам кабыл алынганын билдирди. Бирок сөз кандай мыйзам бузуу тууралуу болуп жатканы айтылган эмес.
Би-би-си редакциясы кырдаалды жөнгө салуу үчүн иштеп жатканын жана кыска жана орто толкун, онлайн жана спутник аркылуу Ооганстандагы аудиторияга...</description>
Бишкекте тыгын маселесин чечүүдө жеке машине пайдаланууга чектөө киргизилбейт
            <description>Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордо жол тыгыны боюнча маселени чечүүдө менчик автоунааларды пайдаланууга чектөө киргизилбей турганын айтты.
Бул тууралуу ал 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулунун суроосуна жооп берип билдирди.
“Жол тыгыны боюнча маселени чечүүнүн бир нече ыкмалары бар. Анын ичинде чектөө киргизүү сунушу. Бирок биз андан баш тартканбыз. Биз жолдорду оңдоо маселесин коюп атабыз. Бишкекте жол оңдоо иштери 154 км чейин жетип атат....</description>
Британиянын чалгын кызматынын башчысы Орусияны "биринчи агрессор" деп атады
            <description>Орусия Украинанын союздаштарына каршы гибриддик согушун күчөтүүдө, ал эми Иран Улуу Британиядагы аскердик объектилер сыяктуу олуттуу буталарга чабуул коюуга аракет кылууда. Бул тууралуу шейшембиде Британиянын MI5 ички чалгындоо кызматынын башчысы Кен Маккаллум билдирди.
Маккаллум мындай коркунучтар акыркы он жылда төрт эсе көбөйгөнүн жана анын мекемеси азыр аларга каршы күрөшүүгө "кансыз согуш" мезгилиндегиге караганда көбүрөөк ресурс жумшап жатканын айтты.
Орусия тууралуу сөз кылган MI5...</description>
Казакстанда маслихаттарга мөөнөтүнөн мурда шайлоо 29-ноябрга белгиленди
            <description>Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бардык деңгээлдеги маслихат депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 29-ноябрга белгиледи. Мындай чечим БШКнын 13-октябрдагы жыйынында кабыл алынды.
Добуш берүүдө 228 жергиликтүү органга жалпысынан 3447 депутат шайланат. Анын ичинен 668 мандат облустук, 626 шаардык, 2053ү райондук маслихаттарда болот.
Мунун алдында президент Касым-Жомарт Токаев бардык маслихаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Өкмөткө...</description>
Спикер Маматалиев "депутаттар парламентке өз күчү менен шайланганын" айтты
            <description>Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев эл өкүлү Эрулан Көкүловдун “депутаттардын көбү акча жана тааныш менен шайланып келгени” тууралуу сөзүнө жооп берди.
Спикер парламенттин 14-октябрдагы жыйынында “Жогорку Кеңештин ичинде депутаттардын бөлүнүүсүнө же бири-бирине акаарат келтиришине жол бербей турганын, бул маселе боюнча Эрулан Көкүлов менен сүйлөшүп, бир пикирге келишкенин” айтты.
“Ар бир депутат өз эмгеги менен шайланып келди. Эч ким асмандан түшкөн жок. Ошондуктан мен төрага...</description>
Чүйдө миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк 86 жаранга айып салынды
            <description>Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Чүйдө миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк 86 жаранга 582 миң 500 сом айып пул салынганын маалымдады.
Облустук милиция кабарлагандай 1-октябрдан 10-октябрга чейин чет элдиктер иштеген 18 ишкана текшерилип, мыйзам бузган чет өлкөлүк 86 жаран аныкталган. Бул иш-чараны Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусундагы башкармалыгы бирге жүргүзгөн.
Атайын кызмат буга чейин...</description>
Активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды
            <description>Чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алынып келген ишкер, оппозициячыл активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-октябрда чыгарды.
Райондук соттун маалыматына ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берип, судья активистке мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтүн 13-ноябрга чейин деп аныктады. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык...</description>
Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү
            <description>Сыргак Кенжебаев чет өлкөдө кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Абактагы ишкер, Имамидин Ташовдун маселеси кайрадан көтөрүлдү.  Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү. Социалдык тармактарда хижабчан окуучу кыздарга класстарга кирүүгө тыюу салынган видеолор тараган. </description>