13 жашар кыздын зордукталышына байланыштуу сот жараяны жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоого акциясы өттү. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышты. Ушундай эле пикет Ош шаарында да шаардык милициянын алдында өттү.
Зордукталган тестиер кыз: сот алдындагы акция

1
Бүгүн 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кыздын зордукталганы боюнча иш жабык каралды. Сот имаратынын алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабын койгондор акция өткөрдү.

2
2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

3
Акцияга чыккандар "Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”, “Зомбулукту токтоткула!”, “Педофилияны токтоткула!” деген жазууларды кармап чыгышты.

4

5
Акцияга катышкан укук коргоочулар Кыргызстанда балдарды коргоо системасы жакшы иштебей жатканын айтууда.

6
Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова (оңдо) соңку окуялардан улам өлкөдө укук коргоо органдары, сот системасы жана социалдык коргоо тармагы иштебей жатат деген ойдо.

7
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 7-июлда Фейсбуктагы баракчасында 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча пикирин жазып, мамлекет башчы Садыр Жапаров балдарга карата зомбулукту кескин сындай турганын билдирген.

8
Акциянын катышуучулары “Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”, “Зомбулукту токтоткула!”, “Педофилияны токтоткула!” деген жазуусу бар плакаттарды Свердлов райондук сотунун короосуна илип кетишти.

9
Нааразылык акциясына чыккандар ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты.

10
Сотко журналисттер, жарандык коомдун жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү киргизилген жок.

11
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган.

12
Өткөн жылы балдардын зомбулугу боюнча 3034 иш тергелип, анын 534ү сотко өткөрүлгөн. 1854 иш кыскартылган.

13
Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.