Америкалык демографтар ушул мезгилге чейин Жер бетинде канча адам жашап өткөнүн эсептеп көрүштү. Жерге түшкөн астероиддин биринчи курмандыгы болгон динозаврлар табылды. Кан тапшыруу жолу менен денедеги зыяндуу заттардан арылса болот. “Азаттыкта” узаган апта ичиндеги илим жаңылыктарынын топтому.
Жерде канча адам жашаган?
Жыл өткөн сайын адам өмүрү узарып, калктын саны өсүүдө. Илимий божомолдор 2022-жылы Жердеги адамдардын саны 8 миллиардга жетерин көрсөтүүдө. Адам санынын өсүшү – жаңы кубулуш. Миң жылдар бою Жер бетиндеги адамдардын саны азыркыдан кыйла аз болуп келген. Ушундан улам, “Жер бетинде жалпы канча киши жашаган?” деген суроо туулуп, ага АКШнын Калк жөнүндө маалыматтык бюросунун (PRB) демографтары Тошико Канеда жана Карл Хауб жооп берүүгө аракет жасашты.
Эсеп болушунча реалдуулукка жакын болушу үчүн санактын башы катары окумуштуулар биздин заманга чейинки 190 000-жылды белгилеп алышты. Окумуштуулардын айтымында, дал ушул мезгилден тарта адам толук калыптанып бүткөн. Андан тышкары, алгачкы адамдардын чакан жамаат катары жашай баштаган мезгилдер жана адам өмүрүнүн кыска болуп, бара-бара узарышы эске алынган. Бул Жер бетинде өмүр сүргөн бардык адамдарды эсептөө боюнча алгачкы изилдөөлөрдүн бири болгондуктан, эсептер дагы толуктоолорду талап кылары анык.
Жогоруда айтылган мезгилдик чектерди эске алып, эсептөө менен окумуштуулар бул мезгил аралыгында Жер бетинде 109 миллиард адам жашап өткөн деген тыянак чыгарышты. Бул санга азыр жашап жаткан адамдардын санын кошкондо, 117 миллиард адам болот. Башкача айтканда, азыр жашап жаткан адамдар Жер бетинде жашап өткөн бардык адамдардын 7% гана түзөт.
“Азыркы биз жемишин көрүп жаткан цивилизация, дүйнө элдери сүйлөгөн тилдер, маданияттар үчүн биз буга чейин жашап өткөн 109 миллиард адамга карыздарбыз. Биз аларды эч качан көрө албасак да, алардын урпагы катары алар менен байланыштабыз”, - дешет окумуштуулар.
Булак: Population Reference Bureau
Астероид жок кылган динозаврлар табылды
Учурда Жер бетинен байыркы жаныбарлардын, анын ичинде динозаврлардын жок болушу Жердин диаметри болжол менен 12 чакырымды түзгөн астероид менен кагылышуусуна байланыштуу экенин дээрлик бардык окумуштуулар таанышат.
Апрель айынын башында Түндүк Дакота штатындагы Танис аймагында казуу иштери учурунда табылган динозаврдын, балыктардын, таш бакалардын, майда жандыктардын жана алардын ийиндеринин калдыктары мындан 66 миллион жыл мурдагы ошол астероид түшкөн күндү изилдөөгө көмөкчү болуп отурат.
Палеонтологтордун айтымында, Танистен табылган бул жаныбарлар динозаврларды күмжам кылган ошол окуянын алгачкы курмандыктары. “Танистеги табылгалар ал күнү окуя кандай өнүккөнүн мүнөттөп калыбына келтирүүгө жол ачат”, - дешет окумуштуулар.
Мындан тышкары, табылган заттар аркылуу астероиддин түшкөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Алгачкы божомолдор боюнча, ал азыркы Мексика булуңуна жакын жерге, уникалдуу артефакттар табылган жерден дээрлик 3000 км. алыстыкта түшүп, таасири бүтүндөй Жерге тийген.
Булак: Insider
Кан берүү ден соолукка пайда
Маал-маалы менен кан берип турган адамдын организминде зыяндуу химиялык заттар аз болору аныкталды. Мындай тыянакка австралиялык окумуштуулар атайын изилдөө жүргүзгөндөн кийин келишти.
Илимде PFAS деп аталган химиялык заттар айланабызда курчап турган ар кандай буюмдар аркылуу денеге кирип, ашыкча салмактуулукка, диабет, рактын айрым түрлөрүнө алып келиши ыктымал. Дал ушул химиялык заттын кандагы өлчөмүн жөндөп туруу үчүн кан тапшыруу маанилүү.
Муну далилдеп көрүү үчүн окумуштуулар 285 өрт өчүрүүчүгө тажрыйба жүргүзүшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр бул тажрыйбага бекеринен тандалып алынган эмес. Алар өрт өчүрүүчү көбүк аркылуу PFAS заттарына башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк дуушар болушат.
Тажрыйбанын жүрүшүндө катышуучулардын 95и ар 12 жума сайын кан берсе, дагы 95и плазмалык кан тапшырып, калган 95и эч нерсе кылган эмес. Натыйжада, акыркы топтогулардын канында PFAS заттары өзгөрүүсүз калган. Ал эми калгандарынын канындагы зыяндуу заттын азая түшкөнү байкалып, плазмалык кан берүү көбүрөөк натыйжа берери белгилүү болду.
Бул кандагы химиялык заттардын курамын төмөндөтүүнүн натыйжа берген алгачкы ыкмасы. Мындай дары-дармексиз, кан тапшыруу менен гана дарылоо эми терең изилденет.
Булак: ScienceAlert