Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Жалданма батир, майдалаган шаар турмуш


Таластагы Каракол жайлоосу.
Таластагы Каракол жайлоосу.

Ыбырсыган шаар жашоосунан тажаган жаш адам Улуу тоого чыгат. Бийикте туруп буга чейинки жашоосун акыл элегинен өткөрөт, тиричилик түйшүгүнө басырылып калган жан дүйнөсүн тазалайт. Кирсиз табият койнунда буга чейинки жашоосу, көргөн кыйынчылыктары түккө арзыбайт экен. Ашым Жакыпбековдун “Улуу тоо” экилтигине кирген “Менин таңкы салкыным” новелласы тууралуу кеп кылабыз.

Аксакал кейиптенген эки чоку

“Бул эки чокунун сол жактагысын Манастын чокусу дейт эл, оң жактагысын Бакайдын тоосу дейт”. Күркүрөөгө келаткан адамдын көзүнө “эки аксакал кейиптенип, эки чоку ар дайым биринчи көрүнөт, биринчи көрөт”. Бала кезинен сыртка чыкканда көк тиреген ушул эки чокуну көрчү, ошондон кийин гана көңүлү жайланып дүйнөсү түгөл болуп калчу.

Башкалардай эле айылдан мектепти бүтүп шаардан окуду, үйлөнүп ошол жерде жашап калды. Бирок шаар жеринде үй маселеси айылдан келген жаштардын баарынын кендирин кесерин элес албаптыр. Квартирадан квартирага көчүп жүргөндө көрдү го, суукка урунуп аялы оорукчан болуп калды, өзүнүн да көңүлү кайтып айылына келген. Келди да, эртеси атын минип сары санаадан арылыш үчүн тоого чыгып кетти. Бийикке көтөрүлүш кыйын, бетегеге тойгон жоош ат жол өрдөгөн сайын бышылдап тер чачып, басыгы оорлошуп баратат.

Шаардан биротоло көчүп келди, эмнеге анткенин өзү деле айтып бере албайт, ыбырсыган жашоодон качуу болуп калды окшойт. Күндөлүк тиричилик жоош, момун адамды аябай эле басынтып коёт экен. Башынан тартса бутуна жетпей калган турмушка кол шилтеп, көңүлүн биротоло калтырган калааны таштап кетип баратканда болгон ызасын, өчүн алгысы келген. Кыйналып-кысталган менен, көнүшүп алган жеринен кетип атканда оорукчан аялы ыйлап ийди, күйөөсү аны соорото албады, турмушка чыгып аткандагы үмүтүн актай албай калганына өзүн айыптуу сезип, уялып турду.

Айылга келер замат көп кармалбай тоого чыгып кетти, мына эми бийик жерге жетип алып жайылып жаткан кең түздүктү карап отуру.

“Чарчап барып, тик бетке, чоң таштын таза ным топурак жыттанган коңулуна башты салып коюп, чалкаңан түшүп жатсаң, бул өзү бир ырахат. Акырындап энтиккениң басылып, жердин сызына далың муздап, күн тийген көкүрөгүң кийим астында ысып, көздү жумуп, колу-бутту сунуп таштап, бир кеңирсийсиң. Үстүңдө ысыктан бозомук тарткан асман, жаныңда акактап тайган жатат. Ал салаңдаган тилин жутуп, бир азга тынч боло калса, бетегени тараган жел кулак учунда шуулдап, дүйнө адепки жаңы жаралгандагы ээн, жапайы кейпинде тургандай сезилет. Шаардын кулак-мээнин кужурун алган машиналары, күнгө күйгөн асфальт менен бензиндин жыты, кошоматчылык, көз карандылык, куулук-шумдуктар, тыгылышкан жашоо, кыжылдашкан кезек күтмөйлөр, автобус-троллейбустарда автомат кассага бир тыйынды ашык салгысы келбей майда сурап акыйгандар, жакшы идеалдар, жаман адамдар көңүлгө алууга арзыбагандай жийиркеничтүү, маанисин жоготкондой майда көрүнүп, өзүңдү андан бийик сезесиң. Адам өмүрүндө бир жолу бийиктикти сезе албаса, кунарсыздыгы да".

Жалданма батир

Үйлөнгөн жылдан баштап аялы экөө бирөөнүн үйүн жалдап жашап калышты. Биринчи табылган квартиранын ээси бирөөгө жамандыгы жок алтымыш ашып калган эткээл киши экен. Менчик “Волгасы”, ичи кенен алты бөлмө үйү бар. Ошонун үч бөлмөсүндө Кадыралы деген жигит экөө турушчу. Анысы өтүмдүү, тың жигит экен, бир күнү шаар четинен үй салганга жер кестирип алганын айтып келди. Мунун там салганга акчасы да, мүмкүндүгү да жок, өкмөт берчү бекер үйгө үмүт артып жашаган бечара. Кечке отуруп иштеп тапканы тамагына араң жетет, онунчу болуп үй алчулардын кезегине туруп койгон. Анан эле бир күнү Кадыралы квартира алдым деп сүйүнүп келди. Квартиранттык турмушту чогуу баштаган жолдошунун кыска убакта үй салууга жер алып, курулушту баштап, анысы бүтө электе өкмөттөн үйгө жеткенин көргөн аялы “биз андайга качан жетер экенбиз” деп улутунуп тим болду.

Күзүндө булар турган үйдүн ээси каза болуп, оорукчан кемпирин балдары алып кетмей болушуп алты бөлмө ак там сатыкка коюлду. Жаңы кожоюн “силерсиз деле ашкебилер бул жерде көп” деп квартиранттарды чыгып кетүүгө убакыт берди. Аялы экөөнүн көчөдөн-көчө кыдырып квартира издемейи башталды. Же анысы оңой эле табыла койсо кана.

“Ардеме учурунда кыйнаса, оор-жеңилине карабай, дүйнөдө андан өткөн кыйынчылык жок көрүнөт пендеге. Мен да ошондо квартира издегенден кыйын кордук жок деген ойго келдим. Буга чейин дурусураак үйдө турган жаным, дагы Иван Карповичтикиндей үй жолукчудай жүрүпмүн обол. Өтө жаманына кирбей сыртынан кеткем. Кийин жиңкеним куруганда кайра барып, ошол жаманга жетпедим. Анткени жай аяктап, айылдан шаарга умтулгандар көбөйүп, мага окшоп, үй издегендер арбын экен, илип кетишет. Ошентип эки-үч күн эмес, арадан бир апта өттү. Күндө ишке барарда бир саат, иштен чыкканда эки саат издеп жүрүп, бир кемпирдин көңканага окшогон квартирасына туш болдум. Кемпир өзү турган үйдөн бөлөк, жепирейген жалгыз бөлмө экен. Жадап бүткөн мен кайыл болдум. Кемпир жалгыз экен. Короосу кенен, бир бурчта иткана, бир бурчта ажаткана, бир бурчунда өзү турган үй, бир бурчунда алиги «көңкана», ортого чакан алча бак, калган жерине козу кулак, пыяз айдаптыр. Жанагы көк базардын кемпирлеринен болсо керек деп жорудум.

Мен квартиранын ичи-сыртын айландыра карап жүргөндө кемпир эшик алдында ордунан жылган жок, бек буулган чаначтын оозундай бырышы көп оозун кымтып, көзүнүн төбөсүнөн тиктеп турду. Карап бүтүп, анан акысын кестик. Чынында ошол акынын үч айлыгын чогултса ушунчалык жер кепе жасап алууга болор эле”.

Ошол сунган бутуң сыртка чыгып калчудай тар бөлмөсүн да ыраа көрбөй, “аялыңын боюнда бар экен, балаң короомду тебелейт” деп элейип туруп калган экөөн сыртка чыгарып койбодубу.

Андан кийин канчалардан “жок, берилбейт” деген жоопторду угушту. Издеген адам табат экен. “Квартира эптеп табылды. Бирөөнүн жайкы кухнясы бар экен. Асты кампа, үстүндөгү бир бөлмө балакана биздин жай болду.” Андан кийин мурдагы тооккана, уйкана квартирлердин канчасында турушканы экөөнүн эсинен деле чыгып кетти окшойт.

Катаал кыш

Манас чоку, Бакай тоонун жанында турганда да эсинен чыкпай, улам-улам эстеткен квартира маселеси анын көңүлүнө көк таштай тийген болчу. Азыр тоодо туруп үстүндөгү кең асманды, шаркырап агып жаткан сууларды, жанындагы керемет көрүнүштү карап туруп шаардагы үй, квартира деген алдамчы нерседей сезилди. "Үй деген ушу да,– дедим өзүмчө күлүп. – Түндүгүң асман, керегең таш, төшөгүң таш. Квартира деп шаарда сандалып жүргөнчө".

Ушул ою өзүнө аябай жакты. Антсе деле ою чабагандап кайра эле шаарга, квартирага кирип кетип атпайбы. Тоодо болосуңбу, ойдо болосуңбу - бул ой сенден калбайт окшойт.

“Ошол кухняга туруп калган жылы кыш катуу болду. Былтыр эле... жок, мурдагы жылкы кыш экен. Астыбыз пол, полдун асты темир-бетон плиталар экен, подвал – кампа жабдылган да. Кышкы аязда темир-бетонуң муздачу болсо, муздун үстүнө жылаңач отургузуп койгондой. Отунду эптеп камдап алганбыз, бирок быягынан жаксаң, быягынан өчөт. Бет алдың жылыса, көчүгүң менен аркаң муздайт. Кышкы чилдеде аялым төрөп, төрөт үйүндө он күнчө жатып калып, ошондо мен көргөн азапты айтпа. Аялым үстү-үстүнө жагып турганга мурун үй ичи дурус турбайбы. Ал жок, мен эрте менен бир жагып коюп ишке кетем, кечинде келсем үй ичи муздаткычтан бетер болуп калат. Жалгыз өзүмө эчтеме эмес экен, болгон жууркан-төшөнчүлөрдү асты-үстүмө үйүп алып, билбей калам.

Наристе бала менен жаңы төрөгөн аялыма кандай болор экен деп, тарткан убайым ушу болду. Жарыкчылыкка жаңы келген бала бу дүйнөңөр өтө суук экен деп, кайра кетип калбас бекен деп корком. Чыгарына эки күн калганда иштен атайын суранып алдым да, кечке меш жактым. Кичине жылымсырап калды. Болгон жалгыз керебетти мештин түбүнө жылдырып келип койдум, мурунку ордуна жылуулук жетчү эмес. Ошону туура кылыпмын.

Иши кылып, баланы жерге тийгизбей кармадык. Жатканда ортобузга алып жатабыз. Оболу уктаганда басып койбос бекенбиз деп, коркуп жүрдүк, кийин көнүп кеттик. Көнгөнүм ушунчалык, азыр да бир жамбашыман жатсам, ошол капталым биротоло уюп оорутмайынча оодарылбай жата берем. Адам көнбөс балээ барбы. Бала да көндү суукка, кайра чыйрак болчудай көрүндү.”
Келечекте экөөнүн ордун басар атуулду аман-эсен торолтуп алыш үчүн ата-эне кандай азап чеккенин мындан артык, мындан элестүү сүрөттөп бериш кыйын го.

Башкалар билбесе да аны шаарда квартирадан квартирага көчүп-конуп жүргөндөр, өз үй өлөң төшөк эмне экенин жон териси менен сезгендер билишер. Элеттиктин калаалык болушу канчалык кыйын, карама-каршылыктуу экенин Ашым Жакыпбеков эч жасалмалабай, социалисттик реализм күчөп турган чакта нукура реалист жазуучу катары таасын сүрөттөп берген.

Жылма

Аялы экөө жалданма квартирлерде кыйналып жашап жүрүшкөндө, булар менен тең турмуш арабасын тарта баштаган Кадыралы заматта үй да алып, кызматы да жогорулап, иши жүрүшүп, дардаңдап жүрдү. Бир ирет ал курбусун “мыктылардын” арасына кошту. Кайсы бир чоңу эс алууга Кара деңиз жээгине учуп атыптыр, ошону узатышка чогулуптур. Мактоо сөз, жумшак тамаша, каткырык-күлкү, аэропорттун жанындагы бак ичиндеги столдо коняктар жайнап, ошончо көптүн ичинен ашказаны оорулуу арык киши экөө гана катуу мас болуп бөлүнүп калышыптыр.

Кийин экөө жолукпады, Кадыралы таптакыр башка адам болуп калганын, баштапкы жаркылдаган ачык жигит кыйды аткаминерге айланганын, көздөгөн-бакканы мансап, шаан-шөкөт экенин ошол жолугушуудан кийин түшүндү. Мунун андай шык-жөндөмү жок экен, ошон үчүн тынч-аман өз алдынча тиричилик кылууга өткөн.

Таластагы Беш-Таш өзөнү.
Таластагы Беш-Таш өзөнү.

Антип ой менен алаксып байкабай көк жалтаң зооканын түбүнө барып калыптыр. Кызыкка ушул жерден туш келбедиби, эшилме шагылга туш келип тик куйга сыйгаланып барып токтоп калды. Дагы элүү метрдей барса “шаркыратма өңдөнүп шагыл куюлуп турган туңгуюк кургуйга” уччудай экен.

“Мына ушунда жаным көзүмө көрүндү. Боюму түзөй албадым, кыбыр этсем шагыл көчкөнү турат. Эми көчсөм мени жумалактай ылдый алып кетери бышык. Аза боюм титиреп, эки жагымды жалдырай карадым. Жардамга келчү жан жок. Тайган жанагы мен алгач куйга кадам шилтеген жерде чочоюп отурат. Ал азыр да мага күлүп отургансыды. Ал менден жыйырма-отуз метрче жогору калыптыр. Демек, бир кадам шилтегенде шагыл мени ушунча алып түшкөн экен да. Кыбыроодон корктум, атүгүл кыйкыруудан да корктум: кар көчкүсү менен жер көчкүсү жаңырыктап деле жүрүп кетет дегенди уккан элем, ошол эске түштү. Бирок жардамга келе коёр жан жок болсо да, аска-зоолорду жаңыртып кыйкыргым келип турдум. Адам айласы түгөнгөндө кыйкыргандан, ага алы келбесе онтогондон башка амалы калбай калат окшойт. Бүткөн бойдон муздак тер кетти. Аскаларды жалмалаган шамал шуу-шуу деп, эки зоонун ортосу адепки жапан кезинде турду. Бул кебетеси мени кечегичилеп толкундатпай, эми жандан түңүлтүп коркутуп жатты. Шамал шуу-шуу десе, аскалар кошо шуулдап, жер үстүндө адамзат жарала элек кездеги доошу сыяктанып, жүрөктү үшүтөт. Учуп өткөн баренде көрүнбөйт. Же чымын, же чегиртке өңдүү макулук да жок тегерегимде. Те төбөдө күн турат. Ал эмне кылып турат, анын нуру жылытабы, же үшүтөбү, мага таасирсиз. Анткени күн да мага кайдыгер карайт. Башка тарап бүт мупмуздак, бүт таш... таш... Таштардын арасында төрт аяктап, бир кубулуш күткөндөй жалдыраган мен...”

Мелтиреген зоо алдында эшилген шагыл үстүндө төрт аяктап жардам көзүнөн учуп турду, өйдөрөөк жагында чочойгон тайганы. Эшилген шагылга баткан ээсине кантип жардам беришти байкуш жаныбар ойлонуп жатты окшойт. Кантсе да ит адамга караганда эстүү экен, эшилме шагылга бут тийгизбей кагын жер менен жакын келбедиби.

“Үрбөдү, жаланбады, акактабады, бардык иттик белгилерин таштап, мени камоодон кантип куткарып аларын билбей турду. Аны тиктеп, төрт аяктап жалдырап мен турдум...”

Учугу түгөнбөгөн ойго алаксыган адам төрт аяктап, жанындагы тайган чочоюп аяк-башты карап, асман тиреген көк жалама зоонун алдында кимдир бирөө жардамга келчүдөй үмүткө алданып турушту.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG