Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди.
Бул тууралуу 3-мартта Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу брифинг учурунда айтылды.
Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.
“Эмирликтердин Туризм департаменти мейманкаларга мөөнөтү бүткөн кардарларды чыгарбоо, мөөнөтүн акысыз узартуу өтүнүчү менен кат жолдогон. Бирок, ага карабай, айрым мейманканаларда кыргыз жарандарын чыгаруу аракеттери болуп жатат. Консулдуктар барып жеринде жардам берүүдө”, - деп айтылды брифингде.
Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашай турганы такталды.
Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин калуу мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган. ТИМ кырдаал турукташпаса, аларды Сауд Арабиясына өткөрүп, андан ары Кыргызстанга учуруу пландалып жатканын билдирди.
ТИМ ушул эле күнү Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырган.
Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Али Ларижани Тегеран "сүйлөшүүлөргө барбай турганын" билдирди.
2-мартка караган түнү Али Ларижани X социалдык тармагына "АКШ менен сүйлөшпөйбүз", - деп жазды. Ал "Ирандын эли бүгүн өзүн коргоп жатканын" кошумчалады.
Билдирүү АКШ президенти Дональд Трамп Иранды "мүмкүн болушунча" жазалоону улантууга убада бергенден кийин жасалды. Трамптын айтымында, Ислам республикасына каршы согуш төрт аптага созулушу мүмкүн. Ошол эле маалда ал Тегеранда аман калган башкаруучулар сүйлөшүү үчүн каалганы толук жапкан эмес.
"Акыркы 36 саат ичинде Америка Кошмо Штаттары жана анын өнөктөштөрү "эпикалык каардануу" операциясын баштады, бул дүйнөдөгү эң ири, эң татаал, кубаттуу аскерий чабуулдардын бири", - деди Трамп 1-мартта өзүнүн Truth Social платформасында жарыялаган алты мүнөттүк видеосунда.
Трамп Ирандагы согуш аракеттери "азыркы тапта толук күч менен уланууда жана биздин бардык максаттар аткарылганга чейин уланат" деп билдирди.
Tрамп үч америкалык жоокердин каза болгонун моюнга алып, алардын өлүмү үчүн өч аларын "цивилизацияга каршы согуш ачкан террорчуларга эң катуу сокку уруларын" уруларын убада кылды.
"Тилекке каршы, мындан да көп жоготуулар болушу ыктымал", - деп эскертти ал. Жоокерлердин ким экени же алардын кандай жагдайда каза болгону азырынча жарыялана элек.
Tрамп Ирандын коопсуздук түзүмдөрүнүн жетекчилерине, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусуна, аскер күчтөрүнө жана полицияга "куралды таштап, толук иммунитет алгыла, болбосо сөзсүз өлүмгө дуушар болосуңар. Бул анык өлүм болот. Жагымдуу болбойт", - деп эскертти.
"Кайраттуу, чечкиндүү, баатыр болгула"
Трамп учурдан пайдаланып, "бардык ирандык патриотторду" кайраттуу, чечкиндүү жана баатыр болууга, өлкөнү өз колуна кайтарып алууга чакырды.
"Америка силер менен… Калганы өзүңөргө көз каранды", - деди Tрамп Ирандын коомчулугуна мурдагы сөздөрүн кайталап.
"Биз (аскердик операцияны) аяктагандан кийин, бийликти өз колуңарга алгыла. Ал силердики. Бул, балким, муундар бою берилген жалгыз мүмкүнчүлүк".
АКШ президенти Ирандын жогорку лидери Али Хаманеинин өлүмүн кубаттап, 86 жаштагы автократты "жийиркеничтүү жана ыплас адам" деп мүнөздөдү жана ага баш ийген "аскердик командачылык толугу менен жок болду" деп билдирди.
The Daily Mail басылмасына жарыяланган маегинде Дональд Трамп Иранга каршы согуш бир айга чейин созулушу мүмкүн экенин айтты.
"Бул ар дайым төрт жумалык процесс болуп келген", - деди Tрамп Флорида штатындагы Мар-а-Лаго резиденциясынан телефон аркылуу курган маегинде.
"Биз болжол менен төрт жумадай болот деп эсептегенбиз. Бул дайыма төрт жумалык процесс болуп келген. Бул чоң өлкө, ошондуктан төрт жума же андан аз убакыт талап кылынат", - деп кошумчалады ал.
Ошентсе да Трамп жаңы жетекчилик шартында мурдагы сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгендей көрүнгөнүнө карабастан, Тегерандын сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү дагы эле бар экенин билдирди.
"Каалап, сүйлөшкүлөрү келип жатат, бирок алар өткөн жумада сүйлөшүүгө барышы керек эле", - деди Дональд Трамп.
АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу астында бир катар кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Бул сүйлөшүүлөр Ирандын өзөктүк программасына басым жасалып, эки атаандаш ортосунда ири аскердик кагылышты болтурбоонун акыркы аргасы катары бааланган.
26-февралдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Омандын тышкы иштер министри Сайид Бадр бин Хамад Ал Бусаиди "олуттуу жылыш бар" экенин айтып, кошумча талкуулар пландалганын жарыялаган.
Бирок 28-февралда Трамп "Тегеран АКШ күчтөрүнө жана анын өнөктөштөрүн каршы өзүнүн ракеталык куралын колдонууга даярданып жатат жана өзөктүк программасын чектөө ниети жок" деген тыянакка келген соң Иранга каршы алдын ала аскердик соккуларды баштаганын билдирди.
Дональд Трамп АКШ өткөн жылдын июнь айында Иран менен Израил ортосундагы 12 күндүк согушта негизги объектилерди бомбалаганга карабай Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын кайра калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат деп айыптады. АКШ Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууну жана анын деңиз флотун "тыптыйпыл кылууну" көздөп турганын айтты.
Вашингтон менен Тель-Авив Тегеранды атомдук курал жасоого умтулууда деп айыпташса, Тегеран өз максаттары тынч мүнөздө экенин билдирип келет.
Ирандын убактылуу кеңешинин мүчөсү жана өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча башкы өкүлдөрүнүн бири Али Ларижани Хаменеинин мураскери жарыяланганга чейин өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу жетекчилик кеңеши түзүлүп жатканын билдирди.
Кийинчерээк кеңештин курамына дин ишмерлеринин жогорку чөйрөсүндөгү таасирдүү фигура Алиреза Арафи, президент Масуд Пезешкиан жана консервативдүү сот бийлигинин башчысы Голям-Хоссейн Мохсени-Эжеи дагы кирди.
Кеңеш 88 мүчөдөн турган Эксперттер жыйыны жаңы жогорку лидерди шайлоо үчүн чогулганга чейин өлкөнү башкарат.
Чыңалуу күчөгөн аймак
Аймак ири жаңжал чыгып кетиши мүмкүн деп кооптонуп турган шартта, Иранда, Израилде жана АКШнын аскердик объектилери жайгашкан Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдө аба чабуулун эскерткен сиреналар жаңырып, жардыруулар катталганы кабарланды.
Дональд Трамп сыяктуу эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да жакынкы күндөрү Иранга урулган аба соккулары күчөтүлөрүн убада кылды.
Израилдин аба күчтөрү 1-мартта "Тегерандын чок ортосундагы ирандык террордук режимге таандык буталарды" мээлеп турганын билдирди. Тегерандан тартылган видеолордо шаардын бир нече жеринен коюу түтүн асманга көтөрүлгөнү көрүнөт.
Британия, Франция жана Италиянын лидерлери Перс булуңундагы кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо Иранга каршы коргонуу чараларын күчөтөрүн билдиришти.
Иран ракеталык соккулар менен жооп кайтарды
Тегеран жооп чараларын улантып, Перс булуңунун айланасындагы буталарга каршы ракеталарды учурду.
2-мартка караган түнү Кувейтте үчүнчү күн катары менен катуу жарылуулар менен аба айгайы угулганы тууралуу Рейтер агенттигинин күбөсү билдирди.
Иерусалимдин батышындагы болжол менен 40 чакырымдай аралыкта турган Бейт-Шемеш шаарында ракета соккусунан бир нече адам каза болгону кабарланды.
Дубайда жана Катардын борбору Дохада экинчи күн катары менен катуу жарылуулар угулду.
Бириккен Араб Эмирлигинин Коргоо министрлиги Иран 165 баллистикалык ракета жана 54 дрон учурганын билдирди.
Министрликтин маалыматында, алардын көбү атып түшүрүлгөн, бирок коргонуудан өтүп кеткендердин кесепетинен үч адам каза болуп, 58 киши жараат алды.
Ирандык маалымат каражаттары мурдагы президент Махмуд Ахмадинежаддын каза болгону тууралуу маалыматты төгүндөштү. 1-мартта ILNA агенттиги Ирандын алтынчы президенти АКШ менен Израилдин Тегеранга жасаган биргелешкен соккусунун натыйжасында набыт болгонун жазып чыккан. Кийинчерээк бул кабар сайтынан өчүрүлгөн.
Агенттиктин билдирүүсүндө Ахмадинежад бутага алынган Нармак районундагы резиденциясында болгону айтылган. Иран бийлиги маалыматты расмий ырастаган жок.
Ахмадинежад 2005-2013-жылдары Ирандын президенти болгон. Ага чейин Ардебил провинциясынын губернатору жана Тегерандын мэри кызматтарын аркалаган.
Президенттиктен кеткенден кийин өлкөнүн Жогорку лидерине караштуу кеңеш берүүчү орган – Максаттуулукту аныктоо кеңешинин мүчөсү болгон.
Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды. Мекеменин мындай билдирүүсү 2-мартта жарыяланды.
Анда министрлик БАЭнин тиешелүү мекемелери ал жакта жүргөн жарандарды мейманканаларда акы төлөбөстөн убактылуу жашап туруу чечими кабыл алынганын жана аба каттамдары жылдырылып же жокко чыгарылганына байланыштуу мейманканалар туристтерди чыгарбоо милдетин алганын маалымдады.
ТИМ буга байланыштуу жарандарды буга чейин жашаган мейманканада болуп турууга, бийлик органдарынын расмий сунуштарын күтүүгө, Кыргызстандын дипломатиялык мекемелери, авиакомпаниялар жана мейманкананы администрациясы менен байланышта болуп турууга чакырды.
“Эгерде абадан коргонуу сигналы же башка өзгөчө кырдаалдар жарыяланса, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл. БАЭде "жабык асман" режими киргизилгендиктен, жер менен үчүнчү өлкөлөр аркылуу чыгуу жолдорун өтө зарыл учурда гана кароону жана компетенттүү органдардын расмий маалыматын милдеттүү түрдө көзөмөлдөөнү суранабыз”, - деп жазылган билдирүүдө.
Мекеме БАЭде жүргөн мекендештерди өзү тууралуу маалыматтарды – аты-жөнүн, туулган күнүн, паспорт номурун, ал жакта жашаган дарегин жана байланыш номурларын жөнөтүүгө чакырды.
- Кыргызстандын БАЭдеги элчилиги: +971522255269;
- Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулдугу: +971522918840;
- Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996999312002.
Шерине