Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

АКШ: сынакта ок аткан адамды ФБР жакшы билген


Даллас
Даллас

Кошмо Штаттарында Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатура мелдешинде ок чыгарган киши мурда Сомалиде экстремисттик чабуул жасоо планын жашырып койгондугу үчүн соттолгондугу ачыкка чыгууда.

Эки куралчан Даллас шаарынын чет-жакасында коопсуздук кызматкерлери тарабынан жекшемби күнү атып өлтүрүлдү.

3-май күнү Далластын жака-белиндеги Гарланд шаарчасында өтүп жаткан Мухаммед пайгамбар тууралуу шакаба сүрөт сынагында Элдон Симпсон жана Мадир Соофи ок ачкандан кийин атып өлтүрүлдү.

Кабарларга караганда, Элдон Симпсон АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросуна жакшы таанымал болгон. ФБР 2006-2010-жылдардагы терроризм тергөөсүнө байланыштуу анын бир жарым миң сааттан ашык сүйлөгөн сөздөрүн жашыруун жаздырган экен.

Ок өтпөс өпкө кап кийген Симпсон менен Соофи конкурс жайынын алдында турган кайтаруучуну бутка атышкандан кийин атып өлтүрүлдү. Бутунан жараат алган кайтаруучу ооруканада дарыланып, кийин үйүнө чыгарылды.

Техас штатынын маалымат катчысы Жо Харн 4-майда Гарланда маалымат жыйынын өткөрүп, полиция офицери кол салууга туура жооп берип, алтургай бейкүнөө адамдардын өмүрүн сактап калды деди.

Акырын сүйлөп, динге берилген адам катары сүрөттөлгөн Элдон Симпсонду анын социалдык тармактардагы жазгандарынан улам тартип коргоочулар көп жылдардан бери көзөмөлдөп келишкендиги айгине болууда.

Ал жекшембидеги кол салуунун так алдында Твиттерде "Ислам мамлекети" уюшмасына кызмат өтөйм деп сөз бергендиги катталган.

Ага салыштырмалуу жанында кошо атылган Соофи тууралуу дээрлик маалымат жок. Болгону атасы Пакистандан экени, кылмыш иштерге аралашпагандыгы жана Финикс шаарында Симпсон менен бир батирде жашаганы белгилүү.

Симпсон акыркы он жылда Финикс шаарындагы Ислам жамааты борборуна келип, намаз окуп жүргөн. Борбордун өкүлү Усама Шами ал акыркы 2-3 айдан бери көрүнбөй калгандыгын билдирди.

Имамдын айтымында, Симпсон мечитте динзарлар менен эл катары мамиледе болгон. Бирок ФБР артынан киши аңдытып, ал киши Симпсондун ишенимине кирип, тыңчылык кылгандыгын билгенден кийин кабагы салыңкы болуп жүргөн.

ФБРдин тыңчысына Симпсон Түштүк Африкага жана Сомалиге барып, жихад же дин үчүн "ыйык согуш" жүргүзөөрүн айткан.

2009-жылдын майында ФБР жалдаган Судандан келген иммигрант Дабла Деңге Симпсондун «Согуш майданына барабыз, ишке киришүүгө мезгил келди» деп айтканы жаздырылган тасма кийин соттук териштирүүдө угузулган.

Түндүк Техастагы Америкалык Ислам алакалары кеңешинин аткаруучу директору Алиа Салем да дүйшөмбү күнү пресс-конференция өткөрүп, мусулмандар жамааты жекшемби күнгө пландалган нааразылык акциясына катышпоону чечкендигин билдирди. Ошол эле мезгилде, ал сөз эркиндигин сыйлоо менен катар сөз эркиндиги качан кан төгүүгө шыкактаган жек көрүүчүлүккө түрткү болоору жөнүндө акыл калчап, ойлонууга чакырды.

АКШдагы мусулмандардын укугун талашкан ири уюм Америкалык Ислам алакалары кеңеши бул күнү «кан төгүү мусулман динине карикатурадан да ашкан шакаба болуп саналат» деген билдирүү таркатты.

Техастагы конкурста жеңип чыккан сүрөттө колуна кылыч кармаган Мухаммед пайгамбар «менин сүрөтүмдү тартканга болбойт» деп кыйкырып жатса, колуна калем кармаган сүрөткер ага «дал ошон үчүн мен сени сүрөткө тартам» деп жооп берет. Бул карикатурасы үчүн сүрөтчү Бош Фостин 10 миң доллар сыйлык алды.

Атайылап эле провокациялык мазмун берилген бул конкурс мусулмандарды нааразы кылаары башынан эле белгилүү болгон. Анткени ислам салтында Мухаммед пайгамбарды сүрөткө тартуу динге акаарат келтирүүгө тете деп саналат.

АКШнын расмий өкүлдөрү бул конкурсту сөз эркиндигине шайкеш келет деп мүнөздөшкөн менен, Түштүк аймактардагы жакырчылык деп аталган укук коргоочу уюм (the Southern Poverty Law Center) аны каржылаган уюмду «жек көрүүчүлүктү шыкактаган уюшма» деп атады. Салык органдардындагы документтерге караганда, Америкалык Сөз эркиндигин коргоо демилгеси деп аталган бул уюшма «дүйнөлүк жихадга жана исламдык бой көтөрүүчүлүккө баш ийип берүүгө» каршы турууну максат кылат.

XS
SM
MD
LG