Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

БУУнун Газадагы мектеби кайра сокку жеди


Рафах шаарындагы 28 күн ичинде үч ирет сокку тийген мектеп.
Рафах шаарындагы 28 күн ичинде үч ирет сокку тийген мектеп.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Газа секторунда мектепке сокку урулушун “кылмыш” деп атап, эл аралык гуманитардык мыйзамды бузгандар жооп берерин эскертти. Кеминде он адамдын өмүрүн кыйган бул окуя Израил кургактагы операциясын аяктап жатканын ишара кылган кезде болду.

Улуттар Уюмунун Газа секторунун түштүгүндө Рафах шаарында палестин качкындары башпаанектеп жаткан мектеби жаңжал башталгандан берки 28 күн ичинде үчүнчү ирет сокку жеди. Кечээ снаряд мектептин жанына түшкөндө 10 адамдын өмүрү кыйылгандан тышкары кеминде 35 киши жаракат алды.

Палестин расмий өкүлдөрү жөөт армиясы 3000дей качкын турган мектепке абадан сокку урганын айтса, Израил мектептин жанындагы бутаны атканын ырастап, анын кесепеттери иликтенип жатканын билдирди.

Мурдараак Израил ХАМАСты мектеп, оорукана өңдүү жарандык объектилерди ок-дарынын жана ракеталык жабдуулардын кампасы катары пайдаланганы үчүн айыптаган.

Газадагы дарыгерлердин эсебинде, жекшембидеги уруштардан кеминде 30дай палестиналыктын өмүрү кыйылды.

Израил бул күнү аба соккуларын улантканы менен кургактагы күчтөрүнүн бир бөлүгүн, танктар жана брондолгон техникасын Газа секторунан чыгарып жатканы байкалды.

Газанын чыгыш бөлүгү. 1-август, 2014-жыл.
Газанын чыгыш бөлүгү. 1-август, 2014-жыл.

​Мунун алдында жөөт премьер-министри Беньямин Нетаньяху теледен сүйлөгөн учурунда төмөнкүлөргө токтолгон эле:

-Туннелдерге каршы аракеттерибизди аяктагандан кийин армия ишин биздин коопсуздук муктаждыктарыбызга жараша улантат. Израилдин жарандарына коопсуздукту камсыз кылуу боюнча максатыбыз орундалмайынча, иш муктаждыгыбызга жараша боло берет.

Израил медиасынын маалыматтарына караганда, 8-июлда башталган операциядан бери жөөт армиясы 31 туннелди талкалады.

Жөөт тарап Газа секторунан Израилди көздөй жашыруун казылган туннелдерди исламчыл ХАМАС кыймылынын согушкерлери кол салуу үчүн пайдаланат деп эсептейт.

Бул аралыкта ХАМАСтын делегациясы кечээ Египет жана АКШ аркылуу Израил менен тикелей эмес сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Каирге барды.

Расмий Тель-Авив хамасчыларды эл аралык ортомчуларды чаташтырып жатканы үчүн айыптап, Каирге өз чабармандарын жөнөтпөй турганын күн мурунтан эле айткан.

Газадагы азыркы уруш тутангандан бери эле ортомчулук вазийпаны аркалап жаткан Египеттин президенти Абдул Фатах ал-Сиси ишемби күнкү басма сөз жыйынында:

- Биз ок атышууну токтотуп, Газа секторундагы кан төгүү менен адам өлтүрүүдөн баш тартып, жардам үчүн шарт-жагдай жана сүйлөшүү үчүн мүмкүнчүлүк жаратууга чакырабыз.

Мындан үч күн мурда эле АКШ менен Улуттар юмунун ортомчулугу астында ок атышууну токтотуу макулдашылып, бирок ал бир нече сааттан кийин эле бузулган. Израил менен ХАМАС бул үчүн кайра бири-бирин күнөөлөшкөн болчу.

Газа шаарынын тургундары талкаланган үйлөрүнүн жанында. 1-август, 2014-жыл.
Газа шаарынын тургундары талкаланган үйлөрүнүн жанында. 1-август, 2014-жыл.

Өзү чалкеш кырдаалды жөнгөрүүнүн жолдору боюнча эки тараптын отуруму кайчы чыгууда.

Израил узак мөөнөттүү келишимдин алкагында Газаны демилитаризациялоого жетишүүнү көздөсө, ХАМАС бир нече жылдан берки блокаданын жоюлушун талап кылууда.

Азыркы уруш башталгандан бери 1770тен ашуун палестиналыктын, көбүнесе жөн-жай тургундардын өмүрү кыйылды. Аскерий операциясын ХАМАСтын ракеталык чабуулдарынан коргонуу жана жашыруун туннелдерди талкалоо деп түшүндүргөн Израил 64 жоокерин, үч тургунун жоготту.

Палестинанын адам укуктары борборунун эсебинде, уруштан улам 520 миң киши үй-жайын таштоого аргасыз болгон. Бул Газа секторундагы калктын чейрек бөлүгү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG