Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:12

Дамаск Тремсидеги "кыргынды" танды


Тремсидеги кандуу окуянын курмандыктары, 13-июль, 2012 (Сүрөт видеодон алынган)
Тремсидеги кандуу окуянын курмандыктары, 13-июль, 2012 (Сүрөт видеодон алынган)

Башардын өкмөтү Тремсидеги согушта оор куралдар колдонулганын четке какты. Бейшембиде кыштакта кандуу булоон болгонун БУУнун байкоочулары тастыктады.

Жекшембиде Сириянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жихад Макдиси Дамаск шаарындагы маалымат жыйында Хама провинциясынын Тремси кыштагында өкмөттүк күчтөр абадан сокку уруп, кандуу булоон салган деген айыпты “карандай калп” деп четке какты:

- Өкмөттүк күчтөр учак же тик учактарды, танк же артиллерияны колдонгон жок. Буга чейин айтылган, 1 чарчы метр кыштакка артиллерия чабуул койду дегендин баары калп. Биз бул Коопсуздук кеңешиндеги талкууларга байланыштуу айтылып жатканын билебиз. Болгон окуя - бул армиянын карапайым адамдарга жасаган чабуулу эмес. Болгон окуя - тартипти орнотобуз деген өкмөттүк күчтөр менен саясий чечимге ишенбеген мыйзамсыз куралданган күчтөрдүн кармашы.

Улуттар Уюмунун байкоочулары жекшембиде Тремсиге барып, кандуу окуядан кийинки кырдаалды көрүп кайтышты. Алардын баасында, өкмөттүк күчтөр саясий оппоненттеринин үй-жайын бутага алып аткылаган.

Улуттар Уюмунун Сириядагы миссиясынын маалымат катчысы Саузан Гоше Дамаскта туруп, “12-июль, бейшембиде Тремсиде аскерий операция болгонун тастыктайбыз. Атайын пландалган чабуулдар активисттердин үйлөрү менен куралданган адамдарга багытталган”, деп билдирди.

Сириялык активисттер кыштакта 150дөн ашуун киши өлтүрүлгөнүн, бул 2011-жылы жаңжал башталгандан берки экинчи кандуу булоон деп аташууда.

Тремсиге барган эл аралык байкоочулар канча киши өлгөнүн так айталбаганы менен Башардын өкмөтү берген маалыматка карама-каршы жагдайга күбө болушкан.

Саузан Гошенин айтымында, байкоочулар кыштактагы мектеп, айрым көчөлөр, резиденция тараптагы үйлөр аткыланып, өрттөлгөнүн көрүшкөн:

- Биздин Улуттар Уюмунун байкоочулар тобу үйлөрдө суудай агып токтоп калган, ар кайсы бөлмөдө чачыраган канды, атылган октун калдыктарын көрүшкөн. Ал жерде түрдүү куралдар: артиллерия, минометтон тарта жеңил куралдарга чейин колдонулган.

Тремсидеги кандуу окуядан кийин эл аралык коомчулук Улуттар Уюмунун чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын илгерилетүүгө чакырык салды. Ал эми Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде болсо Кытай менен Орусия президент Башар Асаддын режимине кысымды күчөтүүгө макулдук бербей келет.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун дүйшөмбүдө Кытайга барып, расмий Бээжинди Аннандын тынчтык планын илгерилетүүгө көмөктөшүүгө үндөйт. Андан соң Москвага жетип, шейшембиде президент Путин менен жолугаары күтүлүүдө.

Жекшембидеги Путиндин билдирүүсүндө Сириядагы кризисти чечүүдө Орусия тынчтык планын колдоорун кыйытса, расмий Тегеран сириялык жаатташкан эки тарапты бир үстөлгө отургузуп, сүйлөштүрүүгө дилгирлигин билдирди.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG