Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Илим дүйнөсү: Ит адамдын өмүрүн узартат


Ити бар кишилерде жүрөк оорулары жана депрессия аз болот. Жылуулукту механикалык кыймылга айлантчу магниттик система. Окумуштуулар коңузга үчүнчү көз тагышты. Dream Chaser кемеси Жерге учак сыңары өзү конду.

Ит - кишинин көңүл жубандырар жан досу. Швециянын Уппсала университетинин (Uppsala University) окумуштууларынын изилдөөсүнө караганда, ит өз ээсинин эрте өлүп калуу ыктымалдыгын 36% кыскартат.

Илимпоздор 3.4 миллиондон ашуун жарандын жашоосун талдаган соң, алардын ити барларында, өзгөчө ити бар жалгыз бой адамдарда, жүрөк кан тамыр илдетинен жана башка бардык жүйөлөрдөн улам көз жумуу ыктымалдыгы ити жок жарандарга салыштырмалуу төмөн экенин аныкташкан.

Изилдөөчү Мвенйа Мубанга (Mwenya Mubanga):

“Ити бар жалгыз бой кишилерде көз жумуу ыктымалдыгы ити жок жалгыз бойлууларга салыштырганда 33% төмөн жана жүрөк кан тамыр илдетине кабылуу ыктымалдыгы 11% төмөн”, - деп билдирди.

Изилдөө камтыган 12 жылда ит кармаган жалгыз бойлордун жүрөк кан тамыр оорусунан каза болуу ыктымалдыгы 36% төмөндөсө, үй-бүлөлүлөрдө бул көрсөткүч 15% гана пастаган.

Окумуштуулар жогорудагы изилдөөнүн жыйынтыгына байланыштуу мындайча түшүндүрмө беришти.

“Биз жалпысынан алганда ити бар кишилер физикалык жактан ит кармабагандарга караганда алда канча жигердүү болушканын билебиз. Экинчи жактан, иттин дарылык касиети, ал жаншерик ирети социалдык обочолонуу (изоляция), депрессия, жалгыздык тейдеги кишини психологиялык жактан чүнчүтүп жиберчү факторлорду жеңил көтөртөт”, - деп билдирди профессор Тови Фалл (Tove Fall) айым.

Алдагы факторлор, окумуштуунун айтымында, жүрөк кан тамыр жана башка ушул сыяктуу ооруларынын пайда болуу ыктымалдыгын көбөйтөт. Ал эми ити бар кишилерде стресс абалында нерв борборлору тышкы чөйрөнүн таасиринен тез бошонгон. Ошондой эле бир нерсеге кыжаалат болгондон кийин кан басымы тез нормалдуу абалына келген.

Аңчыга жанжолдош терьер жана ретривер иттери барлардын жүрөгү чың болору же жүрөк кан тамыр оорулары аз кездешери да аныкталган.

2016-жылы Европада жаны жайран болгондордун 45% жүрөк кан тамыр дартынан өлгөн.

Бул изилдөө 2001-жылдан тартып 12 жылды камтыган. Ал үчүн Мвенйа Мубанга башындагы изилдөөчүлөр 40 жаштан 80 жашка чейинки 3,432,153 швециялыктын саламаттыгы, өлүмү жана ити бар же жок экени тууралуу жети булакты, анын ичинде Швециянын саламаттык боюнча улуттук реестрин, Өлүмдү каттаган реестрди, Эгиздердин реестрин жана Швециянын ит өстүрүүчүлөр клубунун реестрин пайдаланышкан.

Швецияда 2001-жылы чыккан мыйзамга ылайык, ар бир иттин күбөлүгү болушу абзел. Күбөлүк кулактагы эн же теринин астына тигилген чип түрүндө болушу шарт.

Жыл башында жарыяланган бир изилдөө иттер балдардын стрессин жеңилдеткенге жардамдашарын, а башка бир изилдөө - ити кожоюнунун жанында жатса, ээси жакшы уктай тургандыгын аныктаган.

Ал эми АКШдагы эки университеттин илимпоздорунун 2002-жылкы изилдөөсү ити бар кишилерде ити жокторго караганда стресс аз болорун көрсөткөн.

Ит - көптөгөн америкалыктардын сүйүктүү жаныбары. АКШдагы үй-бүлөлөрдүн 48% жакыны үйүндө кеминде бир ит кармашат. Ити бар жарандардын көбү итин үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары аздектеп багышат.

(Булагы: https://www.medicalnewstoday.com, http://edition.cnn.com)

Жылуулукту механикалык кыймылга айлантчу магниттик система

Англиянын Эксетер университетинин (University of Exeter) окумуштуулары жаратылыштан жылуулук кубатын алып, механикалык кыймылды жаратчу микроскоптук магниттик системаны жасашты. Кубаттын (энергиянын) бир түрүн экинчи түргө айлантуунун жаңы жолоюн наномашиналарды жана микророботторду иштетүү үчүн колдонуу мүмкүн; ошондой эле бул жолой болочокку муундагы сенсорлорду жана маалымат сактоочу жабдууларды жасоодо революциялык өзгөрүүлөрдү алып келиши ыктымал.

Катарында Эксетер университетинин профессору Жино Хркак (Gino Hrkac) бар эл аралык окумуштуулар тобу жаратылыштагы жылуулук кубатын алууга жөндөмдүү магниттик системаны түзүүдө англисче ratchet (рэтчет), орусча “храповик” деп аталган тиштүү механизмдин иштөө принцибин колдонушту.

Артка кетенчиктеп алып, анан токтоп-токтоп кайра алга айланчу тиштүү аспаптын иштөө усулу калпактуу бурамаларда (ачкычтарда) да колдонулган.

Мындай жылуулук бурамасы “artificial spin ice” (жасалма омуртка музу) деген ат менен белгилүү материалдан жасалган. Ал материал никел менен темирдин Permalloy деген куймасынан жасалган чаңдын кыпынынан кичине болгон наномагнит аспаптардан турат. Анын диаметри кишинин чачынын диаметринен 200 эсе кичинекей.

Илимпоздор аталган системанын магниттик абалдагы эволюциясын элестетүү үчүн рентген нурларын жана дихроиддик магниттик натыйжа (magnetic dichroic effect) деген ат менен белгилүү кубулушту пайдаланышты.

Бул сыяктуу система магнит талаасынын кубатын да кыймылга келтире алат. Бул өз кезегинде айрым бир наномагниттердин магниттик кубатын арттырчу векторду ордунан жылдырат.

Мындай ордунан жылуу шакек мүнөзүндө жүрүп, алга же артка айланат.

“Бул эмнеге айланып жатканын көпкө чейин түшүнгөнгө аракет кылдык. Акыр аягында жылуулук бурамасынын карама-каршы уюлдарында наномагниттердин магниттик талаасында пайда болчу ассиметриялуу кубат потенциалы жараларына көзүбүз жетти. Ушул ассиметрия магниттелчү чөйрөнү эки багыттын биринде айланууга мажбурлайт”, - дейт Жино Ркак.

(Булагы: https://www.exeter.ac.uk, https://www.sciencedaily.com)

Окумуштуулар коңуздарды үчүнчү көздүү кылышты

АКШнын Индиана университетинин Блумингтондогу Өнөр жана Илим коллежинин (Indiana University Bloomington College of Arts and Sciences) окумуштуулары коңуздардын генетикалык кодун ”стандарттык жолдор” менен багыттап (манипуляциялап) жатып, макулукту максаттуу өнүктүрсө болорун шарданалашты.

Атап айтканда, илимпоздор коңузду кадыресе эки көзүндөй эле иштечү үчүнчү көздүү кылышты.

”Организмдин жаңы физикалык өзгөчөлүгүн жаратуу Lego кубиктеринен кайсы бир нерсени курганга окшоп кетет. Ал үчүн макулуктун түпкү генетикасы пайдаланылат. Негизги генетикалык насилдеги эски гендер комбинацияланып отуруп, гендердин жаңы ирети түзүлөт.

Генетикалык “кубиктердин” ошол эле топтомун пайдаланып, макулуктун организмдеринин жаңы нускасын жасаса жана аларды дененин тийиштүү жерине жайгаштырса болот”, - деп түшүндүрдү долбоордун жетекчилеринин бири, профессор Армин Мокзек (Armin Moczek).

Илимпоз макулуктарды генетикалык жолдор менен минтип максаттуу модификациялоону биологдор эми гана чалгындап жатканын баса белгиледи.

Көз - тирүү жандын эң татаал жана аябай так аспабы саналат. Ошон үчүн кадимки көздү генетикалык жол менен жасоо буга чейин кыял жетпес иш болчу. Себеби, буга чейин окумуштуулар коңуздар менен курт-кумурскаларды кошумча үчүнчү көздүү кылышканы менен алар өз милдетин татыктуу аткара алган эмес.

Анын үстүнө “үчүнчү көз” бечаралардын жонунда же канатында пайда болгон эле. Муну кайталабас үчүн Армин Мокзек жана кесиптештери коңуздун денесинин баш жагына жооп берчү orthodenticle (otd) гени менен комбинация жүргүзүшкөндө, макулукта кошумча көз пайда болгон. Коңуздун үчүнчү көзү анын табигый көзүнөн эч нерсеси менен айырмаланбайт жана ошондой эле функцияларды аткарат.

Адистердин айтымында, америкалык аалым-биологдордун береги илимий табылгасынын келечеги чоң. Анткени, бул усулду пайдаланып, жасалма организмдерди жасап, кийин аларды кишиге трансплантация кылса болот.

(Булагы: https://newatlas.com, https://www.rt.com/news)

Dream Chaser космостук кемеси Жерге өзү конду

Американын космостук агенттиги - НАСАнын узактан бери бапестеп жүргөн тилеги ишке ашты: 2017-жылы 11-ноябрда Dream Chaser ("Дрим Чэйсер" - "Кыялдын Изине Түшүүчү") космостук кемеси Калифорнияда тик учактан абага коё берилип, бир нече убакыт учкан соң аэродромго кадыресе учак сыяктуу өз дөңгөлөктөрү менен конду.

Төрт жыл мурда, 2013-жылы 26-октябрда Dream Chaser космостук кемесинин прототибин тикучак 3,8 км бийиктен таштаганда, ал Эдвардс аэродромуна конгону баратканда сол жак шассиси ачылбай калып, олуттуу зыян тарткан.

НАСАнын планына ылайык, эми Dream Chaser космостук кемеси ийгиликтүү сыноодон өткөн соң эл аралык орбиталык бекетке жүк жана киши ташып баруу үчүн пайдаланылат. Ал аэродромго кадимки учак сыяктуу конгондуктан, аны көп жолу орбитага учурса болот.

Бул, өз кезегинде, орбитадагы илимий изилдөөлөрдүн натыйжасын Жерге аман-эсен алып келгенге мүмкүндүк түзөт жана чыгымдарды азайтат.

Маалымдалгандай, аба ырайынын катаал шартында Dream Chaser космостук кемеси дүйнөнүн чар тарабындагы чоң аба майдандарына коно берет. Sierra Nevada компаниясынын маалымдашынча, Dream Chaser кемеси космоско учууга 2019-жылы даяр болот.

Business Insider басылмасынын билдиришинче, бул космостук кеменин узундугу - 9 метр жана канаттарынын кулачы - 7 метр. Ал орбитага 5,5 тонна жүк ташып жеткире алат.

(Булагы: https://www.nasaspaceflight.com, https://www.space.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG