Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:18

Лондон: айдоочусуз автобустар сыноодон өттү


Британияда француз компаниясы айдоочусу жок компьютерлештирилген кичи-автобус иштеп чыкканы кабарланууда. Андан сырткары үй курууда “кара дубал” ыкмасы ийгиликтүү колдонулуп жатса, Детройт шаарында 3 мерчемдүү принтерден биринчи унаа жасалып чыкканы белгилүү болду.

3D принтерлер унаа жасай баштады

Келечекте адамдын органдарына чейин жасап чыгарат делген 3 мерчемдүү принтерлер эми унаа жасап чыгарганга жетишти. “Страти” деп аталган эки орундуу унаа 3 D принтерден чыгарылган алгачкы унаа болуп эсептелет. Бул автомобиль АКШдагы Детройт шаарындагы техникалык көргөзмөдө көптөгөн адамдардын көз алдында жасалып чыгарылганы белгилүү болду.

“Стартини" биринчи жолу жасаганга 44 саат убакыт коротулганы менен идеянын авторлору бул убакытты 10-12 саатка чейин кыскартууну көздөөдө. Бул машине саатына 40 км. чейин жүрө алат жана ал карбон фибр пластиктен жасалып, салмагы 800 кг. түзөт.

Бул идеяны ишке ашыргандардын айтымында, “Стартини" кадимки унаалардай колдонсо, ал 10-15 жылга чейин кызмат кылат жана анын бөлүктөрүн кайра иштетип колдонсо болот.

Айдоочусуз кичи автобус

Лондон шаарында жакынкы жылдары Гейтуэй (GATEway) коомдук транспортту жакшыртуу долбоорунун негизинде айдоочусуз шаттлдар же кичи автобустар элди ташый баштайт.

“Меридиан” деген кичинекей транспорттун прототиби жакында сыноодон ийгиликтүү өткөн. Бул шаттлдар айдоочусу жок болгондуктан компьютердик программа менен башкарылат жана жай ылдамдык менен жүрөт. Андыктан бул кичи бустар көбүнчө аэропорт же ири шоппинг борборлордун ичи сыяктуу кыска аралыктарга жүргүнчүлөрдү ташып турары айтылууда.

Бул электр батарея менен жүргөн “Меридиан” француз “Навиа” компаниясы тарабынан жасалмакчы. Транспорттун ичиндеги сенсордук экран аркылуу жүргүнчүлөр керектүү аралыкка бара алат жана кичи автобуска орнотулган сканер 200 метрге чейинки айланасын өткөрүп, текшерип турганга жөндөмдүү.

“Меридиан” эки жылдай текшерилген соң гана колдонууга берилмекчи жана бул дүйнөдө биринчи айдоочусу жок коомдук транспорт болмокчу.

Кара дубал менен үйдү жылытса болобу?

Үйдүн же кайсы бир эмеректин ичин жылытуу үчүн энергияны аз сарптаган инновациялык жолдор көбөйүүдө. Ошолордун бири – “кара дубал” ыкмасы. Бул метод менен эч кандай кошумча энергия булагын колдонбой эле, үйдүн ичин кышында жылытып жайында салкындатып турса болот. Бул жолду швециялык Андрес Нукуис “Гринзон” деген долбоордун алкагында иштеп чыккан.

“Кара дубалдын” принциби боюнча үй курганда анын түштүк жакты караган бети кара түстөгү быдырлары бар дубал болуусу шарт. Андан сырткары ал быдыр дубалдын сыртында айнек сыяктуу ачык материл жана дубал менен ал материалдын ортосунда боштук болууга тийиш.

Ал бош жерге сол жактан атайын жасалган ачык жер аркылуу муздак аба кирет жана ал сырттан тийген жарык аркылуу жылыйт. Анан ал жылуу шамал дубалдын будур жылчыктарынан өйдө көтөрүлүп баратканда кошумча филтирленип абанын жылуу бөлүгү гана үйдүн ичине кирип бөлмөлөрдү жылуулук менен камсыз кылат.

Мындай кара дубал биринчи жолу 1995 жылы эле “Форд” компаниясынын Швециядагы филиалынын биринде курулган жана бүгүнкү күнгө чейин эмеректин ичин жылытып келет.

Андан сырткары инновацияга жакын “Тойота” фирмасы да “кара дубалга” кызыгып жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG