Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:44

Ирандын жаңы президенти ант берди


Ирандын жаңы президенти Хасан Рухани парламенттин алдында ант берди. 4-августта Тегеранда Руханинин инаугурациясы 50дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрүнүн, парламент мүчөлөрүнүн жана жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда өттү.

"Мен ыйык Курандын жана иран элинин, кудуреттүү Кудайдын алдында өлкөнүн расмий дининин жана Баш мыйзамынын кепилдиги болом деп ант берем".

Инаугурацияга Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавьер Солана, Ооганстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Пакистандын президенттери, Түндүк Кореянын өкүлү Ким Йонг Нам жана башка коноктор катышты.

Роуханинин инагурациясына келген коноктор
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

64 жаштагы Хасан Рухани июнь айындагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Шайлоо алдында ал Ирандын дүйнөлүк державалар менен мамилесин калыбына келтирүүгө, эл аралык санкциялардын натыйжасында алсырап бараткан улуттук экономиканы көтөрүүгө аракеттенерин билдирген. Ал Махмуд Ахмадинежаддын ордуна келди.

Ишембиде Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаменеи Хасан Руханини президенттикке бекиткен. Жешемби күнү такка отуруу аземи учурунда Хасан Рухани өз кабинетиндеги жаңы дайындоолорду жарыялады.

Аятолла Али Хаменеи Хасан Роуханини президент кылып бекитти. 03.08.2013
Аятолла Али Хаменеи Хасан Роуханини президент кылып бекитти. 03.08.2013

​Ирандын Бириккен улуттар уюмундагы мурдагы элчиси Мухаммад Жавад Зарифти тышкы иштер министрине сунуштады. Мурдагы мунай министри Бижан Занганехти кайрадан министрлик орунга чакырды.

Ал эми аппарат башчылыгына 58 жаштагы Мухамед Нахавадианды дайындады. Нахавадиан АКШнын Жорж Вашингтон университетин бүтүрүп, докторлугун жактаган. Ал 2010-жылдан бери Ирандын Соода, өнөр жай жана шахта палатасын жетектеп келген.

Президент көрсөткөн талапкерлерди эми парламент бекитиши зарыл. Парламенттин спикери Али Ларижани депутаттар талапкерлерди келерки жума караарын билдирди.

Министр болчулардын арасында бир да аял жок. Ошентсе да Рухани аялдарга укук берүүгө анын өкмөтү өзгөчө көңүл бураарын айтып келет.

​Мурда Ирандын өзөктүк программалар боюнча сүйлөшүүлөрүн жетектеп жүргөн Рухани ант берүү учурунда бул талаштуу темага кайрылган жок. Бирок ал өзөктүк долбоорлор үчүн Иранга жарыяланган санкциялары тууралуу айтты. Рухани Иран менен мамиле курууда диалог жалгыз жол экендигин баса белгиледи.

- Мен оюмду так айтып жатам. Иран менен санкциялардын тилинде эмес, урматтоонун тилинде сүйлөшкүлө.

Ал арада АКШ Руханинин инаугурациясы “өлкөгө эл аралык коомчулуктун Ирандын өзөктүк программасы тууралуу кооптонууларын тез арада жоюуга мүмкүнчүлүк ачат” деп билдирди.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG