Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Илон Маск адамга жасалма акыл кошот


Илон Маск
Илон Маск

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (15-22-июль)

"Financial Times" гезити Илон Масктын Сан-Францискодогу жасалма интеллект - мээге салына турган "нейролинк" аттуу жаңы техникалык жетишкендигин талдады.

Адамдын мээсине коюла турган бул чиптерди ойлоп табууга Маск 100 миллион доллардык инвестиция салып, бир нече өлкөнүн окумуштуулары анын үстүнөн иштеген.

Нью-Йорктогу "CTRL-Labs" компаниясынын жетекчиси Томас Рердон бул чиптер неврологиялык бейтаптар үчүн чоң табылга деген пикирин айтты. Азырынча жасалма акыл чиптери келемиштердин мээсине орнотулуп, тажрыйба жасалды. Сан-Францискодогу илимий жыйында Илон Маск эми бул чиптер маймылдарга орнотула турганын айтты.

Мээге орнотулчу импланттар омурткасы сынып, шал болуп калгандарга, сүйлөө, басуу жөндөмүнөн ажырагандарга чоң жардам бере алат. Имплант бейтаптын оюн окуп, телефон, смартфондогу атайын программага чыгарат.

Буга чейин АКШнын Коргонуу долбоорлору боюнча башкы агенттиги нейротехнологиялык импланттарды аскерий максатта пайдаланууга кызыгып келген. Ал эми Кытайда окумуштуулар маңзатка көз каранды адамдарга жасалма интеллекти бар имплант тагып, бейтаптарды көзөмөлгө алууну ишке ашырган.

Борбор Азиянын суу мүшкүлү

Эл аралык эксперттердин илимий макаласын топтогон "Observer Research Foundation" уюмунун веб сайты Борбор Азиядагы суу көйгөйү улам күчөп, чөлкөмдү чөгөлөтө турган деңгээлге баратканын жазды. Автор Анубхав Агарвол бул проблеманы Шанхай кызматташтык уюму чечпесе аймакта коопсуздук, эл аралык жаңжалга чейин барышы мүмкүн деген ойдо.

Соолуп калган Арал деңизи
Соолуп калган Арал деңизи

"Акыркы жыйырма жылдын ичинде чөлкөмдөгү киши башына суунун запасы Казакстанда 14,4%, Кыргызстанда 22,1%, Тажикстанда 33,4%, Түркмөнстанда 24,3%, Өзбекстанда 25,7% кыскарды.

Саясий, экономикалык, коопсуздук жаатында кызматташабыз дегени менен аймактагы өлкөлөр суу ресурстарын колдонууда бир пикирге келе элек. Соолуган Арал көлү экологиялык орду толгус жоготууга жеткирсе, биотүрдүүлүктүн жоголуусу, климаттын өзгөрүүсүн козгоду.

1991-жылга чейин Борбор Азия өлкөлөрүн Советтер Союзу башкарып келген. Ал маалда дүйнөдө таза сууга бай мамлекеттердин алдыңкы сабында Тажикстан менен Кыргызстан турчу. Аймактагы суу ресурстарын башкаруу саясаты 1992-жылдан тарта башаламан нукка бурулду. Бир катар саясий уюмдар, бирикмелер түзүлгөнү менен алардын дээрлик бардыгы суу проблемасынан кыйгап өтүп жатат. Бирок туруктуу өнүгүү үчүн климаттын өзгөрүүсүн, суу запастарынын азайышын талдап, анын алдын алып жана проблемаларды чече билген кубаттуу уюм азырынча жок. Бул милдетти Шанхай кызматташтык уюму гана көтөрө алат", - деп жазат илимпоз.

Аскаровдун иши бийликке сыноо

"The Diplomat" басылмасы Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу макала чыгарды. "2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум 30-июлда болот. Аскаров эң катаал жазага тартылган соң Бишкек бир катар эл аралык, дипломатиялык талаш-тартыштын очогу болуп келет.

Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

2016-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун укугу тебеленип жатканын жарыялап чыкса, 2015-жылы Бишкек менен Вашингтондун ортосунда дипломатиялык түшүнбөстүк жаралган.

Ушул айдын башында эл аралык сегиз укук коргоочу уюм Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлү Федерика Могериниден Бишкектеги сапары тушунда Аскаровдун ишин кайра кароо тууралуу кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүнү сунуш кылышкан.

Укук коргоочунун иши үстүбүздөгү жылдын башында күчүнө кирген жаңы Жаза кодекстеринин негизинде кайра каралууда. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев бийликте турганда бул соттук иштин айынан эл аралык деңгээлде бир топ сынга кабылган. Сооронбай Жээнбековдун бийлиги эгер Аскаровду бошотсо эл аралык коомчулуктун алкышына татыганы менен өз элине бул иш-аракети жакпашы мүмкүн", - деп жазат басылма.

Мигранттар мекенине акчадан баалуу өнүгүү алып келет

Өз мекениндеги зомбулук, согуш, жакырчылыктан качып, чет жакта жүргөндөр азыр болжол менен 258 миллион адамга жетти. Бул дүйнө калкынын 3,4% барабар. Чет өлкөдө жүрүп, өз мекенине кайткан мигранттардын өнүгүүгө салымы чоң болорун социологдор аныкташкан.

Бул багыттагы макала "The Conversation" журналында жарык көрдү. "1970-жылдан бери көчүп, конуп жүргөндөр 3,7 миллиард адам болду. Мигранттардын көбү барган жагын байырлап, жаңы коомго бат эле сиңип кетишет. Бирок 1990-жылдан 2015-жылга чейин чет жакта жүргөн мигранттардын көбү кайра мекенине кайта башташкан. Алар өздөрү менен кошо акча, билим, иш тажрыйбасын ала барып, айрымдары мекенин өнүктүрүүдө. Социалдык изилдөө көрсөткөндөй, чет жакты көргөн адам менен өмүр бою бир жерден чыкпаган кишинин дүйнө таанымында, билиминде өтө чоң айырма бар.

Маселен Малинин атуулдары Батыш Европа менен Түндүк Америкага көп кетишет. Алар бир топ жылдан кийин кайтып барышып, азыр Малиде демократиялык системаны түзө алышты, саясий бийликти өзгөртүштү. Бирок терс натыйжа берген да миграция агымы бар. Маселен Жакынкы Чыгышка иштегени барган филиппиндиктер мекениндеги демократиялык баалуулуктарды жактыра беришпейт. Көбүнчө англис тилдүү өлкөлөргө чыккан эмгек көчмөндөрү өзүн адис катары өнүктүрө алышат", - деген автор Никарагуа, Мексикадан АКШга барып, маянасы жакшы жумушта иштеп, тажрыйба топтогон бир катар мигранттардын жашоосуна кайрылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG