Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:24

Модадан түшпөгөн Ислам Каримов


Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүнара Каримованын уулунун аты-жөнү да Ислам Каримов.
Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүнара Каримованын уулунун аты-жөнү да Ислам Каримов.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (30-январь-5-февраль).

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов былтыр көз жумганына карабай, анын ысымын жарык дүйнөгө келген балдарга ыйгаруу модасы дале кала элек. Бул тууралуу EurasiaNet онлайн басылмасы жазат. 30-январда маркум Каримов 79 жашка толмок. Анын атын өчүрбөй алып жүргөн өзбекстандык балдардын так саны белгисиз, бирок алар өлкөдө абдан эле көп. Маселен, Анжиянда жубайлар үч эм уулдарына жакында эле Исломжон, Каримжон жана Абдугани деген ат коюшту. Аймактын жетекчиси Шухрат Абдурахманов үч эмдин үйүнө белек-бечкек, сүйүнчү пулун алып барып берген. Каримовдун атын балдарга ыйгаруу ал тирүү кезинде деле өтө кеңири жайылган көрүнүш эле. Ал тургай кичинекей Ислам, Карим, Абдуганылардын так саны белгисиз деген да тамаша кептер да айтылып жүрөт. Ата-энелер айрыкча үч же төрт эм балдарына маркум президенттин ата-бабасынын ысымынан бери ыйгарып, жергиликтүү же борбордук бийликтин назарына түшүп, сүйүнчү пул алууну да көздөшөрүн кошумчалайт басылма. Өзбекстандын айрым атуулдары Рональдо, Месси, Марадона, Брюс Ли, Эсмеральда деген сыяктуу кино, спорт жылдыздарынын аттарын да балдарына коюп келишет. Анткен менен жарык дүйнөгө келген балага бул өлкөдө эки минималдык маянага барабар - 45 доллардын тегерегинда бир ирет сүйүнчү берилет. Абдан жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына болсо 16 жашка толгуча жөлөк пул төлөнөт. Мамлекет балдардын төрөлүшүн азайтуу саясатын аркалап, ал тургай айыл жерлеринде аялдардын жатынын бууп салуу да практикаланганын айрым догдурлар 2012-жылы Би-Би-Сиге айтып беришкени маалымдалган деп жазат EurasiaNet.

Эркектердин косметикага талабы артууда

Financial Times эркектердин сулуулук каражаттарын соодалоодо айланган акча 50 миллиард долларга жеткенин жазган. L’Oréal сыяктуу ири маркалар эми жигиттердин арасынан да моделдерди тандап, аларга чоң суммадагы келишимдерди сунуштоодо. 2016-жылы эркектердин бет майы, ооз бойогуч, денедеги чачты түшүрүүчү заттар, ар кандай шампундардын баары биригип миллиарддаган долларга сатылган. Мисалы, Procter & Gamble компаниясы устара жана сакал алгандан кийинки кремдер, көбүктөр, самындары менен кошо 11 миллиард долларды эркектердин косметикасынан тапса, Axe жана Lynx бренддери 2015-жылы 5 миллиард доллардык кирешеге марыганын Euromonitor билдирген. Жалпысынан дүйнөдөгү эркектер жылына сулуулук каражаттарына 6,50 доллар коротсо, аялдар 58,50 доллар сарпташат. Анткен менен Европага салыштырмалуу жакыр өлкөлөрдө эркектердин сулуулук каражаттарына болгон талап өтө аз. Косметиканы атайын барып сатып алгандар көбүнесе өнүккөн өлкөлөрдүн жигиттери. Ал эми үй-бүлөлүү эркектер аялдарга караганда сулуулук каражаттарын сатып алууга ынтызар деле эмес дешет аналитиктер.

АКШ: мусулмандарга виза берүүдөгү чектөөнүн акчалай зыяны

АКШ президенти Дональд Трамптын иммиграциялык буйрукка кол коюсу миңдеген адамдарды нааразы кылып эле тынбай, Кошмо Штаттардын экономикасына олуттуу зыян алып келерин баяндайт Newsweek журналы. Талдоочу Роберт Кан: “Былтыр октябрь айында кесиптештерим Тед Элден, Хайди Кребо-Ридайкер менен чогуу мусулмандардын өлкөгө кирүүсүнө ыктымал тыюу салуунун экономикага тийгизчү таасирин изилдеген макала чыгарганбыз”, - деп, 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин саякаттоону чектеген мыйзам менен азыркы акыбалды салыштырган. Эгерде азыр Трамп кол койгон буйрук күчүндө калса, анда анын натыйжасы жети өлкө менен гана чектелбей, кеңири масштабдуу натыйжасын көрөбүз. Ал туристтик каттамдарга, америкалык далай компаниялардын башка өлкөлөрдөгү ишмердигине, керектүү буюмдарды ташып келүүсүнө терс таасир этет. Ошондо болжол менен 50 миңден 132 миңге чейин жумуш орду кыскарып, экономика 31 миллиард доллардан 66 миллиардга чейин зыян тартат. Жалаң гана ислам өлкөлөрүнөн келчүлөрдү тыйгандан туризм тармагы 14 миллиарддан 30 миллиард долларга чейин чыгымга учурайт. Туризм менен жан баккан Невада, Флорида, Калифорния, Нью-Йорк жана Гаваи штаттары баарынан көп чыгаша туш болот. Билим берүүдө болсо 15 пайыздык чыгашага, же 4,6 миллиард доллардык кирешеден АКШ кол жууйт деген пикирде Newsweek журналынын серепчиси.

80 бүркүт үчүн атайын учак

Telegraph гезити Сауд Арабиясынын ханзаадасынын 80 бүркүтү үчүн учактан атайын билеттер сатылып алынганын жазып, бул кабар Батыш басма сөзүндө жана социалдык тармактарда талкууланды. Айрымдар “Ханзаадага бүркүттөр өздөрү деле уча алат”, - деп эскертиш керек деген пикирлерин калтырышкан. Бүркүт салып, ууга чыгуу Жакынкы Чыгыштын ак сөөктөрүнүн аздектеген оюну. Бирок 80 бүркүттүн ар бирине бирден учак орду берилип, кайсы өлкөгө учуп бара жатканы айтылган эмес. Буга чейин "Катар аба жолдору", Эмираттардын айрым компаниялары бүркүттөрдү учакта ташууга уруксат беришкен. Кабинада алардын саны алтыдан ашпасын деген шарт коюлчу. Германиянын Lufthansa компаниясы да бүркүттөрдү 2014-жылдан тарта учакка ала баштаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG