Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Пан Ги Мундун ордуна аял жетекчи келеби?


Литванын президенти Даля Грибаускайте БУУнун 70 жылдык ассамблеясында. 29-сентябрь, 2015-жыл
Литванын президенти Даля Грибаускайте БУУнун 70 жылдык ассамблеясында. 29-сентябрь, 2015-жыл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-10-январь).

2016-жылдын соңунда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун мөөнөтү аяктаганы турат. Италиянын Corriere della Sera гезити Пан Ги Мундун ордун аял киши басышы ыктымал экенин жазды. 193 өлкөдөн бул кызматка талапкерлер өз ысымдарын жиберишти. Алардын 30-40тайы аялдар. Бирок, кызыгы, шайлоого белсенген Литванын алгачкы аял президенти Даля Грибаускайте Владимир Путинден айбыгып, талапкерлигин алып салды. Бейрасмий маалыматтарда ал мындай чечимге Орусиянын президенти сөзсүз түрдө ага каршы добуш берет деген кооптонуудан улам барганы айтылууда. Бирок Грибаускайтенин тизмеден чыгышы башка аялдарга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Маселен, Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини жана Эл аралык валюта корунун директору Кристин Лагард сыяктуу аял саясатчылар 70 жылдык тарыхка ээ Улуттар Уюмунун алгачкы аял жетекчиси болуп калышы толук ыктымал экенин Corriere della Sera басылмасы белгиледи.

Эгер Андропов тирүү болсо...

Foreign Policy аналитикалык журналы Советтер Союзунун лидери Юрий Андропов менен Владимир Путиндин бейнесин салыштырган аналитикалык макаланы жарыялады. Макалада Путин канчалык Андроповду кумир тутса да экономика, тышкы саясат жана коррупция менен күрөшүүдө андан ат чабым артта калып жатканы айтылат. “Жаңы жылдын алдында үч сааттык басма сөз жыйынында баягы жалындаган, дүйнөнү алдын-үстүн кылып, глобалдык саясатты өзү каалагандай калчачудай чабынган Путин жок, жөн гана мыкты жетекчинин тонун кийип алгандай түр көрсөттү. Орус экономикасы кыйынчылыктан кыйгап өттү десе да бул сөзүнүн анык далили жоктой. Балким ага өзү сыйлаган Юрий Андроповдон сабак алуу мезгили келип жетти. Бул эки лидердин кандай окшоштуктары бар?

Андропов да Путин сыяктуу КГБнын мектебинен чыккан. Бирок анын тышкы саясаттагы орду Венгрияга элчи болуп турганда өзгөчө мааниге ээ болуп, кийин Совет бийлигине келгенде коррупция менен күрөшүү деген ураандын алдында диссиденттерди каматкан, аларды психикалык оорулуу деп жабык жайларга кармаган катуу режими менен атагы чыккан. 1970-жылдары СССРдин экономикасы кыйшайып баратканын сезип, канчалык Ленинчил коммунист болгонуна карабай, Батыш менен ымаласын оңдомоюнча өлкөнү кыйынчылыктан чыгара албастыгын түшүнөт. Натыйжада кансыз согушту токтотуунун алгачкы кадамы катары Ооганстандан совет аскерлерин чыгарды. Балким Путин тушуккан азыркы оор кырдаалга Андропов кабылса, башкача чечимдерди кабыл алмак. Эмнеси болсо да Путиндин Орусиясы Андроповдун Советтер Союзунан кескин айырмаланат. Путин өз кумиринин басып өткөн жолунан сабак алса, өлкөсү кабылган көйгөйлөр азайышы мүмкүн эле” - деп жазат Foreign Policy.

Түркия бийлиги кумар оюндарына катуу сокку баштады

Түркияда чыккан Zaman Today гезити бийлик алгач ирет кумарканаларды жаап, кумар оюндарына азгырылган атуулдарды көзөмөлгө ала баштаганын жазып чыкты. Айрыкча Түркияда кеңири жайылган “Спор тото” оюндарын ойноого 18 жашка чейинкилерге тыюу салынганы менен, ага өспүрүмдөрдөн бери көз каранды болуп калганын психиатрлар белгилешүүдө. Эми бир жылдык кирешеси тогуз миллиард лира болгон бул компания жабылуу алдында турат.

Стамбулда кумар оюндарын ойноткон беш жашыруун даректе полиция тинтүү жүргүзүп, 436 киши камакка алынды. Ушул эле шаардын Шишли аттуу районундагы сегиз жабык жайга жасалган рейд учурунда аял-эркек болуп, баш-аягы 250 киши камалган. Zaman Today гезити кумар оюндарына каршы мындай масштабдуу иш-чаралар алгач ирет болуп жатканына басым жасаган.

Дүйнөдөгү алгачкы “Бакыт” музейи ачылат

Лондондо дүйнөдөгү алгачкы “Бакыт” музейи 16-январда ачылат. Бул тууралуу Evening Standard гезити кабарлады. Музей кызматкерлери келгендерге йога, ар түрдүү психологиялык эс алдыруучу көнүгүүлөрдү жасатып, акысыз кучакташып турушат. Ар түркүн жасалгаланган бул жайдагы чатырлардын өз аталыштары бар. Бири “Бактылуулук илими”, же “Мээримдүүлүк” болсо, дагы бири “Капилет жолуккан бакыт” деп аталат. Анда боёнуу тууралуу китептер бар жана топ бассейндери да курулган. Уюштуруучулардын негизги максаты - лондондуктар менен шаардын меймандарына кыска убакытка болсо да бакубат сезим тартуулоо экенин жазат Evening Standard.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG