Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Foreign Policy: Путиндин “итпломатиясы”


Орус президенти Владимир Путин жана Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов. 2010-жыл
Орус президенти Владимир Путин жана Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов. 2010-жыл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (7-13-декабрь).

Кремлде өткөн салтанаттуу аземде Орусиянын ички иштер министринин орун басары Игорь Зубов Франциянын Москвадагы элчисине “Добрыния” аттуу сакчы күчүк белек кылды. Белектин жөнүн орус бийлиги Парижде 18-ноябрда террорчуларга каршы рейдде өлгөн жети жашар "Дизель" аттуу тартип сакчы иттин ордун толуктоо үчүн жасалган кадам катары түшүндүрдү.

Foreign Policy журналы ушул окуядан улам Кремлдин итке байланышкан “саясатына” сереп салган. “Орус бийлиги Францияга ит белекке берип, аны колдогонун далилдегиси келет. Бирок Путин өз дымагын илбирс менен сүрөткө түшүп же танкадан чыга калып түшкөн сүрөттөрү аркылуу көрсөтүүдө. Өнөктөштөрүнө ит берүү менен Путин ошол өлкөнү колдоорун же ага үстөмдүк кыларын белгилегиси келет. Маселен, 2007-жылы Германиянын канцлери Ангела Меркелди ит тиштеп алган. Немис канцлери ошол окуядан кийин иттерден жаа бою качып калган. Муну билип турса да кийин Меркелди Москвада кабыл алып жатканда Путин "Кони" аттуу дөбөтүн бөлмөгө киргизип жиберген. Германия канцлери бул окуя тууралуу: “Бул кылыгынын түпкү маанисин түшүндүм. Эркек экенин көрсөткүсү келгени менен алсыздыгын айгинелеп койду. Орусиянын эч нерсеси жок, саясаты, экономикасы өтө алсыз. Болгону дымагы гана бар”, - деген журналисттерге. 2010-жылы Болгария менен газ кууру боюнча келишимге кол койгондон кийин бул өлкөнүн өкмөт башчысына да Путин Бельгия тукумундагы кымбат баалуу ит белек кылган. “Итпломатиялык” тартууну Путин жеке эле дүйнө лидерлерине жасабайт, ал быйыл жыл башында Кыргызстандагы кичинекей кызга да белекке ит жөнөткөн”, - деп жазат Foreign Policy.

Тажикстанда түрк мектептер азаюуда

Тажикстанда түркиялык ишкерлер ачкан мектептер акыркы күндөрү азайып, өлкөдө жалпы билим берүүнүн деңгээли ылдыйлап бара жатат деп жазат Eurasianet басылмасы. 1990-жылдары Тажикстан атуулдук согуштан жапа чегип турганда түркиялык филантроп Кемал Эримез лицейлерди ачып, төмөндөп кеткен тажик билим берүү тармагын көтөрмөлөгөн. Түрк жана англис тилинде окуткан “Шалола” аттуу бирикмеге таандык мектептер кийин өлкөдөгү эң мыкты окуу жайларга айланып, анда окугандар эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларда көп ийгиликтерди жараткан. Фетхуллах Гүлендин жакын досу делген Кенан Эримез 1997-жылы каза тапкан. 2013-жылы Гүлен менен Режеп Тайып Эрдогандын тирешүүсүнүн эпкини дал ушул тажик билим берүүсүнө түркүк болуп турган мектептерге тийди. Бийлик түрк мектептердин лицензиясын тартып алды. Тажик ата-энелери бул окуялардан кийин таланттуу балдар мурдагыдай эл аралык олимпиадаларга катыша албай калышканын айтып даттанышууда. Бирок бийлик мектептердин бардыгын мындан ары мамлекет карайт деген гана жоопту айтып, түркиялык билим берүү стандарттарын толугу менен жоюп салганын Eurasianet баяндайт.

Кытайлык миллиарддер дайынсыз болууда

Кытайдагы эң ири менчик Fosun Group аттуу компаниянын ээси, өлкөдөгү эң бай адамдардын бири саналган Гуо Гуанчанг 10-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканын Caixin Newsletter гезити жазды. Гуону акыркы ирет Шанхайдан көрүшкөн. 48 жаштагы Гуонун бир нече корпорациянын башын бириктирген ишмердигинен түшкөн жылдык кирешеси 6,9 миллиард доллар катары бааланган. Бирок 2013-жылдан бери бийлик ага карата иликтөө ишин ачып, 18 жылга түрмөгө кесилип кетиши ыктымал деп жатышкан. Ишкерди эми Шанхай полициясы издөөдө.

Ким Чен Ындын ырчы кыздары

Түндүк Кореянын лидеринин өзүнө гана таандык кыздардан турган эстрадалык тобу Кытайга алты күндүк турнеге чыкты деп кабарлайт Business Insider журналы. "Моранбонг" аттуу музыкант кыздардын тобу Түндүк Кореяда заманбап үгүт машинесинин милдетин аткарып жатат. Ал 2012-жылы Ким Чен Ындын атайын тапшырмасы менен түзүлгөн. Кыздар ырларында өлкө лидеринин сулуулугун, айкөлдүгүн даңазалап, алар ырдап жатканда арткы чоң экрандан Ким Чен Ындын сүрөттөрү, ошондой эле ракета баштаган куралдуу күчтөрүнүн видеолору чыгып турат деп жазат Business Insider.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG