Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Алиев менен Цукербергдин марттыгы


Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев. 3-декабрь. Баку
Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев. 3-декабрь. Баку

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (30-ноябрь- 6-декабрь)

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглуну Бакуда жылуу тосуп алып, Орусиянын опузаларынан кийин Азербайжан Түркияга бир туугандык кучагын ачты деп жазат Eurasianet басылмасы.

Илхам Алиевдин мамилесине жүзү тамылжыган Давутоглу боордош өлкөлөр энергетика жаатында жаңы долбоорлорду ишке ашырарын жар салып ийди. Бирок Алиев Советтер Союзунан бери Азербайжанды ары-бери калчап турган Москва менен мындан аркы ымала тууралуу ооз ачпады. Баку менен Кремлдин мамилеси буга чейин жакшы болуп келген. Эми Давутоглуну “кучактагандан” кийин кандай болоору белгисиз. Анын үстүнө Алиев Азербайжан "боордошуна" газ берерин, Орусия артын салгандан кийин тарткан чыгымын жабыш үчүн Түркияга 20 миллиард доллар инвестиция саларын жарыялап жиберди. Бакунун бул саясатына Кремл эмне дээри азырынча белгисиз деп жазат Eurasianet.

Цукербергдин марттыгы дүйнөнү таң калтырды

Market Watch онлайн басылмасы жаш көз жарган энелердин ортосундагы айырмачылыкты табууга аракет кылган. АКШда бир эле учурда төрөгөн атактуу жылдыз Ким Кардашян менен Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин келинчеги Прицилла Чандын өзгөчөлүктөрүн аталган басылма талдап, Кардашян күйөөсүнөн бала төрөп бергени үчүн бир миллион долларлык бриллиант шуру талап кылса, Прицилла 45 миллиард долларлык байлыгынын 99 процентин кайрымдуулукка жумшамай болду деп жазган. Көз жарганы үчүн күйөөсүнөн белек алуу салты АКШда барган сайын улам басаңдап баратат. Энелердин төрөт жашы илгерилеген сайын аң сезим да өзгөрүүдө. Азыр төрөгөнү үчүн белек алууну эмес, энелердин көбү баласынын дени сак болуусун көздөйт. Балким кесиби педиатр Прицилла да ушундай көз караштадыр деп жазат Market Watch.

Ал эми The Guardian гезитинин аналитиги Габи Хинслиф Цукерберг менен жубайынын бул чечими күтүүсүз болгонун, дүйнөнү “жакшыртууга” багытталган мындай кайрымдуулук демилгесинин артында элге ошол 45 миллиард долларды чачуу эмес, жашоону жеңилдете турган шарттарды түзүп, технологияны өнүктүрүү турганын жазат. Силикон өрөөнүндө дүйнөгө жаңы технология менен идеяларды сатып байыган миллиардерлер арасында кайрымдуулукту адатка айланткан жеке эле Прицилла менен Марк эмес. Маселен, Google компаниясы да кирешесинин бир топ бөлүгүн аутизмдин генин изилдөөгө жумшаса, Майкрософттун ээси Билл Гейтс да жубайы Мелинда менен 34 миллиард долларды адамзаттын өнүгүүсүнө салганын мисал келтирген Хинслиф инновация жаатында жаңы ачылыштарга шарт түзгөндөр адамзаттын келечегине ошончолук кайыр-садака жумшап жатат деп белгилейт.

Адамзат аба ырайын башкарат

2025-жылдан тарта адамзат аба ырайын башкарып, климаттын өзгөрүүсүн жөнгө саларын Newsweek журналы жазат. IBM компаниясынын аба ырайы боюнча илимпозу Лойд Трейниш эки жарым миллиард долларлык 147 миң микрометеорологиялык станцияларды сатып алып, аларды көзөмөлдөөчү чоң борбор куруларын кабарлады. Азыркы таптагы аба ырайын болжолдоо мындан беш жыл мурдагыга салыштырмалуу так болууда. Дал ушул так прогноздоону өнүктүрүп, абага бөлүнүп чыкчу вулкан чаңдарынын жардамы менен аба ырайынын глобалдык ысуусун токтотсо болот дешет окумуштуулар. 2008-жылы Кытай жасалма булуттардын жардамы менен Олимпиада учурунда аба ырайын көзөмөлдөп турган. Дал ушундай көзөмөлдүн көмөгү менен адамзат аба ырайын башкаруу мүмкүнчүлүгүн алат. Азыркы тапта Кытайда аба ырайын өзгөртүүчү Бээжин кеңсеси 37 миң адамдан турган илимпоздорду иштетүүдө. Жасалма булуттарды көбөйтүп, жердин температурасын ылдыйлатса болорун Гарварддын Девид Кейс да The New Yorker журналына жазганы бар.

Алматы дүйнөдөгү эң начар беш шаардын катарына кирди

ORC Worldwide аттуу компаниянын изилдөөсү боюнча Алматы калаасы дүйнөдөгү эң начар беш шаардын катарына кирди деп жазат Bloomberg. Айлана чөйрөнүн булгануусу, оорулар, кылмыштуулук жана тамак-аш менен тейлөө кызматы иликтенип, бешиликке Нигериянын Лагос шаары, Жакарта, Эр-Рияд, Алматы жана Мумбай киргизилген. Алматы антисанитария, климаттык катаал шарттары, төмөн деңгээлдеги инфраструктурасы жана эс алуучу жайларынын жетишсиз болгондугуна байланыштуу начар шаарлар тизмесинин башкы сабынан орун алган. Начар калаалар тизмесинде көбүнесе Кытайдын шаарлары басымдуулук кылат. Киев да бул катардан орун алган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG